Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

"Жарандык алгандар Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрүшү керек". Түпөйүл кылган электрондук чакыруу


Мобилизациядан качкан орусиялыктар. Казакстан. Январь, 2023-жыл.
Мобилизациядан качкан орусиялыктар. Казакстан. Январь, 2023-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жарандарды электрондук жол менен армияга чакырууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдоду. Шаршембиде бул документти Федерация кеңеши да кабыл алды. Адистер жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскертип жатышат.

Сөз болгон жаңы мыйзам долбоору ишке кирсе, аскерге чакыруу мурдагыдай кагаз түрүндө жарандын өз колуна гана тапшырылбастан, электрондук форматта да жөнөтүлө баштайт. Электрондук чакыруу "Мамлекеттик кызматтар" сайтындагы аскер курагындагы жарандын жеке кабинетине жүктөлгөндөн жети күндөн кийин "кабыл алынды"деп эсептелинет.

Мыйзам долбооруна ылайык, "чакыруу тапшырылды" деген күндөн тарта аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жаран чет өлкөгө чыгарылбайт. Чакыруу алган жаран 20 күндүн ичинде өз ыктыяры менен жергиликтүү аскердик комиссариатка келбесе, анда кошумча чектөөлөргө туш болот. Мисалы, ал жаранга кыймылсыз мүлкүн сатууга же сатып алууга, жеке ишкер катары катталууга, насыя алууга тыюу салынат. Анын айдоочулук күбөлүгү да чектелет. Орус депутаттары бул жол менен жарандар армиядан кача албай калат деп эсептешет.

Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов буларды билдирди:

"Ыктыярдуу түрдө конституциялык милдетин аткарып жаткандар менен аскерден качкандарга бирдей мамиле болбошу керек. Ушундан улам аскерден качкандар жоопкерчиликке тартылышы керек".

Документ күчүнө кирсе, Орусияда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жарандардын бирдиктүү реестри да түзүлөт. Расмий Москва жаңы мыйзам долбоору жыл сайын күзүндө жана жазында өтүүчү аскерге чакыруу жараянына гана тиешелүү болот деп ишендирүүдө.

Бирок адистер жаңы эрежелер Украинадагы согуштан качкан орус жарандарына, анын ичинде Орусиянын паспортун алган мигранттарга каршы колдонуларын да эскертип жатышат.

Мигранттардын укугун коргоо менен алектенген Гүлнара Дербишеванын пикиринде, орус жарандыгын алган кыргыз мигранттарынын арасында аскердик мобилизациядан качкандар көп.

Гүлнара Дербишева
Гүлнара Дербишева

"Мобилизациядан качкан жарандарды жоопко тартуу үчүн чоң мыйзам иштелип атат деген кептер айтылып жаткан. Бул мыйзам менен Орусиянын мамлекеттик системасы качкындарды кандай болсо да согушка тартуунун амалын көрүп баштайт. Орус паспортун алган кыргызстандыктарга да согуштан качуу оор болуп калат. Электрондук бирдиктүү реестр азырынча иштелип чыга элек. Бирок Санариптештирүү министрлиги аны тез аранын ичинде иштеп чыгары анык. Ошого чейин орус жарандыгын алган мигранттар өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүрүп калууга аракеттениши керек. Азыр биз Телеграммда чат-бот аркылуу 12 кадамдан турган кеңештерди берип атабыз. Негизги максатыбыз - мигранттарды согушка кетирбей, алып калуу".

Жаңы мыйзам долбоорунан улам укук коргоочулар орус жарандыгын алган мигранттар үчүн 12 кадамдан турган кеп-кеңештерди иштеп чыккан. Алар эң башкысы - Орусиядан чыгып кетүү керек экенин белгилешүүдө. Эгер согушка алып кетүү коркунучу жаралса, ал тууралуу туугандарга, журналисттерге, укук коргоочуларга, айтор, болушунча көбүрөөк кишиге маалымат берүү керек. Кыргызстандык укук коргоочулар мобилизацияга кабылып, укугун коргой албай жаткан мигранттар үчүн +79643630136 байланыш номуру аркылуу укуктук кеңеш да берип жатышат.


Расмий эсеп боюнча, Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашат. Адистер алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганын айтып келишет. Буга чейин орус паспортун алган бир нече кыргызстандык орус күчтөрүнүн катарына кошулуп, Украинада каза тапканы ырасталган. Мындан тышкары колунда орус паспорту жок кыргыз жарандары да Украинадагы согушка тартылган учурлар бар.

Кыргызстандын бийлиги чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жарандары жоопко тартыларын эскертип келет.

Орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону аныкталган. "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап жатат.

Маселе бир күн мурун парламентте көтөрүлүп, депутат Мейкинбек Абдалиев орус абактарында отурган кыргызстандыктарды экстрадициялоонуу тездетүү керектигин айткан. Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, азыр 1700дөй кыргыз жараны Орусиянын абактарында отурат.

“Бир компания, атын атабай эле койсом. Ошол жеке компания көпчүлүктү (ред: абактагыларды) ар кандай ыкмалар менен согушка алып кетип жатыптыр. Алдап, акча каражаттарын сунуштайт экен. Ушул багытта иш алып барсаңар”.

Парламенттин депутаты Айбек Маткеримов 12-апрелдеги сессияда Орусиядан өз каалоосу менен согушка кетип, жаракат алып мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар бар экенин айтты. Депутат алар Кыргызстанга кайтып келе алабы деген суроону жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын жетекчилерине узатты.

“Биздин жарандардын арасында өз каалоосу менен барып, согуштан жаракат алып Орусияда жүргөндөр бар экен. Алар биздин өлкөгө келгенден коркуп жатышат. Кыргызстанга келсе, алардын тагдыры кандай болот?” – деп суроо салды ал.

Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү ар бир фактыга өзүнчө укуктук баа берилерин билдирди. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргыз жарандарынын башка өлкөдө согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынганын белгилеп, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.

Парламентте эки күндөн бери Орусияда жеке компаниялар абактагы мигранттарды согушка азгырып жатканына байланышкан маселе көтөрүлүп жатат. Буга чейин депутат Өмүрбек Бакиров Орусиянын абактарынан кыргызстандыктар согушка кандай шартта кеткенине кызыгып, алардын санын сураган.


УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев учурда Украина-Орусия согушунда канча кыргызстандык жүргөнү жөнүндө маалыматты депутаттын өзүнө берерин билдирген.

Ал эми башкы прокурор Зулушев Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктар өз каалоосу менен согушка кетип жатканын айтты.

“Соттолуп жаткан, соттолуп отурган жарандар өз каалоосу менен барам десе, алып кетип жатышыптыр. Ал эми зордоп, күч менен алып кеткен факты жок. Биз барып тактап келдик”, - деген Зулушевдин маалыматына караганда, быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG