Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

"Көйнөгү украин желегине окшош экен". Орусияны "арыздануу эпидемиясы" каптады


Орусия
Орусия

Дүйнөлүк басылмаларга чыккан макала, баяндарга сереп.

Купуя аскердик маалыматтарды ачыкка чыгарган Жек Тейшейра ким?

Бир топ маалымат каражаттары Пентагондун ачыкка чыгып кеткен купуя маалыматтарына байланыштуу теманын өнүгүшүн ар кайсы өңүттөн чагылдырууда.

14-апрелдеги санында Washington Post АКШнын аскердик жетекчилигин бейпайга салган бул документтерди интернетте тараткан деген шек менен кармалган 21 жаштагы Жек Тейшейранын бейнесине кайрылды.

Маалыматка караганда, ал Массачусетс штатынын Улуттук гвардиясынын Отис авиабазасында кызмат өтөп жаткан. Базада Аба-аскер күчтөрүнүн чалгын бөлүгү орун алган. Тейшейра гвардияга 2019-жылдын 26-сентябрында кирген.

Анын үй-бүлөсү Бостондон алыс эмес Дигтон шаарында жашайт. Гезит сүрөттөргө жана ачык маалыматтарга таянып аскердин өгөй атасы Томас Дефо 34 жыл армияда, ошол эле бөлүктө кызмат өтөгөндөн кийин ардактуу эс алууга чыкканын жазды. Энеси ардагерлерге жардам берген бейөкмөт уюмдарда иштеген, кийин гүл бизнеси менен алектенген. Кабарчылар алар менен байланышууга мүмкүн болбогонун белгилейт.

Washington Post Тейшейранын коопсуздукка байланышкан сыр документтер менен таанышуу укугу белгисиз экенин жазышты. Бирок сыр маалыматтарды алуу үчүн Коргоо министрлигинин ички компьютер системасына кире алчу.

Кабарчылар сөзгө тарткан аткаминерлердин бири айтып бергендей, муну менен Тейшейранын жашыруун маалыматтарды окуп, балким басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү да бар болчу. Дал ошондой документтер ачыкка чыгып кеткен.

Басылманын ошол эле санына жарыяланган дагы бир макалада сүрөттөрдө арык, өспүрүмдөй көрүнгөн Тейшейра үй-бүлөлүк салт боюнча армияга кызмат өтөөгө жөнөгөнү, 1-класстагы пилоттун патриоттук сезимдери кадыресе көрүнүш экени айтылат. Маалыматка ылайык, ал базанын чалгын бөлүгүндө компьютерлерди жана системдик байланыштарды тескөө жана оңдоо менен алектенчү.

Гезит жазгандай, эми тергөө учурунда аскердин кыңыр жана кооптуу жактары ачыкка чыкчудай.

Кабарчылар менен маектешкен досторунун бири Тейшейраны "патриот, динзар-католик, куралга кызыккан, Американын келечегинен күмөн санаган жигит" деп сүрөттөп берди. Аны Discord видео оюндар платформасынан таанып калган кээ бир адамдар аскердин мылтык атаар алдында расистик, антисемиттик ураандарды чакырганы тартылган тасманы көрсөтүштү. Баса, адегенде Тейшейра жашыруун документтерди дал ошол жерден интернет досторунун чакан чөйрөсүндө бөлүшкөн.

Кийин аны менен реалдуу турмушта жолуккан тайпа мүчөлөрүнүн бири Discord серверине купуя маалыматтар былтыр февралда, Украинада согуш тутанган маалда эле чыга баштаганын белгилейт. Анын айтымында, форумдун катышуучулары ал документтерди таратпоого макулдашкан, себеби бул АКШнын кызыкчылыгына каршы келмек.

Терроризмге шектүү өзбекстандыктар Индонезиядагы камактан качууга аракеттенген

The Diplomat сайты 13-апрелде өзбекстандык шектүү жоочулар Индонезиядагы кармоочу жайдан качууга аракет кылганын баяндап, окуянын чоо-жайына токтолду.

Бали аралы. Иллюстрациялык сүрөт
Бали аралы. Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурда Өзбекстандын терроризмге шек саналган үч жараны качмакчы болуп, иммиграциялык борбордун кызматкерин бычактап өлтүрүп, төртөө оор жараат алды. Шектүүлөрдүн бири каналга секиргенде чөгүп кеткен, калгандары кайра камалды.

Алар 24-мартта Индонезиянын терроризмге каршы кызматы тарабынан кармалган төрт өзбекстандыктын арасында болчу.

Жакарта полициясынын басма сөз катчысы Асвин Сирегардын айтымында, Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы алардын “Ал Каида” уюмуна жакын Katiba al Tawhid wal Jihad деген топко байланышы бар болушу мүмкүн деген кабар жөнөткөн. Шектүүлөр Индонезияга февралда Түркия аркылуу келген экен. Бийлик алардын интернетте пропаганданы жайылтып, терроризмге үгүттөгөнүн аныктаган. Төртөө Түндүк Жакарта иммиграция борборундагы кармоочу жайга отургузулуп, депортация болмок.

Полициянын өкүлү алар ага чейин кампадан бычак уурдап, кармоочу жайдын кызматкерлери ооз ачарга даярданып жатканда кол салганын, төртүнчү шектүү качуудан баш тартканын билдирди.

Андан ары айтылгандай, шектүүлөр Өзбекстандын консулдугунун кызматкери менен кездешкенден кийин качууну чечишкен, мекенинде оор жазага тартылышы мүмкүн болгондуктан, депортация болууну каалашкан эмес.

Полиция өкүлүнүн дагы бир маалыматы боюнча шектүүлөрдүн экөө Сирияда согушкерлердин лагеринде машыгуудан өтүп келген.

Индонезия мусулмандар эң көп жашаган өлкө. 2002-жылы туристтер арасындагы популярдуу Бали аралында болгон теракт 202 кишинин, негизинен чет өлкөлүктөрдүн өмүрүн алгандан кийин бийлик радикал исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүп келет. Буга карабай коопсуздук кызматтарын, жергиликтүү “капырларды” бутага алган топтор пайда болду. Аларга “Ислам мамлекети” террордук уюму шыкакчы болгон.

The Diplomat басылмасынын жазганына караганда, 2002-жылдын март айынан бери өзбекстандык башкарган “Жаннат Ошиклари” жоочулар уюмунан бөлүнүп чыккан Katiba al Tawhid wal Jihad “Ал-Каида” менен байланышы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесине киргизилген. Кеңештин маалыматында анын катарында 500дөй жоочу бар, 2016-жылы алар Кытайдын Бишкектеги элчилигине кол салууну уюштурганы айтылат.

Орусиядагы “адискөй даттануучулар”

Deutsche Welle Орусияда "даттануулар эпидемиясы" жайылганын, армия жөнүндө “фейк” таратуу же согуш башталгандан бери кабыл алынган башка мыйзамдарды бузду деген жүйө менен бири-биринин үстүнөн арыздануу өнөкөтү тууралуу материал чыгарды.

Орус армиясы тууралуу "фейк" тараткан деп айыпталган Саша Скочиленко. 20-январь, 2023-жыл.
Орус армиясы тууралуу "фейк" тараткан деп айыпталган Саша Скочиленко. 20-январь, 2023-жыл.

Автор ошол даттангандар кимдер жана кандай пайда издешет деген суроого жооп издеген.

Анын айтымында, негизинен "Орусиянын куралдуу күчтөрүн дискредитациялоо жана украиначыл пропаганданы таратуу" деген негиз менен кайрылгандар көп экен.

Мисалы, Подольск шаарында пенсионерлердин бири окуучу кыз Украинанын желегиндей көк-сары түстөгү кийим кийип жүргөнүнө даттанган. Ал бир эле жолу нааразылыгын билдирип тынчып калса, улам-улам полицияга же Роскомнадзор уюмуна кат жазгандар бар.

Макалада өзгөчө активдүү деп “Коррупция менен күрөшүү жана коопсуздук долбоорунун” мурда белгисиз жетекчиси Виталий Бородин аталат. Ал ырчы Алла Пугачеваны украин армиясына жардам берген жокпу деп текшерүү, актриса Лия Ахеджакованы мамлекетке чыккынчылык кылуу үчүн кылмыш жообуна тартуу, дагы бир ырчы Валерий Меладзенин, башка бир нече артисттердин айткандарын карап чыгууну өтүнгөн кайрылуулардын автору. Анын таржымалына, ишкерлигине токтолгон автор, Бородин кымбат мүлккө ээлик кыларын баяндаган.

Андан тышкары акча төлөнбөгөн “адискөй даттануучулар” бар. Алардын бири согуш башталгандан бери 764 электрондук арыз жазыптыр. Ал “Дождь”, "Настоящее время" телеканалдарынын, "Свобода" радиосунун, "Немис толкунунун" (Deutsche Welle) эфирлерин калтырбай көрүп, комментарий берген катардагы жарандарды каттап турат экен.

“Чогуу иштеген кесиптештердин үстүнөн даттануу да кеңири жайылган, - деп улантат макаланын автору. Муну менен алар негизинен жеке таарыныч, ортодогу пикир келишпестиктерди чечүүнү көздөйт”.

Макалада былтыркы жылдын этегине карай чыккан расмий эмес статистика келтирилет. Ага ылайык, Орусияда армия тууралуу “жалган маалымат таратуу” айыбы менен 180 иш козголгон.

Ал эми Роскомнадзор “интернеттеги мыйзамсыз маалыматтарга” байланыштуу 133 601 кайрылуу түшкөнүн билдирген. Мыйзамсыз деп Орусияда согуш жөнүндө расмий кабарлардан айырмаланган маалыматтар да саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG