"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Украинадагы согуш жана эреже-талаптардын катаалдашуусу Орусиядан көптөгөн мигранттарды чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги соңку бир жылда Орусиядан дээрлик 180 миңдей кыргызстандык чыгып кеткенин ырастады.
УКМК “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын кабарлады. Ал Панфилов районунун Кайыңды айылына баратканда кармалган.
37 жаштагы келин кайнатасы кол көтөрүп, ортодо үй талаш да болуп жатканын айтып чыкты. Акыркы маалымат боюнча кайнатасын милиция 48 саатка камакка алган.
Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусияга агылган миграциянын багыты Батышка бурулууда. АКШга жетсем деп бирөөлөргө алданып, ара жолдо калган кыргызстандыктар тууралуу айтып бербиз. Алардын айрымдары үйүн сатып, банктан насыя алып, аягында алданып калганын айтып жатат.
Орусиянын Камчатка крайы, Новосибирск баш болгон онго чукул облусунда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды. Мындан сырткары алар дүкөндөрдө сатуучу, айдоочу болуп да иштей албайт.
Тышкы иштер министрлиги бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге же 30% азайганын билдирди. Былтыр 14,4 миң адам кайтып келсе, 4,6 миң киши чет өлкөгө чыгып кеткен.
Украинада согуш башталгандан бери Борбор Азиядан Орусияга барган миграциянын чоң агымы башка багыттарга бурулууда. Анын ичинен АКШга барып иштөөгө умтулгандар көбөйдү.
Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкындан кыргыздар дагы жабыркады. "Азаттык" орус жарандыгын алган кыргыз тектүү 10дой үй-бүлөнүн там-ташы суу астында калганын тактады.
Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу абал оор бойдон калууда.
Зомбулуктун курмандыгы болгон 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда жашаган келин 4-апрелге караган түнү күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Кылмышка шектүү деп маркумдун күйөөсү Б.К. аттуу жаран кармалды.
Бишкектин четинде күйөөсүнөн колунан ажал тапкан 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Үч баланын энеси 4-апрелге караган түнү бир нече жеринен бычакталганы маалым болду. Кылмышка шек саналып 33 жаштагы жаран кармалып, эки айга камалды.
Кыргызстанда дагы бир келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Үч баланын энеси, 34 жаштагы келинге 4-апрелге караган түнү бир нече жолу бычак сайылган. Милиция кылмышка шектүүнү кармап, экспертиза дайындады.
Орусияда Кыргызстандын жараны "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалып, ага "Терроризмди ачык актоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын эмне жөнүндө жана ким менен сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.
"Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин Москва миграциялык мыйзамдарын дагы катаалдатууну көздөп жатат. Орусиядагы кыргызстандыктар көчөдө, үйдө текшерүүлөр көбөйүп, борбор азиялыктарга мамиле өзгөргөнүн айтышууда. Кыргыз парламенти мигранттардын соңку абалына кайрылды.
Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларга дары-дармек жеткирүү маселеси чечилбей жатат. Айрым аймактардагы ооруканаларда да ушундай көйгөй жаралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай маалыматты төгүндөп, өлкөдөгү ооруканалардын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айтты.
Бишкектин административдик соту Маданият министрлигинин Kloop сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Эгерде министрлик кийинки инстанцияга арызданбаса, сайттагы бөгөт алынат.
Кыргызстанда өкмөт билим берүү тармагын реформалоо аракетин баштаганын билдирүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 12 жылдык окутуу системасын камтыган "Алтын Казык" программасын сунуштап жатат. Буга чейин мындай ондогон демилгелер көтөрүлүп, ишке ашкан эмес.
Орусиялык басылмалар эмгек мигранттарына дагы жаңы талаптарды киргизүү үчүн мыйзам долбоору даярдалып жатканын жазды. Документте атайын эмгек келишими менен барган мигранттарды кесибине карап жумушка алуу сунушталган. Эгерде кесиби боюнча иштебесе 15 күн ичинде чыгып кетүүгө милдеттендирилет.
Чет өлкөлүк журналисттер камактагы кыргызстандык кесиптештерин бошотуу талабы менен акция өткөрүшүүдө. "Кактус Медиа" маалымат агенттиги болсо, сот чечимине ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну улантууда. Ал тапта президент Жапаров Кыргызстандагы медиа жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.
Дагы жүктөңүз