Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Ысык-Көл облусунда сезилди


Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-майга караган түнү (01:17де) Кытайдын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

Жер титирөө айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкекте көбүрөөк билинип, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар короого, коопсуз жайларга чыгышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG