Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Согуш: Орусия бир нече шаарды, Украина Белгородду бутага алды


Украина Орусиянын соңку күндөрдөгү чабуулдары мүмкүн болушунча көбүрөөк залака тийгизүүгө багытталып жатканын, 29-декабрдагы соккудан каза болгондор борбор калаа Киевде 30га жеткенин билдирди. Орусия шаршембиге караган түнү да Украина менен чектеш аймактагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады.

Расмий Киев кабарлагандай, 3-январга караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Харьков облусун баллистикалык С-300 ракеталары менен аткылады. Ал эми күндүз Харьковдон тышкары Полтава, Сумы жана Чернигов облустары бутага алынды.

3-январда Киевде 29-декабрдагы чабуулдан жараат алган дагы бир киши көз жумду. Ошентип, согуш башталгандан берки эң ири чабуулдардын бири деп мүнөздөлүп жаткан бул соккудан курман болгондор борбор калаада 30га жетти.

Өлкө президенти Владимир Зеленский өзүнүн кезектеги кайрылуусунда Орусия соңку күндөрү жүздөгөн ракета, дрон учуруп, колунан келишинче көбүрөөк зыян алып келүүгө аракет кылып жатканын айтты:

"Бүгүн эле бизге карата түрдүү типтеги 100гө жакын ракета учурулду. Алардын траекториясы атайылап болушунча көбүрөөк залака тийгизүүгө багытталды. Бул билип түрүп жасалган кадимки террор. Соңку бир нече күндө эле Орусия Украинага каршы дээрлик 300 ракета жана 200дөн ашуун "Шахед" колдонду".

Харьков. 2-январь.
Харьков. 2-январь.

29-декабрда Украина согуш башталгандан берки эң оор чабуулдардын бирине кабылды. Бул күнү Орусия коңшу өлкөнүн бир катар аймактарын түрдүү куралдарынан аткылап, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урду.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. 25 жай тургун каза болду, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты машина талкаланып, өрттөлдү.

Ошол эле күнү Орусия Украинанын Харьков шаарына кайрадан сокку урду, 20дай адам жараат алды.

3-январда эртең менен Орусиянын Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын, абадан айгай салынып, коргонуу системалары ишке киргизилгенин облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

Гладков бул үчүн Украинаны айыптап, шаардын чет жакасында бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын, ал эми Солот кыштагында эки үйдүн чатыры талкаланганын айтты.

"Белгороддо абал курч бойдон турат. Эртең менен бир нече жолу чабуул жасалды, абадан коргонуу системалары иштеди. Жарык киргенде баарын текшерип чыгабыз, калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз@, - деди Белгород облусунун губернатору.

Белгород.
Белгород.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунда абадан коргонуу каражаттары "Ольха" жана "Точка-У" системаларындагы ракеталарды атып түшүргөнүн кабарлады.

3-январга караган түнү Орусия аннексиялап алган Севастополь шаарына да ракета учурулганы, ал атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин атайын аскердик операция деп атап келет жана жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканын моюнуна албайт:

“Силер канча кайталабагыла, Орусия Украинанын жарандарына чабуул жасаган жок. Биз Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алып жатабыз. Куралыбызды атайылап жай тургундарга каратып жаткан жерибиз жок", - деген Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Василий Небензя 30-декабрда уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Бул күнү Украинанын жана Орусиянын аймагына жасалган, ондогон адамдын өмүрүн алган соңку чабуулдар Коопсуздук кеңешиндеги кезектеги отурумда талкууланды. Уюмдун баш катчысынын жардамчысы Халед Хиари кеңири чабуулда бутага жай тургундар алынып, эл аралык ченемдерге туура келбеген окуя болгонун айтты. Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Украинанын аймагына жасалган кезектеги чабуулду айыпташты. Кытай тараптарды саясий мунасага чакырды.

Ал тапта Польшанын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Радослав Сикорский Батышты 3-январда Орусиянын жапырт ракеталык чабуулдарына жооп катары Украинаны алыскы радиуска жете турган ракеталар менен жабдууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG