Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Орусия Кара деңизде күзөттү күчөттү


"Новочеркасск" кемеси.
"Новочеркасск" кемеси.

Орусия Украинага чабуулун улантууда. Херсон облусу авиабомбалар менен аткыланды. Кара деңизде ири десанттык кемесинен айрылган Орусия бул аймакта күзөт иштерин күчөттү.

28-декабрга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына сегиз жанкечти дрон менен чабуул жасаганын, анын жетөө Днепропетровск, Кировоград жана Запорожье аймактарында атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аскердик аба күчтөрү кабарлады. Мындан тышкары Херсон облусу башкарылуучу авиабомбалар менен аткыланып, үйлөр жана машиналар талкаланганы кабарланды.

Кремль 2014-жылы аннексиялап алган Крымда бейшембиге караган түнү Украинанын эки дрону атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдады.

Ал арада Кара деңизде Украинанын соккусунан ири десанттык кемеси жабыркагандан кийин, Орусия аймакта күзөттү күчөткөнү маалым болду.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы күзөт кемелери буга чейин дээрлик байкалбай келген Кара деңизде 27-декабрда төрт кеме нөөмөттө турганын, 28-декабрда алардын саны алтыга жеткенин билдирди.

26-декабрда Украинанын Куралдуу күчтөрү Кара деңиздеги Феодосия портун канаттуу ракеталар менен аткылап, Орусиянын жээкте турган "Новочеркасск“ кемесине сокку урган.

“Аны кайра оңдосо болобу деп сурап жатасыздар. Бирок сүрөтүнөн көрүнүп тургандай, кеменин тулкусу эле калды. Калганы баары күйүп жок болду. Жанындагы инфраструктура, башка да кемелер жабыркады”, - деди Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат.


Орусиянын расмий органдары портто бир нече жарылуу болгонун ырастап, "Новочеркасск" жабыркаганын гана билдирген, андан башка маалымат айтылган эмес.

Кемедеги моряктардын кеминде 33ү дайынсыз болуп жатканын 27-декабрда "Астра" Телеграм-каналы өз булактарына таянып жазды.

Орусиянын Кара деңиздеги флагманы болгон "Москва" 2022-жылы апрелде Кремль Украинага кол салган алгачкы айларда украин аскерлеринин чабуулунан кийин чөгүп кеткен. Бул окуя согуш башталганда Кара деңиздин жээгиндеги өз аймактарынын көбүн башкара албай калган Украинанын алгачкы ири жеңиши болгон.

Украина 28-декабрда Орусиянын согуштагы жоготуулары боюнча жаңы маалыматын жарыялады. Башкы штаб Орусия Украинага кол салгандан бери 356 670 аскеринен ажыраганын, алардын 920сы соңку бир суткада жок кылынганын маалымдады. Согуш талаасында Орусиянын дээрлик 6 миңдей танкы, 8 миңден ашуун артиллериялык системасы, 329 учагы, 23 кемеси жана башка он миңдеген техникасы жана курал-жабдыгы талкаланганы айтылды.

Украина Орусиянын агрессиясынан берки жоготуулары 9 миңдей аскер кызматкери экенин бир жыл мурда кабарлаган.

Москва бир жыл мурда маалымат таратып, Орусия 6 миңдей, ал эми Украина 60 миңден ашуун аскеринен ажыраганын билдирген.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

“Мындан ары эмне болот, чынын айтсам, билбейм. Баары Кудайдын колунда. Балдарымды, каза болгон уулумдун балдарын тарбиялап чоңойтууга күч-кубат берсе экен. Өтө оор заман болуп турат”, - деди фронтто курман болгон украин жоокеринин апасы Анна Бойчук.


Киев облусунда 28-декабрдан тартып 6-январга чейин Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Блокпосттор көбөйтүлүп, адамдар көп чогулган жерлерде текшерүү күчөдү.

Ал тапта АКШ өкмөтү Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бөлгөнүн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди. Бул жолку жардамга HIMARS жана NASAMS системаларына ок-дары, Stinger зениттик ракеталары, Javelin системалары да кошулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG