Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Шайлоо алдында биригип-чачыраган партиялар


"Альянс" партиясы курултайын өткөрдү. 12-октябрь, 2021-жыл. Бишкек
"Альянс" партиясы курултайын өткөрдү. 12-октябрь, 2021-жыл. Бишкек

Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялардын акыркылары курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитип жатат. Азырынча 20га жакын партия курултай өткөрүп бүттү. Ал эми бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөндөр 300дөн ашты.

"Альянс" оппозиция экенин жарыялады

"Альянс" саясий партиясы 12-октябрда Бишкекте курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Курултайда Мирлан Жээнчороев менен Жанарбек Акаев партиянын тең төрагалары болуп шайланды.

Тизмеге парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Абдывахаб Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Гүлкан Молдобекова, Таабалды Тиллаев, Сайдулла Нышанов, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, журналисттер Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров кирди.

Андан тышкары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (ред: Финансы полициясы быйыл 5-мартта жоюлган) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев да тизмеде бар. Ал жыл башында пара алууга шек саналып кармалып, кийин мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыянды төлөп чыккан.

Гүлкан Молдобекова менен Таабалды Тиллаев былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен барган.

Алтынбек Сулайманов буга чейин №5 Ноокат округунан талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын тапшырган. Курултай учурунда ал бир мандаттуу округдан арызын алып, шайлоого партиялык тизме менен бара турганын жарыялады.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

"Бийликчил партиябыз дегендер азыр жок эмес. Андай партиялардан үчөө-төртөө болуп кетти. Мындай дайыма эле болуп келген. Биз өзүбүздү оппозициялык партиябыз деп жарыяладык. Эми шайлоо башталганда кандай басым болот, кандай иштер болот баары ошондо байкалат. Азырынча эч кандай басым жок".

Ушуну менен үчүнчү партия бийликке оппозиция экенин ачык билдирди. Буга чейин "Ата Мекен" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары бийликке альтернатива болчу оппозиция экенин жарыялаган. Калган партиялар оппозиция, позиция деп эки жакка тең ообой, ортодо болгусу келет.

"Ишеним" бириктирген депутаттар

"Ишеним" партиясы 11-октябрда курултайга чогулуп, шайлоого катыша турган талапкерлеринин тизмесин тактады. Тизмеге партиянын төрагасы Азамат Дороев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов, юрист Медербек Алиев, Жанна Ильиана, Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Улукбек Ормонов, Бурун Аманова, Айнура Осмонова кирди. Ошондой эле шайлоого барыш үчүн кызматын тапшырган ички иштери министринин мурунку биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков да "Ишенимге" кошулду.

Улукбек Ормонов партияга киргенинин себебин мындайча түшүндүрдү.

"Буга чейин "Замандаш" партиясы шайлоого катышарын жарыялаган. Бирок кийин партия шайлоого катышпай турганын билдирди. Ушундан кийин жаңыланууну каалаган партия менен шайлоого баралы деп 2020-жылы "Замандаш" партиясында жүргөн пикирлештер менен келип, "Ишеним" партиясына кошулдук".

Бир катар саясатчылар менен партия өкүлдөрү "Ишеним" партиясын жана "Ата-Журт Кыргызстан" менен "Ынтымакты" бийликчил деп сыпаттап жатат. Эки партия муну четке каккан. "Ишеним" партиясынын мүчөсү Рысбай Аматов да мындай сөздөргө кошулбайт.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

"Ар ким эле биздин тизменин сыртынан тон бычып атат. Партиянын толук тизмесин ачып карап көргүлө. Биз жаңы түзүлгөн партиябыз. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо үч эле шаардык кеңешке өттүк. Ошондо да Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоодо өтүп келдик. Бийликчил партиялар кайсы гана аймакта болбосун утуп келбедиби. Ушундан эле тыянак чыгарсак болот да".

12-октябрда "Легалайз" партиясы да курултай өткөрүп, Элдар Мадылбеков, Марат Арзыкулов, Венера Чокурбаева, Дамир Абдрафиков, Нурмат Карпов, Нурания Касымова, Мирлан Жумабеков, Константин Рудный, Анна Звягина, Акжол Абытов талапкерлердин алдыңкы тизмесине кирди.

"Бир мандаттуу округдар бийликтики болуп атат"

28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоо былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо жана андан кийинки бийлик алмашуудан кийин өткөнү турат. Ал чуулгандуу саясий иш-чарада бийликчил делген партиялар мыйзам бузду, добуштарды сатып алып, административдик ресурс колдонулду деген дооматтар коюлган.

"Альянс" саясий партиясы менен шайлоого бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бул жолу да бийликтин атын жамынган партиялар бар деген пикирде.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

"Бийлик парламентти жаңылап, күчтүү кадрларды Жогорку Кеңешке алып келүүгө шарт түзсө жакшы болмок. Бирок булар жок дегенде өздөрүнүн партиялары аркылуу да муну жасай алышкан жок. Бийликтин партиясы делген партияларга кирген адамдарды көрүп атабыз. Ал эми бир мандаттуу округдарда бийлик өз талапкерлерине атаандаштарын тазалап берип атат. "Баланчага каршы чыксаң, өлөсүң" деп атышат. Айтсаң, мурдагы бийликтей эле "факты бергиле" дейт. Парламентке келе турган 90 депутаттын 36сынын көбү азыркы депутаттар, байлар анан бийликтин сөзүн сүйлөгөндөр. Эми үмүт 54 кишиде калды. Алардын да ичинен көп жетекчилер, министрлер "президентке кирип чыктык, батасын алдык" деп атышат. Мен президентке кирип, "ушундайбы" деп сурасам, "жок, андай эмес" дейт. Президент "бирөө шайлоого катышам десе мен кантип катышпа деп айтам. Катыша бер ийгилик дейм да" дейт. Алар болсо чыгып алып ар кандай иштерди кылып жатат. Президент "алар ушундай кылып жатыптыр" деп айтып койгону жетишсиз. Жазалаш керек".

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 12-октябрга карата 300дөн ашты.

Партиялар 13-октябрга чейин курултай өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талапкерлерге тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырып жетишүүсү шарт.

Боршайком 28-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 28-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG