Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Шайлоо-2021: бийликтин эскертүүсү, админресурстун карааны


Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо таза өтөрүн, административдик ресурс колдонулбай турганын белгиледи. Бул аралыкта Коопсуздук кеңеши жер-жерлерде жыйын өткөрүп, жергиликтүү бийлик ээлерине шайлоого аралашпоону эскерте баштады.

Ошол эле учурда айрым муниципалдык башкаруу өкүлдөрү бийликке жакын партиялар админресурсту колдонууга аракет кылып жатканын айтып чыгышты.

Бийликтин партиясы да, талапкери да жок

Келе жаткан парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ушу тапта ар бир облусту кыдырып, мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт.

Ал "Азаттыкка" бийликтин партиясы да, талапкери да жок экенин айтты:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

“Кыргызстандын тарыхында таза шайлоо болгон эмес. Бийликте тургандар элдин алдына чыгып “шайлоо таза өтөт” деген убада берип, ошол эле маалда тымызын тескери буйрук берип келишкен. Эми таза шайлоо өткөрүш керектигин бийлик, Садыр Жапаров жакшы түшүнүп турат. Бийликтин партиясы, талапкери, административдик ресурс деген болбойт. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер кимдир бирөөгө иштеп берсе, анда жумуштан кетет. Мыйзам бузса жоопко тартылат”.

Республикалык штабдын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен турган топ 5-октябрда Баткенде да жыйын өткөрүштү.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын эскертүүсүн улай эле ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоодо көрүлүп жаткан чаралар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр милиция кызматкерлерин саясаттан алыс болууга чакырып, ар бир кызматтын өзүнө жүктөлгөн мыйзамдуу милдеттеринин чегинде гана элдин коопсуздугун, коомдун тынчтыгын сактоо милдеттерин аткаруусун тапшырды.

"Бийликтин партиясына добуш алып бересиң"

Бийлик парламенттик шайлоодо админресурс колдонулбайт, шайлоо таза өтөт деп бекемдеп жаткан чакта, жогорку кызматты ээлеген адамдарга таандык делген айрым партиялардын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик ээлерине барып жатканы анык болду.

Бишкектеги квартал башчылардын бири, атын жашыруун калтырууну каалаган маектеш бийликте отурган адамдын партиясынанбыз деген адамдар келгенин "Азаттыкка" билдирди:

"Өткөн аптада мага, атын атабай эле коеюн, бийликтеги бир адамдын партиясынанбыз деп келишкен. "Канча добуш алып бере аласыз, маалымат чогулта бериңиз" деп кетишти. Анан кайра "аралашпайсыңар" деп жатышат. Биз кимисин угуп, кандай кылабыз?".

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо жаңы Конституцияга негизделген жаңы мыйзамдар боюнча өткөрүлөт. Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлер шайлоо алдында кайсы бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзө албайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кысым кылып жаткан саясий партияларбы же бир мандаттуу округдан талапкер болобу, аракети аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты.

"Добуш алып бересиң же үгүт жүргүзүп бересиң" деп саясий партиялар же бир мандаттуу талапкер болобу, басым кылып жатса, муниципалдык кызматкерлер БШКга арыз менен кайрыла алат. Андай кысым көрсөткөнү же аралашканы билинсе, саясий партия болобу, талапкер болобу, шайлоодон четтетилет. Биз ошондой кадамдарга чейин барууга даярбыз. Азыр да жер-жерлердеги штабдын жыйындарында жетекчилерге катуу тапшырма берилүүдө".

Бекматовдун айтуусунда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери эч бир саясий партияга да, талапкерге да иштөөгө укугу жок.

Жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну каалаган мамлекеттик кызматкерлер кызматын биротоло тапшырып берүүгө милдеттүү. Мурда жумуштан убактылуу гана четтеп, бирок кол алдындагы кызматкерлерди шайлоого колдонгон учурлар катталган.

"Баягысы баягы, койчумандын таягы"

Бирок ошол эле учурда жаңы мыйзамдар да, президенттин берген убадасы, тапшырмасы мурдагыдай эле кагаз жүзүндө калып, иш жүзүндө баягы адат кайталанат деген пикирлер да жок эмес.

"Интербилим" коомдук уюмунун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева мыйзамда жазылганы менен, анын кандайча ишке ашырылып, кандай жоопкерчиликке тартылары ачык көрсөтүлбөгөн соң, шайлоонун таза өтөрүнө ишене албастын "Азаттыкка" билдирди:

Гүлгакы Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева.

"Жөн эле кызматынан алынат деген чара эмес. Домкомдорду кантип иштен алат? Квартал башчылары арзыбаган айлык алат, аларга деле иш маанилүү эмес. Эгерде 300 же 500 миң сомдон айыпка тартылат десе анда кеп башка болмок. Былтыркы шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлерге кандай чаралар көрүлдү? Эч кандай. "Курамында кылмыш жок" деп четке чыга беришти. Эми муниципалдык жетекчилердин шайлоого аралашып же кайсы бир партияга, талапкерге иштеп жатканын ким көзөмөлдөйт? Ал жөнүндө да мыйзамда сөз жок. Эгер "Мамлекеттик жетекчи шайлоонун ыплас өткөнүнө жоопкер болот, арыз-дооматтар көп түшсө, кызматынан алынат" деп турса, анда жоопкерчилигин сезет эле. Шайлоону таза өткөрүү үчүн чуркап иштешмек. "Админресурс болбойт, жетекчилер аралашпайт" деген баягы эле айтылып келген сөз. Буга кечээки президенттик шайлоо, жергиликтүү кеңештерге, мэрлерди шайлоонун кандай өткөнү деле күбө".

Былтыркы парламенттик шайлоодон айырмаланып, быйыл Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга саясий партиялардан тышкары 36 бир мандаттуу округдан өзүн-өзү же партиялар көрсөткөн талапкерлер да ат салышат.

Бишкек, Кыргызстан. Жаңы карта. Кыргызстандагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын (округдардын) картасы. Бардык 36 округ. БШК - Борбордук шайлоо комиссиясы. Бишкек, Кыргызстан.
Бишкек, Кыргызстан. Жаңы карта. Кыргызстандагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын (округдардын) картасы. Бардык 36 округ. БШК - Борбордук шайлоо комиссиясы. Бишкек, Кыргызстан.

5-октябрга карата парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 92 адам болду. Ошондой эле Боршайкомго 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо былтыр, 4-октябрында өткөн. Бирок шайлоо тыянагына нааразылыктан улам, өлкөдө бийлик алмашып, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG