Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Партиялардын курултайы, оппозициянын айбаты


Саясий партиялар курултайын өткөрө баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Саясий партиялар курултайын өткөрө баштады

Жогорку Кеңешке 28-ноябрда белгиленген шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык 9-октябрга карата төрт саясий партия курултай өткөрдү.

9-октябрда “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Күчтүү регион” партиялары курултай өткөрдү. Алгачкылардан болуп тизмесин бекиткен "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары бийликти сындап, азыркы саясат менен макул эместигин билдиришүүдө.

Текебаев тизмени баштайт

"Ата Мекен" партиясын бул жолку парламенттик шайлоого партия лидери Өмүрбек Текебаев өзү баштап барат. Бул тууралуу Бишкектеги Максим Горький аянтында өткөн курултайда белгилүү болду.

Бирок курултай талапкерлердин тизмесин бекиткен жок. Партиянын басма сөз кызматы муну саясий биригүүлөр уланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, тизме 11-октябрда бекитилерин билдирди.

Курултайда тизменин сап башындагы беш талапкердин ысымдары аталды.

Алар: “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана депутат Наталья Никитенко.

Негизги баяндаманы партия лидери Өмүрбек Текебаев жасады.

“Биздин тизмеде бийликтин камчысын чаап, кызматын кылып, элге жаман көрүнгөн партиялардын лидерлери жок. Былтыр революцияга себеп болгон партиялардын өкүлдөрү, лидерлери бүгүнкү бийликтин партияларында. Алардын жүзүн жакында ачабыз”, - деди Текебаев.

Буга чейин "Ата Мекен", "Реформа" партиялары биригип, "Эгемен" аттуу коалиция түзгөнүн жарыялашкан. Кийин ага "Туран", "Ак калпак", "Эгемен Кыргызстан" партиялары, "Каныкей" коомдук кыймылы кошулганы белгилүү болгон.

"Ата Мекен" партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Жаңы Дем" деген платформанын астында барган. Ал шайлоодо "Ата Мекен" 80 279 (4,10%) добуш алган.

“Бүтүн Кыргызстан” бийликти сындады

Ушул эле күнү оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы курултайын өткөрүп, 54 талапкердин тизмесин бекитти. Андан тышкары бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунан талапкер көргөздү.

Партия лидери Адахан Мадумаров курултайда сүйлөп жатып “Бүтүн Кыргызстан" 2020-жылы парламенттик шайлоодо 7% босого чектен өткөн жалгыз бийликчил эмес партия болгонун белгиледи.

Мадумаров 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий күчтүн констититуциялык реформасын, жүргүзгөн саясатын кескин сындады.

“Биз менен бир дагы өлкө алака кургусу келбей жатат. Бир жылдан ашык убакыт өтсө да Кыргызстанга бир дагы расмий мамлекеттик делегация келген жок, келиши дагы күмөн. Биздин салттуу, эң ынтымактуу жашаган кошуналардын чек арасы азыркы убакка чейин жабык турганын жакшы билесиздер”.

"Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Алдыңкы бештикте “Кыргызстан коммунисттер” партиясынын лидери Исхак Масалиев, акыйкатчы Токон Мамытов, активист Орозайым Нарматова, Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков бар.

Андан тышкары “Бүтүн Кыргызстандын” тизмеси менен бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев ("Ата Мекен" фракциясы), Аккулу Бердиев ("Бир Бол" фракциясы) бара турганы белгилүү болду.

"Ыйман Нуру" ортодо болгусу келет

9-октябрда "Ыйман Нуру" партиясы дагы курултай өткөрүп, тизмесин бекитти. Партия лидери Нуржигит Кадырбековдун айтуусунда "Ыйман Нуру" центристтик партия катары шайлоого катышат.

Тизме башында партия лидери Нуржигит Кадырбеков өзү турат. Алдыңкы бештикте Кара-Балта шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Алмаз Аалыев, "Тынчтык" партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Динара Ашимова, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Аскарбек Күрүчбеков бар.

"Ыйман Нуру" партиясы 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Анда 66 747 (3,41%) добуш алган.

Оппозициянын шайы кандай?

Курултайын өткөргөн “Ата Мекен” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы оппозиция экенин жарыялашты. Булардан тышкары шайлоого катышчу Социал-демократтар, "Альянс" сыяктуу дагы башка оппозициялык маанайдагы партиялар бар.

Саясат талдоочу Азим Азимов бул жолу оппозициялык партиялардын шайлоого даярдыгы былтыркыга салыштырмалуу алсыз экенин айтты:

Азим Азимов
Азим Азимов

“Оппозициялык риториканы колдонгон саясий партиялардын көбү өткөн жылдагы шайлоого аттанып жаткан убактан бери идеологиялык өзгөрүү болгон жок. Ошол эле маалда уюштуруучулук жагы төмөндөдү десек болот. Азыр бул партиялардын тизмелери өзгөрдү. Былтыр күчтүүрөөк талапкерлер болсо, бул жолу ал жагынан дагы алсырады. Азыр бир нече партия өзүн оппозиция катары көрсөтүп жатат. Алардын электораты, сүйлөгөнү, идеялары окшош. Бир канча партияга бөлүнүп алып алсыз талапкерлер менен шайлоого чыкканы жатат. Логика менен караганда бул партиялар күчүн, талапкерлерин бириктирип чыкса, шайлоо жыйынтыгына таасир этмек”.

Саясий серепчи Эмилбек Жороев парламенттик шайлоого саясий күчтөрдүн даярдыгы тууралуу буларга токтолду.

“Бүгүнкү бийликте аларга жакын же алар уюштурган, түптөгөн партиялар болуп жатат. Оппозициялык партиялар мобилизация болуп, биригүү аракеттери болууда. Бирок алардын мүмкүнчүлүгү мурдагыдай чектелүү бойдон калууда. Мындан сырткары жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык өзгөчөлүктөр бар. 90 гана мандат болсо анын 36сы бир мандаттуу болуп калды. Демек партиялар ортосунда гана эмес, партия тизмесиндеги талапкерлер ортосунда дагы атаандаштык болот".

Ошол эле маалда бийликчил деп саналган партиялар да атала баштады. Бирок парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп дайындалган, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов буга чейин "президенттики" деген партиялар болбой турганын билдирген.

"Президент элдин талабын билет, сезип турат. Ошондуктан элдин талабын аткаруу үчүн тапшырма берди. Таза, ачык, мыйзамдуу шайлоону өткөрүп берели деп жатабыз. Президенттин, бийликтин партиясы, талапкери деген жок. Бардык талапкерге жана партияга бирдей мамиле кылабыз".

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте митингге чыгып, бийлик алмашкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Боршайкомго 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG