Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Башкы прокуратура: Сейфтен алынган доллар, "казино" жана мыйзам


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты

Башкы прокуратура мекеменин бөлүм башчысы Рустам Абдырасуловдун сейфте сакталган 762,5 миң долларды алып кеткени тууралуу түшүндүрмө таратты. Башкы көзөмөл мекемеси кызматкер акчаны "казинодо уттуруп жибергени" тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

Мунун алдында Абдырасуловдун кылмыш ишин тергөөдө далил буюм катары алынган ири суммадагы акчаны кумарканада уттуруп жибергени жөнүндө маалыматтар чыккан.

Бул окуя тергөөдө алынган далил буюмдардын сакталышы, көзөмөлдөөчү органдардагы кадр саясаты, коррупция тууралуу талкууларга жем таштады.

Башкы прокуратура Рустам Абдырасулов алган 762,5 миң доллардын таржымалы жөнүндө 28-сентябрда кечинде түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, бул акча жасалма документтердин негизинде 1,5 миллиардга жакын рублди чыгарып кетүү фактысы иликтенип жатканда өндүрүлгөн. Мунун негизинде банк кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, учурда тергөө уланып жатат.

Ошол эле маалда башкы көзөмөлдөөчү орган Абдырасулов камалганын ырастап, ал акчаны "казинодо уттурган эмес" деп билдирди.

"Башкы прокуратура айыпталуучулардан 20 миллион доллар өндүрүп, каражат ээлерине, тактап айтканда орусиялык ишкерлерге кайтарылган. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы, 762,5 доллар жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү аяктагандыктан, ал акчаны Рустам Абдырасулов кызматтык сейфине убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу. Бирок апта башында Абдырасулов үч күн жумушка чыкпагандыктан инвентаризация жүргүзүлгөнү жана сейфте акча жок экени аныкталган. Ага дароо кылмыш иши козголуп, кармалган. Анын жакындары 762 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары кумар оюн-зоок жайларынын кардары боло албайт. Ошондуктан "прокуратура кызматкери казиного, кумарканага" барган деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазылган маалыматта.

Башкы прокуратура жабырлануучу тараптын өкүлү деген адамды дагы видеого тартып тараткан. Анда ысымын атабаган адам столдун үстү толо акчаны алып жатканын айтып, прокурорлорго ыраазылык дагы билдирген.

"Бүгүн 28-сентябрь. Мен ири суммадагы акчанын кымырылып кеткен иштеги жабырлануучу тараптын өкүлүмүн. Азыр зыяндын ордун толтуруунун негизинде 762,5 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жатам. Былтыр кымырылып кеткен 1,5 миллиард рублдин жалпысынан 20 миллиондой доллар өндүрүлдү. Иликтөө жүргүзгөн бардык кызматкерлерге ыраазылык билдирем".

Башкы көзөмөлдөөчү орган бул иштеги орусиялык ишкерлер кимдер экенин маалымдаган эмес жана алардын 1,5 миллиард рублинин кымырылышы тууралуу дагы түшүндүрмө берген жок.

Кандай болгондо да бул окуя коомдо талаш-талкуу жаратты.

29-сентябрдын кечинде социалдык тармактын айрым колдонуучулары соттун өкүмүн жарыялашты. Анда аты аталган прокурор Wallet One электрондук капчыгына тууганы аркылуу акча которуп турганын жазылган.

Прокуратурадагы кадр маселеси

Парламенттин соңку жыйынында дагы маселе көтөрүлүп, депутаттар Медер Алиев менен Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевден түшүндүрмө талап кылды.

Медер Алиев.
Медер Алиев.

"Бул түзүгүрөөк укуктук өлкөдө такыр орун албашы керек болгон акылга сыйгыс учур. Укуктук өлкөдө ошол кызматкердин начальниги, башкы прокурордун ушул тармакты көзөмөлдөгөн орун басары чукул отставкага кетиши керек болчу. Башкы прокурор өзү так түшүндүрмө бериши керек. Прокуратура деген мыйзамдын так сакталышын көзөмөлдөгөн орган. Биз баарыбыз прокуратурага кайрылабыз. Эгер ал жакта ушундай окуялар болуп жатса, райондук, облустук эмес Башкы прокуратуранын деңгээлинде болуп жатса, анда сөз жок", - деди депутат Алиев.

Бул окуяга байланыштуу "Азаттык" кезинде прокуратура органдарында жогорку кызматтарда иштеген парламенттин экс-депутаты Курмантай Абдиевдин пикирине кызыкты. Ал азыркы кызматкерлердин ишине баа бере албай турганын айтып, ошол эле маалда баары мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иштеши керектигин белгиледи:

"Биз иштеген убак менен азыркы убактын айырмасы асман менен жердей. Азыркы балдардын жумушуна баа бергенден алысмын. Аны азыр иштеп жаткандардан алсаңар болот. Кантип иштеши керектиги Конституцияда, прокуратура тууралуу мыйзамда турат. Ошол мыйзамдардын чегинен чыкпай эле милдеттерин аткарышы керек. Азыр мындай, эки жылдан кийин андай иштеши керек деген норма жок".

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөөдөгү далил катары алынган акча, баалуу буюмдар жоголуп кеткен учурларга токтолду. Мындан улам далил заттарын сактоонун жол-жобосу суроо жаратарын белгиледи:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Тергөөгө тиешеси бар органдар, прокуратура, Ички иштер министрлиги дагы, дагы башка жооптуу органдарда дагы ушундай тажрыйба көп. Мисалы, МАИде иштеген бир кызматкер 100 доллар алды деп кармалып, атайын кызматтын тергөө абагында каза тапкан. Анын ишиндеги материалда 100 доллар алган деп жүргөн. Ал каза болгондо мен ишине катышып калгам, ошондо ал алды деген 100 доллар дайынсыз жок болуп кеткен. Аны 100 доллар алгансың деп камашкан да, анын айынан тигил 40ка чыга элек жаран өлүп калууда. Ошол акча кайда кеткен, ким алганы белгисиз бойдон калган. Анан 700 миң доллардын маселеси абдан ойлонтчу жагдай. Демек, далил буюм катары алынган курал-жарак, баалуу буюмдардын, акчанын, наркотиктин сактоонун жол-жобосу жок экен да. Демек, сейфке катып койдук деп эле жүрө беришет экен. Кааласа иштетип койсо дагы болот турбайбы деген ой жаралат".

2019-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде пара алуу беренеси менен козголгон кылмыш ишинде алынган 200 миң доллардын дайыны чыкпай жатканы, акча тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. Атайын кызмат дооматты четке каккан.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев соңку окуядан улам прокуратура органдарындагы кадр маселесине токтолду. Ал мындай жагдайда тийиштүү адамдардын баарынын жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Ошончо ири суммадагы акчаны тергөөчүнүн сейфине сактоо тууралуу мыйзамда деле жок болсо керек. Бир эле адамды камоо менен чектелбей, башка кызматкерлердин, жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек. Ошол кызматкерди ушул деңгээлге жеткирип, көтөрмөлөп келгендердин дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Ал ошол кызматка өз күчү, бешене тери менен жеткенби деген дагы суроо туулат. Болбосо канчалаган тажрыйбалуу кызматкерлер ордунан көтөрүлө албай жүрөт. Ушул окуя эми баарына сабак болуп калат деп деле айта албайм. Биздин мыйзамдарыбыз, кадр тандообуз дагы коррупцияга жол берет ".

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соңку окуя тууралуу өзү үн ката элек.

Мындан туура бир жыл мурда, ноябрда президент Садыр Жапаров прокурорлорду кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, социалдык жана экономикалык өнүгүү көбүнесе көзөмөлдөөчү органдарынан көз каранды экенин билдирген. Ошондой эле алар мыйзамдуулуктун кепилдиги экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG