Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

УКМКдан жоголгон 200 миң доллар


«Азаттыктын» коллажы.
«Азаттыктын» коллажы.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Уланбек Чалбаевди былтыр пара алууга шектүү катары кармаганда далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону ачыкка чыкканы айтылууда.

Уланбек Чалбаевдин атасы бул иште анын уулун атайылап айыпка жыккан күңүрт иштин аягына чекит коюлбай жатканын айтууда. Ал сот ишинин создугуп жатышынын себебин бул системадагы уюшкан топ жазасыз калып жатканынан көрөт.

Жагдайга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы андай маалымат жок экенин билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Былтыр 2018-жылы 16-апрелде Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Уланбек Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң АКШ доллары чыкканы жарыяланган.

УКМК ошол кезде акчаны Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган.

Уланбек Чалбаевдин кылмыш иши 2018-жылдын 10-октябрында тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бирок андан бери Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти карап чыгып, тиешелүү чечим чыгара элек.

Жоголгон далил заттын таржымалы

Акматбек Чалбаев анын уулу Уланбек Чалбаевдин иш бөлмөсүнөн табылган 200 миң доллар далил заты жоголуп кеткени эми гана ачыкка чыгып жатканын билдирди:

- Менин уулумдун иши боюнча далил зат катары алынган 200 миң АКШ доллар мурда эле тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кетиптир. Буга жооптуу, баламдын ишин тергеген тергөөчү депутат Канатбек Исаевдин күйөө баласы болот экен. Ал болсо акча анын иш бөлмөсүндөгү сейфинен уурдалганын айтып, «менин сейфимдин ачкычын башка бир кызматкер жасатып алып, акчаны алып чыгып кеткен болушу мүмкүн» дейт. Шектүү деген адам акчаны алып, казиного уттуруп жибериптир. Азыр ал адам жок, качып кетиптир. Ал ошол УКМКда иштеген кызматкер экен. Анан Исаев барып, УКМКнын төрагасына кирип, «жоголгон акчаны ордуна коюп берели» деп сунуш кылыптыр. Биздин адвокаттар сотто «ошол акчалай далил затын сотко алып келгиле, акчаны көзүбүз менен көрөлү, номурларын салыштырып чыгалы» деп айтышкан. Кылмыш ишинин материалдары сотко өткөндө далил заттардын бардыгы сотко жиберилиши керек болчу. Бирок тергөө органы акчаны сотко жөнөтө алган эмес. Сот болсо далил зат катары алынган акчаны карабай деле соттой бере турган өнөкөт таап алыптыр. Тергөө органы «иштин кээ бир материалдарына жашыруундук белгиси коюлуп, анын бардыгын жок кылып салганбыз» деген жооп бериптир. Кандай болгон күндө да ал материалдарды жок кылганга мыйзам жол бербейт. Алар архивде сакталышы керек эле. Менин уулумдун иши тергөөдө калыс каралбай, ал бир жыл жети айдан бери соту аягына чыкпай, тергөө абагында отурат.

Уланбек Чалбаевдин ишин тергеген тергөөчү Бакай Эшенкуловдун жоопкерчилигиндеги акчалай далил заттын жоголгону боюнча жогоруда айтылган Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Аны кабылдамасына барып тапкан жокпуз. Жардамчысы депутат өзү кийин байланыша турганын айтты, бирок ошол бойдон депутаттан кабар болгон жок. «Азаттык» Канатбек Исаевдин бул маселе боюнча жүйөсүнө орун берүүгө даяр.

Сотто көргөзүлбөгөн акчалай далил зат

Улан Чалбаевдин адвокаты Бакыт Осмонов далил зат катары алынган 200 миң АКШ доллары жоголгону факты катары каттоого алындыбы, бул боюнча расмий түрдө кызматтык иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгында кылмыш иши козголдубу же козголгон жокпу деген маселе ага белгисиз экенин айтты.

Бакыт Осмонов бул кылмыш ишинин материалдары менен бирге аталган акчалай далил зат катары сотко алып келинбегенин, мыйзам чегинде аны менен тааныштыруу иштери да болбогонун айтты. Ошондуктан адвокат Бакыт Осмонов соттук териштирүү учурунда акчалай далил затты сотко алып келип көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурап, сотко расмий түрдө өтүнүч келтирип жатканын белгиледи:

- Ошондой маалыматтар бизге жетти. Бирок далил заттын жоголгону же жоголбой эле бир жерде турганы боюнча анык айта албайбыз. Бирок биз сөзсүз бул боюнча соттун алдында маселе көтөрөбүз. Анткени ошол 200 миң доллар акча кылмыш ишиндеги негизги далил зат болгондон кийин, сотто биз аны көзүбүз менен көрүшүбүз зарыл. Кылмыш ишинен сырткары ага кошумча ыкчам издөө иши деген бар экен. Ошонун негизинде каралган экен. Ошого «жашыруундуулук» белгиси коюлуптур. Андыктан бардык материалдар менен толук тааныша алган жокпуз. Ал эми негизги иштин материалдарын карап чыкканбыз.

«Далил затты жоготуунун кесепети оор»

УКМКнын Тергөө башкармалыгынан пара алууга байланышкан кылмыш ишинде далил зат катары алынган 200 миң доллардын жоголгону тууралуу Аскер прокуратурасынын кабары жок болуп чыкты.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев акчалай далил затты жоготуп жиберүү фактысын жашырып-жаап калуу мүмкүн эмес экенин айтып, аталган факт далилденсе, анда мыйзам боюнча бул иштин жоопкерчилиги жогору боло турганын эскертти:

Тергөөчү аны камерага тапшырса, анда ошол жердин башчысы жооп берет. Эгерде далил зат тергөөчүнүн өзүндө болуп, анын сейфинен жоголсо, анда буга тергөөчү өзү жооп берет.
Нуркамал Набиев.


- Жок. Бизге андай материал келип түшкөн жок. Бирок далил зат катары алынган акча жоголгону чын болсо, анда бул маселе жөн калбайт. Ал иш баары бир чыгат. УКМК өзү бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан материалды бизге өткөрүп бериши керек. Биз иш козгоп, ага тиешеси бар адамдарды жоопко тартышыбыз зарыл. Чындап эле ошондой факты тастыктала турган болсо, ал ким болбосун сөзсүз түрдө жооп берет. Акчалай далил заттын ордуна башка акчаны ордуна койгонго болбойт. Далил затты адатта тергөөчү өз сейфинде сактайт же ал далил заттарды сактай турган камерада турушу керек. Тергөөчү аны камерага тапшырса, анда ошол жердин башчысы жооп берет. Эгерде далил зат тергөөчүнүн өзүндө болуп, анын сейфинен жоголсо, анда буга тергөөчү өзү жооп берет. Бул жерде кылмыш жоопкерчилиги бар. Бул факты ырасталса, анда анын кесепети катары сот Чалбаевди актап жибериши да мүмкүн. Тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал жоопко тартылат. Пара алуу фактысындагы негизги далил, ошол пара катары анын жанынан табылган акча болот. Ошол акча сөзсүз түрдө болушу керек. Ал далил зат иштин материалдары менен кошо сотко жиберилип, аны сот соттук териштирүү учурунда карап чыгышы керек. Эгерде ал жок болсо, анда сот пара алган деп шек саналган адамды актап жибериши мүмкүн.

Унчукпаган УКМК

Ошол эле кезде УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов далил зат катары алынган 200 миң доллар жоголгон факты каттоого алынып, бул боюнча расмий түрдө кызматтык иликтөө жүргөнү жана анын жыйынтыктары кандай болгону тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Рахатбек Сулайманов сотко өткөрүлүп берилген кылмыш иштери боюнча комментарий берилбей турганын, тергөө учурунда акчалай далил зат жоголгону тууралуу маалымат жок экенин айтуу менен чектелди:

- Бизде андай маалымат жок. Аны соттон сураш керек. Кылмыш иши эбак эле сотко өткөрүлгөн. Иш сотто каралып жатканда биз кантип ага карата комментарий бере алабыз? Ошондуктан аны сот органдарына кайрылып, ошол жактан сураш керек. Биздин маалымат кызматына андай маалымат келип түшкөн эмес.

Аталган акчалай далил заттын кылмыш ишинин материалдары менен кошо тергөөдөн сотко өткөрүлгөнү тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, бирок алгылыктуу жооп ала алган жокпуз.

«Атайын кызматтан акча алып чыгуу акылга сыйбайт»

Анткен менен Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысын ири өлчөмдө пара алууга байланыштуу кармап, кылмыш ишин ачууга негиз берген 200 миң доллар далил заттын тергөө учурунда жоголушун атайын кызматтын ишиндеги өтө чоң калпыстык катары кабыл алды.

Алмамбет Шыкмаматов буга байланыштуу токтоосуз түрдө иликтөө жүрүп, ага байланыштуу тиешелүү кызмат адамдары жоопко тартылууга тийиш экенин айтты:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Ал далил затты кимдер жоготсо, алар сөзсүз түрдө жазага тартылууга тийиш. «УКМКнын имаратынын ичинен 200 миң доллар акчалай далил зат жоголуп кетти» деген акылга сыйбаган нерсе. Чымын учуп кире албаган жерден, УКМКнын ичинен 10 миң эмес, 20 миң эмес, 200 миң долларды кимдир-бирөө алып чыгып кетип жатканын элестетип көргүлө! Бул өтө чоң чатак. Бул боюнча көз каранды эмес иликтөө жүрүшү керек. Ири өлчөмдөгү акчалай далил затка жооптуу, ошол ишти тергеген тергөөчү, ал бөлүмдүн, башкармалыктын жетекчилери бар. Алар каякты карап отурушкан? Ошолор жооп берүүгө тийиш. Демек, бул жерде сырттан бирөө кирбей, ичинен эле бирөө алып чыгып кеткен. Анын ордуна башка акчаны алып келип койгондо, ал соттон далил зат катары өтпөйт. Анткени андагы ар бир купюранын жеке номуру болот. Ошол номурлар аркылуу салыштырып, анан пара берүү фактысы далилденет. Анын ордуна башка акчалай далил зат ордуна коюлса, анда бул кылмыш иши «сынып» калышы ыктымал. Анын кесепетинен башка кылмышка шектүү эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн.

Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго жазган арызында анын уулу 200 миң доллар пара алды деген айыптоого байланышкан күңүрт жагдайлар тергөөдө иликтенбей калганы көрсөтүлгөн. Анткени, анын айтымында, УКМК бул ишти адеп баштаганда экс-депутат Карганбек Самаковдун президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаевге 500 миң доллар пара берүү ишин иликтеп жаткан. Кийин эле иштин материалдарында ал паранын 300 миң доллары каякта калганы көрсөтүлбөй калган.

УКМКнын ыкчам иш-чарасынын баштапкы материалында бул иш боюнча 2018-жылдын 3-мартында эле президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаев баш болгон төрт адамдын ысымы аталып, алардын телефондорун тыңшоого сот санкция бергени кайрылууда жазылган. Төрт адамдын бири мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын улук жардамчысы Максат Полотов экени көрсөтүлгөн. Атасынын айтымында, ал кезде Уланбек Чалбаев пара алууга ынтызар топтун ичиндеги шектүүлөрдүн бири катары каралгандыктан аны тинткенге ал кезде соттон санкция берилген эмес.

Акчаны кимдер талап кылган?

Акматбек Чалбаев ошол 500 миң доллар паранын кантип экиге бөлүнгөнү жана анын бир бөлүгү кандайча анын уулунун иш бөлмөсүнөн чыгып калганы тууралуу буларга токтолду:

Мурда Полотов үчүн белгиленген акча ошол боюнча эле менин уулумдун иш бөлмөсүнө ташталган. Негизи 500 миң доллар акчаны Манасбек Арабаевге бергенден кийин жумуштун бардыгы ошол жерден бүтүшү керек эле. Бирок алардын бардыгы уюшуп алып, иштин бардыгын башка өңүткө бурган.
Акматбек Чалбаев.


- Самаковдор башында 500 миң долларды Арабаевге алып барышкан экен. Ал анын 300 миңин алып калып, 200 миң долларды кайра берген. Бул жагдай билинип калганда УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматы башкы прокурордун улук жардамчысы Максат Полотовду ошол 200 миң доллар менен кармайт. Аны кармаган учурда акчаны алганга күбө болгон балдар кийин кайра менин уулума да күбө өтүшкөн. Ошондо «Бир эле паранын акчасы эки башка адамга эки ирет берилеби?» деген логикалык суроо туулат. Мурда Полотов үчүн белгиленген акча ошол боюнча эле менин уулумдун иш бөлмөсүнө ташталган. Негизи 500 миң доллар акчаны Манасбек Арабаевге бергенден кийин жумуштун бардыгы ошол жерден бүтүшү керек эле. Бирок алардын бардыгы уюшуп алып, иштин бардыгын башка өңүткө бурган. Анткени Манасбек Арабаев менен бирге иштешип келген башкы прокурордун улук жардамчысы Максат Полотов деген ошол эле учурда акча менен кармалып, анан кайра ошол акча салынган баштыкты менин уулумдун иш бөлмөсүнө таштап коюп жатпайбы. Анткени ал мурдатан эле УКМКда да тымызын иштеп жүргөн экен. Анан жыйындан чыкканда эле менин уулумдун иш бөлмөсүнө тигил кызматкерлер кирип барып, ошол сумканы таап чыгышкан. Иштин чыныгы жагдайы ошондой болгон экен. Бирок аны башка нукка буруп, тергөөчүлөр кийин иштин жагдайын бурмалашкан.

Пара алууга шектүү катары өтүп жаткан Уланбек Чалбаевдин атасынын президентке жазган кайрылуусунда Манасбек Арабаев баштаган топтун кийин бул ишке шектүүлөрдүн тизмесинен чыгарылганы же иш боюнча күбө катары өтүп жатканы белгисиз бойдон калганы көрсөтүлгөн.

Бир жарым жылдан бери абакта кылмышка шектүү катары отурган Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулу кармалганга чейин эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башкармалыгынын башчысы Ж.Касымов жетекчиликке жазган рапортунда президенттик аппараттын ошол кездеги бөлүм башчысы Манасбек Арабаев ири өлчөмдө пара алууга шектүү катары ыкчам кызматкерлердин көзүнө илингени тууралуу билдиргенин мисалга алды. Бирок кийин белгилүү болгондой, бул иш боюнча Манасбек Арабаев кылмышка шектүү катары кармалган эмес.

«Алган колду берген кол тааныбайт»

Адвокат Бакыт Осмоновдун айтымында, пара берген деген тарап Уланбек Чалбаев менен тааныштыгы жок экенин айтып, алар параны берген адамдар жоопко тартылбай калганы тууралуу сотто көрсөтмө берген.

Ошол кезде президенттик аппараттын сот-укук иштери боюнча бөлүмүн жетектеп турган Манасбек Арабаев акча талап кылып жатканын так эле айтып беришкен. Бирок тергөө ошол жагдайларды эч бир эске алган жок.
Бакыт Осмонов.


- Карганбек Самаков президентке, парламентке жана Коопсуздук кеңешине да ошол берилген 500 миң доллар паранын таржымалы боюнча кайрылган экен, - деди адвокат. - Ошол кайрылууда ким аларды пара берүүгө мажбурлап, акча талап кылганы ачык эле жазылып, көрсөтүлгөн. Анда алар ошол кезде президенттик аппараттын сот-укук иштери боюнча бөлүмүн жетектеп турган Манасбек Арабаев акча талап кылып жатканын так эле айтып беришкен. Бирок тергөө ошол жагдайларды эч бир эске алган жок. Сотто деле бул иш боюнча Карганбек Самаков жана анын бир эмес, эки уулу тең ошондой көрсөтмөлөрүн беришти. Анда алар Манасбек Арабаев ошондой талап коюп, «антпесеңер камаласыңар» дегени тууралуу айтып жатышат. Алар сотто «биз ага акча бергенге мажбур болдук, башка айлабыз жок эле» деп айтышты. Пара берген деп айыпталып, жоопко тартылып жаткан беш киши тең Уланбек Чалбаевди тааныбай турганын, акчаны ага беришпегенин айтышты. Бирок ошол жагдайлар такыр эле эске алынбай келе жатпайбы.

Бул иш боюнча Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаев иш бөлмөсүндө 200 миң доллар пара алган деп шек саналып, ал эми экс-депутат Карганбек Самаков жана анын эки уулу пара берүүгө байланыштуу жоопко тартылууда. Буга чейин Карганбек Самаковдун кылмыш ишин кыскартуу үчүн Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев алгач узак мөөнөткө соттолгон. Бирок кийин анын жаза мөөнөтү кыскарып, эркиндикке чыккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG