Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Башкы прокуратурадан тергөө укугу алынды


Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-июндагы отурумунда "Прокуратура органдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 2-3-окуудан карады. Мыйзам долбооруна ылайык, прокуратура органдарынан тергөө укугу алынып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) берилет.

Мыйзам долбоору каралып жаткан кезде депутат Исхак Масалиев прокуратура кызматкерлерине алардын жетекчисинин карьерасына жол ачкан "эрдигин" эсине салды:

"Мыйзам долбоору чийки, толук иштелип чыкпаганы көрүнүп турат. Бирок тилекке каршы, биз анын орфографиялык каталарын гана оңдой алабыз. Баш прокурордун бир эрдигин эстетейин, ал сотто эки жигитти актаган чечим чыгарган, ошондон кийин анын келечеги ачылган. Ал депутат, андан кийин башкы прокурор болду. Бирок сиздерге мындай баатырдык жетишпейт. Күчүнөр жетпесе, чыдагандан башка жолуңар жок", - деди Масалиев.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк добушу менен 2-3-окуудан өттү.

Президенттик администрациянын Башкы прокуратурадан тергөө укугун алууну сунуштаган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлган. Анда долбоор прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG