Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Жакупова: Сариевди кармоого негиз жок болчу


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин камалышы, Кумтөрдүн тегерегиндеги окуялар тууралуу маек курду.

- Биринчиден, менимче, ниети түз эмес саясий технологдор Аскар Акаевдин Кыргызстандын аймагына келишинин айланасындагы жагдайды Темир Сариевди кармоо үчүн пайдалангысы келет. Муну күзгү шайлоо алдында саясий айдыңды тазалоо үчүн пайдалангысы бар. Менин билишимче, Сариев шайлоого катышам деп эч качан өз амбициялары тууралуу билдирген эмес. Экинчиден, менин адвокаттарым Сариевдин кызыкчылыгын коргогондуктан, биз шаршембиде расмий билдирүү таратканы жатабыз. Улуттук коопсуздук комитети жасаган пресс-релиз жумшак айтканда чындыкка дал келбейт. Себеби, Сариевдин күнөөсү аныкталган эмес. Экинчиден, чыгымдын көлөмү да аныкталган эмес. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кыянаттык кылып, бурмаланган маалымат таратууда.

Сариевге айып тагылгандан бери бир нече жолу, адашпасам, эки ирет суракка чакырылган. Менин адвокаттарым аны ар дайым коштоп жүрүштү. Акыркы жолу бир жарым айдай мурун чакырылган. Так даталары эсимде жок. Ошол бир жарым айда Сариев эч жерге кеткен эмес, ага тиешелүү эч кандай процессуалдык аракеттер жасалган эмес, суракка да барган эмес.

Ошондуктан, бүгүн эртең менен аны барып кеңсесинен кармап кетишкенде биз абдан таң калдык. Тергөөдө Сариевди 48 саатка болсо да кармоого негизи жок болчу. Себеби, ага каршы эч кандай жаңы көрсөтмө берилген эмес. Аскар Акаев да Сариевге каршы көрсөтмө бербегенин так билебиз. Дагы бир маселе, ушундай одоно иш алып барышканына мен абдан таң калам. Бул өңдүү саясий өңүтү бар, өлкө үчүн тагдыр чечүүчү ири иштерге келгенде абдан дыкат аракет көрүлүшүн каалайт элем. Коомго шашылыш, эптеп-септеп жазылган пресс-релиздерди чыгаруу менен элди жаңылыш ойго жетелеген маалымат таратууга жол берилбеши керек.

-Демек, сиз жогоруда өзүңүз айткандай, Акаев Сариевге каршы эч кандай көрсөтмө берген эмес деп так билесиз?

- Берген эмес, бериши да мүмкүн эмес эле. Албетте, муну тактап көргүлө. Себеби, ал кезде Темир Сариев парламенттин депутаты болчу. Кумтөр боюнча жетишилген келишимге каршы чыккан. Социалдык тармактарда видеону да таратып жатышат. Биз иштин материалдарын билебиз. Сариевге каршы эч кандай жаңы далил, документ жок, эч ким ага каршы көрсөтмө берген эмес. Андай болсо, бул тууралуу менин адвокаттарым, башкача айтканда Сариевдин адвокаттары биринчи болуп билмек. Бир жарым ай мурун суракка барганда күнөөсү далилденген эмес. Чыгашанын көлөмү аныкталган эмес, себеби зыян алып келген деген далил да жок.

-Коопсуздук комитетинин маалыматы тууралуу сөз кылып калдыңыз. Акаевге тиешелүү ал өлкөгө жетирилгени айтылган. Ошол эле маалда Акаев өзү келди деген маалыматтар тараган. Ушуга кандай комментарий берет элеңиз?

- Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Акаев Кыргызстанга “жеткирилди” деп маалымат тараткандан кийин берген маегимде мен дароо эле кабарды мындай жеткирүү суроо жаратарын айттым. "Жеткирилди" дегенде Акаевди өз ыктыяры менен эмес, экстрадициялык өтүнүчтүн негизинде, сыягы кылмыш ишинин алкагында алып келишти деп түшүнөсүң. Ошол эле маалда, келери менен дароо Аскар Акаев учурдагы президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда эч кандай кайтаруучуларсыз эле жолугушуп, ээн-эркин жүрдү, маек берип жатты. Бул деген аны жеткиришкен эмес, Кыргызстанга өз каалоосу менен келди дегенди билдирет. Ошондой эле көрсөтмө берип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG