Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Самарканддагы саммитке туш келген чек ара чыры


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

14-сентябрдын түнү кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү. 15-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Куралдуу жаңжал Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталып жаткан маалга туш келди.

Кыргыз-тажик чек ара чырында эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатат. Булак-Башыдагы атылган снаряддан тутанган өрттөн 200 гектардан ашуун аймактагы жайыт менен арча-бадал күйүп кетти.

Камчыбек Ташиев Баткенде облус жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Андан соң Лейлек райондук ооруканага барып, атышууда жараат алган тургундардан кабар алды. Дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп, бирок Бишкекке жеткирүүнү сунуш кылды.

Ташиев кийин Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын Чек ара аскерлеринин командачысы Ражабали Рахмонали менен жолугушту.

Атайын кызматтын башчысы журналисттерге курган маегинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу токтоп, тартылган кошумча күчтөр артка кайтарылганын, ага карабай чыңалуу күч экенин белгиледи. Ал "алдын-ала аскердик чагымга даярдык болгон" деген пикирин билдирди.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Кечээги конфликттин негизги өзгөчөлүктөрү – алар биздин жарандык объектилерибизге кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана эч кандай эрежеге жатпайт. Биз муну өтө туура эмес кабыл алдык. Эгер мындан ары да ушундай боло турган болсо, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Биз тараптан эки аскер кызматкерибиз жараат алган. Эң негизги маселе – бул жерде чагым даярдалган. Алдын-ала даярдалган чагым боюнча көптөгөн маалыматтар бар. Алар алдын ала өңүттөрдү ээлешкен".

Ташиевдин айтышынча, тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына беш жерден чабуул жасаган, анын төртөө аскер объектилерине, бирөө жарандык объектиге болгон. Самаркандекте 10 жарандык объект жабыркап, төрт жаран жараат алган.

Атайын кызматтын жетекчиси чыр-чатак маалында белгисиз адамдар Кыргызстандын аскер объектилерине чабуул жасаганын белгиледи.

"Бул жерде аскердик эмес, кандайдыр бир жарандык адамдардын биздин постторго чабуул койгону байкалган. Ал адамдарды көрүп, биз фиксация кылганбыз. Биринчи жолу ушундай болуп жатат. Демек, бул маселени өтө кооптуу деп айтышыбыз керек. Ошол эле мезгилде биздин чек ара кызматы, күч түзүмдөрү бардык кырдаалга толук даяр. Мамлекетибиздин чек арасын, коопсуздугун толук бойдон коргоп, сактап калганга күчүбүз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы жетет. Чек арада азыр кооптуулук бар. Кечээги көрүнгөн сакалдуу, колунда куралдары бар жарандык адамдар бир жакка жоголуп кеткен жок. Алар ошол өңүттөрдө бир жерлерде даярданып жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз ушул маселе боюнча азыр керектүү маселелерди кабыл алып жатабыз".

Ташиевдин айткандары боюнча Тажикстандын тиешелүү мекемелери комментарий бере элек.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасынын үч жеринде атышуу орун алды. Куралдуу кагылыштан Кыргызстан тараптан эки аскер жана төрт жай тургун жарадар болду, алардын бирөө 11 жаштагы бала. Тажикстан тараптан эки чек арачы каза таап, ондон ашуун жарадар бар экени кабарланды. Эки тарап тең ок атышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Ошол күнү Тажикстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматта "Булак-Башы аймагында биринчи кыргыз тарап "Кех" тажик чек ара заставасын көздөй эч себепсиз эле миномет менен төрт жолу атканы" айтылат.

"Озоди" радиосу Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода ошол күнү "Азия-Плюс" маалымат агенттигине курган маегинде "чек арадагы кырдаал турукташып, мурдагы абалына кайтты" дегенин жазды. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы да тараткан.

"Айылыбызга 7 миңдей адам эвакуацияланды"

Ок атышуу болгон күнү чек арага жакын айылдардын тургундары коопсуз аймактарга жапырт эвакуацияланган. Рават айылынын башчысы Бакыт Турдуев абал турукташканы айтылгандан кийин алар үйлөрүнө кайтып жатканын билдирди.

"Качып баргандардын баарын кайра жөнөттүк. Кечээ түндө жарымы кетишти, дагы 500ү бүгүн кетти. Айыл тургундарынын үйлөрүнө баргандар менен кошулуп жети миңдей адам келди окшойт. Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Үч-Дөбөдөн келишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Кызыл Ай» коому 350 адамга жардам берди. 60-70 адам мектепке жайгашты, ошолордун кечки, эртең мененки тамак-ашына ӨКМ менен «Кызыл Ай» коому жардам беришти. Калгандарын толугу менен эл өз үйлөрүндө карады".

14-сентябрда ок атышуу болгон аймактарга жакын жайгашкан Достук, Ак-Сай айылынын тургундары да эвакуация болгону кабарланган.

"Булак-Башыдагы өрт толук өчө элек"

Булак-Башы аймагында ок атышуу маалында тажик аскерлеринин снарядынан тутанган өрт толук өчө элек. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиев жалпысынан 200 гектардай жер күйүп кеткенин айтты.

Алтынбек Мисиралиев
Алтынбек Мисиралиев

«Эртең менен ӨКМдин балдары дагы чыгып кеткен. Биз кечинде барып, колдон келишинче өчүргөнгө аракет кылдык. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 11 баласы, айыл өкмөттөн 10 адам бардык. Бир тилкеге өтө турган жерин тостук. Толук өчкөн эмес. Мен 200 гектар го десем, башкалар масштабы көп болушу мүмкүн деп атышат".

Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Туратбек Турдуев дагы деле өрттү өчүрүү уланып жатканын кабарлады.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан кечээтен бери 55 кызматкер иштеп атат. Андан тышкары, токой чарбасы менен айыл өкмөттөн ондон кызматкер бар. Жалпысынан жетимиштей адам иштеп атат. Азырынча толук өчүрүп бүтө элек. Чыгымдары да тактала элек".

Самарканддагы саммитке туш келген жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталып жаткан маалга туш келди. Мунун алдында, 13-сентябрга караган түнү Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал курчуп, ондогон киши каза тапты.

Саясат талдоочу Игорь Шестаков мындай чыр-чатактардын саммиттин алдында тутанганы суроо жаратат деген ойдо:

Игорь Шестаков
Игорь Шестаков

«Баку менен Еревандын жана Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосунда аймактар боюнча көптөн бери келаткан көйгөйлөр бар. Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык коопсуздук боюнча абдан маанилүү саммитинин алдында ушундай окуялардын чыгышында кандайдыр бир байланыш бар деп ойлойм. Самаркандда коопсуздук маселесин такуулоону татаалдаштырууга аракет кылган күчтөр бар болушу мүмкүн. Менимче, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында сөзсүз кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча консультациялар жүргүзүлүшү зарыл».

14-сентябрь күнү кечке маал Орусиянын тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы тутанган чырды жөнгө салууга катышууга даяр экендигин билдирди.

"Чек араны тактоо боюнча Орусиянын бай тажрыйбасын колдонуу менен чек ара маселелерин узак мөөнөткө өз ара ыңгайлуу чечүүгө колкабыш кылууга даярдыгыбызды билдиребиз", - деп билдирди Орусия ТИМинин расмий өкүлү М.Захарова.

Мындан үч ай мурун, 14-июлда да Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары ок атышкан. Анда да эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Анын 664 чакырымы такталганын президент Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Бирок дагы эле талаштуу тилкеде тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG