Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

Баткен: ок атылган аймактагы жайытта тутанган өрт өчө элек


Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт. 15-сентябрь, 2022-жыл.

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт өчүрүлө элек. Бул тууралуу Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, жайлоодогу өрттү койчулардын жана эки чек арачы аскердин жардамы менен өчүрүүгө аракет кылышкан.

"Бирок бул өрттү суу чачып өчүрүү оңой болбой жатат. Тик учак келет деп жатышат, күтүп жатабыз".

14-сентябрда тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, Булак-Башыдагы 20 гектардай жайыт күйүп кеткени кабарлаган. Жайлоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү техникасы барган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, "тажик чек арачылары миномет" колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.(ZKo, JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG