Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Навальныйга чыккан өкүм, нааразы москвалыктар


Сот өкүмүнөн кийинки реакция.
Сот өкүмүнөн кийинки реакция.

Москвада сот оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды үч жарым жылга эркинен ажыратты.

2-февралда эртең менен саат 10до башталган сот кечки 8ге чейин уланып, түн киргенде Навальныйга өкүм жарыялаганда Москва менен Санкт-Петербургда миңдеген адамдар көчөгө агылып чыгышты.

Бул маалда Москванын борбордук көчөлөрү торолуп, жүздөгөн күч кызматкерлери - ОМОН, Росгвардия аскерлери тартылган.

«Охотный ряд», «Площадь Революции», «Александровский сад» жана «Театральная» метро станциялары жабылып, бул аймакта мобилдик интернет өчүрүлгөн.

Окуяны жеринен чагылдырган журналисттердин түз эфиринен күч кызматкерлери «Москва, чык», «Навальныйга боштондук», «Путин, кет» деп кыйкырган көчөдөгү адамдарды туш келди кармап, союл менен башка-көзгө койгулап, аёосуз ур-токмокко алганын көрүүгө болот.

«ОВД Инфо» тобу төрт сааттын ичинде миңдей адам кармалганын кабарлады.

Ошентип Москвадагы Симоновский соту Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазаны үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Саясатчы эки жарым жылын абакта өтөшү керек болот.

Сот залындагы сөзүндө Алексей Навальный бул иш боюнча Европа соту «кылмыштын курамы жок» деген жыйынтык чыгарганын, орус бийлиги анда ага кенемте да төлөп бергенин эске салды.

Навальный тарыхта Путин «Владимир - ууландыруучу» деп аталып каларын айтты:

«Мени анын буйругу менен өлтүрүүгө аракет кылышканда бир гана тирүү калганым менен аны өлгүдөй ызаланттым. Бункердеги бир кичинекей адам акылынан тайганы үчүн Москванын жарымы курчоого алынып турат. Биз ал геосаясат менен эмес, оппоненттин ич кийимин уурдап, ага химиялык уулуу зат сүйкөп, аны өлтүрүү боюнча жыйындарды өткөрүп жүргөнү ачыкка чыгарып, көрсөтүп койдук».

АКШ, Улуу Британия жана Германия орус бийлигин Навальныйды «тез жана эч шартсыз эркиндикке чыгарууга» чакырышты.

Ал эми адам укуктары боюнча Европа Кеңеши Москва сотунун өкүмүн айыптап, Кремлди Орусиянын эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырды.

Орусиялык саясатчы Дмитрий Гудков «Навальныйга чыккан өкүм менен бийлик бүтүндөй өлкөнү дүйнөгө шылдың кылды» деп баалады:

«Бийлик мындай өкүм менен бир эле Навальныйды эмес, бүт баарыбызды, өлкөнү кордоду. Бийлик бүтүндөй коомго согуш жарыялады. Бүгүн бирөө бизде жарандык согуш дейт. Жок. Жарандык согуш - бул бир тууган бир тууганына каршы чыкканда. Бизде болсо бийлик коомго каршы чыкты».

Буга чейин саясий серепчи Аркадий Дубнов «Навальныйды түрмөгө камоо – бийликтин чоң жаңылыштыгы болот» деген:

«Жыл башында эле бийлик Навальныйды күчтүү нааразылык факел кылып алып, аны бир жерге жабуунун аракетин көрүп жатат. Мындай аракеттен, өзгөчө парламенттик шайлоо өтө турган жылы чоң өрт чыгышы мүмкүн. Азыртадан эле күчтүү каршылык маанай көтөрүлдү, бул аябай кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн. Бийлик такыр акылсыз, көз алдында эмне болуп жатканын көрбөгөндөй, мындайча айтканда келесоодой көрүнүп калды».

Навальныйдын «Ив Роше» иши боюнча кесилген шарттуу жаза мөөнөтү былтыр 30-декабрда аяктаган. Бирок Федералдык жаза аткаруу кызматы Берлинде дарыланып жүргөн Навальныйды «сот салган милдеттерди аткарбай, кылмыш-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүнөн качып жатат» деп айыптап, шарттуу жазаны түрмөгө алмаштыруу доо арызы менен Москва сотуна кайрылган.

Оппозициячы 17-январда Берлинден Москвага учуп келген жеринен кармалып, эртеси Химки шаарында полиция бөлүмүндөгү соттун чечими менен бир айга камакка алынган.

Анын санаалаштары «Кремль Навальныйды өмүрү өткүчө абакта калтырууну көздөйт» деп, ал боштондукка чыкмайынча тынымсыз күрөш уланарын убада кылып жатышат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG