Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Орусиядагы ур-токмок менен коштолгон каяша


Алексей Навальныйдын бошотулушун талап кылып чыккандар күч түзүмдөрү менен кагылышты. Орусия, 31-январь, 2021-жыл.
Алексей Навальныйдын бошотулушун талап кылып чыккандар күч түзүмдөрү менен кагылышты. Орусия, 31-январь, 2021-жыл.

31-январда Орусиянын дээрлик бардык аймактарында Алексей Навальныйдын бошотулуш талап кылып каршылык акцияларына чыккандарды күч түзүмдөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй ур-токмокко алышты. Алар акциялардын катышуучуларын негизинен союлдар менен чапкылап, тепкилеп жатышты. Петербургда электрошокер колдонулганы кабарланды. Өлкө боюнча миңдеген кишилер кармалды. Арасында журналисттер да бар.

Орусиянын Челябинск шаарында тартылган видеодо эки колу кайрылып, көмкөрөсүнөн жерде жаткан адам: «Мен дем ала албай атам. Жигиттер, чын айтам. Үстүмдөн түшкүлөчү…» - деп жалынып жатканын көрүүгө болот. Анын үстүнө күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери чыгып алган.

Митингдерге байкоо жүргүзгөн «ОВД-инфо» уюму жалпысынан 4500дөй адам кармалганын билдирди. Алардын арасында камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын аялы Юлия да бар. Аны кечке маал кайра коё беришти.

Орусия боюнча 35тен көп журналист кармалганы маалым болду. Алардын айрымдары электрошокерден жабыр тартканын өз социалдык тармактарына жазышты. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Афансьев Благовещенск шаарындагы митингди чагылдырып жатканда кармалды.

Москванын борборунда жөө жүргүнчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бийлик жети метрону жаап, коомдук транспорттун каттамдарын өзгөрттү жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын чектеди. Ошентсе да болбой адамдар ар кайсы аянттарда чогулуп «аквадискотека» деп ырдап турушту.

Ал эми Владивосток шаарында топтолгондор «Путин - ууру!», «Менин Орусиям түрмөдө» деп кыйкырып жатышты. Ал жакта демонстрация эки саатка созулду.

Навальныйдын бошотулушун талап кылган акциялар Израилдин, Германиянын баш калааларында да өттү.

Гудков: «Орусиялыктар Путин жөнөкөй деп ойлошчу»

Орусиялыктардын эки аптадан бери ири нааразылык акцияларына чыгып жатышына Кремлдин келишкис оппоненти Алексей Навальныйдын камалышы түрткү болду. Ошондой эле ал өзүнүн «Коррупцияга каршы фонду» менен бирге Владимир Путинге таандык деген хан сарай тууралуу даректүү тасма жарыялаган. Баасы 100 миң доллар турары айтылган ал сарайда амфитеатр, хоккей ойной турган муз аянтчасы, аквадискотека, баткак үчүн бөлмө да бар экени айтылган. Эксперттердин айтымында бул маалымат да элдин кыжырын келтирип, митингдерге чыгуунун дагы бир себебине айланды.

«Мурдараак элдин көбү «ооба, бийлик жаман. Губернаторлор, депутаттар жана олигархтар - баары жеп-жутарлар» деп ойлошчу. Бирок алар «Путин жаман эмес. Ал жөнөкөй. Тышкы саясатта аябай туура кадамдарды жасап жатат. Ашыкча ысырапчылыкка каршы күрөшүп келет» деген пикирде эле. Бирок ал башында ошондой болчу. Ошентип элге алынган. Бирок эми Путин өзү каршы чыгып келген байлыктын баары ушул сарайда камтылганын адамдар көрүштү. Мунун баары көп адамдарды нес кылды», - деди Мамдуманын мурдагы депутаты Дмитрий Гудков «Эхо Москвы»

Ал тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөн. Путин өзү ал хан сарай кимдики экенин билбей турганын айткан.

АКШ Москваны адам укуктарын жана сөз эркиндигин сыйлоого чакырды

31-январда тынч митингге чыккандарды күч түзүмдөрү ур-токмокко алып жатышканда Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги орус бийлигин эл аралык укуктарды жана сөз эркиндигин сыйлоого чакырды. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ орус бийлигинин тынч митингчилерге жана журналисттерге каршы колдонгон катаал тактикасын сынга аларын билдирди. Ал бул тууралуу «Твиттерге» жазды. Блинкен ошондой эле Алексей Навальныйды бошотууга чакырды.

Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны Москванын ички ишине «орой кийлигишип жатат» деп күнөөлөдү. Ошондой эле министрлик Кошмо Штаттар «Вашингтондун көзөмөлүндөгү онлайн платформалар аркылуу орусиялыктарды мыйзамсыз митингдерге чыгууга кубаттаганын» сынга алды.

Орусия жана Евробиримдик Навальный камалгандан бери эле анын бошотулушун талап кылып келатышат.

Алексей Навальйдын камалышына каршы акциялар бир апта мурда да Орусиянын 110 шаарында өтүп, кийинки жылдардагы эң ири каршылык демонстрациялары болуп калды. Анда да төрт миңдей адам кармалган.

31-январдагы митингдерди утурлай полиция «уруксат берилбеген акцияларга чыккандар коронавирус чектөөлөрүн бузганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын» эскерткен. Ошондой эле бийлик Навальныйдын жакынкы тарапташтарынын үйлөрүн тинтип, айрымдарын камакка алган.

44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазанын эрежесин бузган деген айып коюлуп, бөгөт чарасы катары 30 күнгө камакка алуу тандалып алынган. Сот 2-февралда бул иш боюнча мурда өкүм кылынган үч жарым жылдык шарттуу жазаны камакка алмаштырып салары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG