Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Зеленский НАТОну Украинага курал жеткирүүнү тездетүүгө чакырды


Йенс Столтенберг жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 29-апрели.
Йенс Столтенберг жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 29-апрели.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг 29-апрелде Киевге барды. Анын бул сапары тууралуу алдын ала маалымдалган эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда сүйлөп жатып Столтенберг НАТО өлкөлөрү Киевдин алдындагы милдеттенмелерин аягына чыгара электигин мойнуна алды жана АКШнын жардамын макулдашуу жараяны жарым жылга созулуп кеткенин, Европа Биримдиги убада кылган снаряддар жеткириле электигин айтты.

Жардамдын кечеңдеши согуш талаасындагы абалга таасирин тийгизбей койбой турганын айткан Столтенберг кырдаал өзгөрөрүн белгиледи жана "Украинанын жеңиши али кеч эмес. НАТО боюнча союздаштар берген убадабызды мына азыр аткарып, реалдуулукка айландырып, курал-жарак жөнөтүшүбүз керек», - деди.

Столтенберг Киевдин НАТО менен кызматташтыгы Украинанын акыры бул уюмга кошулуусунан башка жолго алып барбай турганын, бирок быйыл июль айында Вашингтондо өтө турган саммитте мүчөлүк тууралуу маселеде мунасага жетишүү мүмкүн эмес экенин айтты. Мүчөлүк боюнча чечим кабыл алуу үчүн НАТОго мүчө 32 өлкөнүн баарынын макулдугу керек.

Зеленский Столтенберг ушуну менен Киевге үчүнчү ирет келип олтурганын, НАТО менен Украинанын кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин, бирок андан да мыкты деңгээлге жеткирсе болмогун айтты.

Апрель айынын башында The New York Times басылмасы Украинанын НАТОго мүчө болуп кабыл алынышына АКШ жана Германия каршы болуп жатканын, себеби алар 1945-жылдан берки эң ири согушка тартылуудан кооптонорун өз булактарына таянып жазган. Украинанын бул альянска кошулуусун биринчи кезекте Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү колдоп жатышат.

Украин президенти Зеленский бүгүнкү жолугушууда Орусия Украинанын чыгышындагы чабуулдарын күчөткөнүн, алсыраган жана курал-жарагы жетишсиз украин аскерлери аларга каршы турууга аракет кылып жатканын, андыктан Батыштын жардамы өтө зарыл болуп турганын айтты. АКШда өткөн аптада Украина үчүн 61 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору дээрлик жарым жылдык талашып-тартышуудан кийин кабыл алынган. Зеленский бир аз курал-жарак келе баштаганын, бирок армияга жардам берүү үчүн андан да көбүрөөк жардам талап кылынып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө мен азырынча позитивдүү эч нерсе көрө элекмин. Жөнөтүп жатышат, бирок бул процессти тездетүү зарыл», — деди ал.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда "Украина. 2024-жыл" форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG