Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Пентагондун жашыруун маалыматтарын ким чыгарган?


АКШнын Коргоо министрлигинин имараты
АКШнын Коргоо министрлигинин имараты

Пентагон украин согушуна байланышкан жана башка өтө жашыруун аскердик документтердин ачыкка чыгып кетишин иликтеп жатат. АКШ окуянын масштабын баалоо, кандай маалыматтар жарыяланганын, анын көлөмүн, ыктымал кесепетин аныктоо жана өнөктөштөрдү тынчытууга аракет көрүүдө.

Документтерде Киевдин контрчабуулга өтүү планы, АКШ жана НАТОнун украин армиясын күчтөндүрүү аракеттери камтылган. Талдоочулар өнөктөштөрдүн Вашингтон менен сыр маалымат бөлүшүүсү, Украинанын ушул жазда согуштук аракеттерин күч алдыруу планы эмне болот деген собол коюшат. Пентагондун расмий өкүлү документтердин жарыяланышы “улуттук коопсуздукка чоң коркунуч жаратарын” 10-апрелде белгилеген.

Кандай документтер ачыкка чыкты?

Америкалык расмий өкүлдөр чын-төгүнүн өз алдынча ырастабаган жашыруун документтер украин аскерлеринин позицияларын чагылдырган маалыматтардан тартып, Украинага берилген эл аралык жардамды баалаган маалыматтарды, башка талылуу темаларды камтыйт, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин кандай жагдайларда өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн деген маселе камтылган. Ал маалыматтар брифингдерде көрсөтүлгөн слайддардан тартылып алган сүрөт түрүндө чыккан. Айрымдары өзгөртүлгөнү буга чейин кабарланган.

Канча документ ачыкка чыкканы белгисиз. Associated Press (AP) болжол менен 50 документти карап чыкты. Кээ бир эсептөөлөр боюнча, кеп жүздөгөн документ тууралуу жүрүп жатат.

Документтерди кайсы булак чыгарды?

Бул суроого так жоопту эч ким, Пентагондун башчысы да бере албайт. Коргоо министри Ллойд Остин шейшемби күнкү басма сөз жыйында: "Алар интернеттеги кайсы бир платформада жарык көргөн, кайда жана ошол учурда кимдер көрө алганын билбейбиз. Мунун булагын жана канчалык жайылганын тапмайынча, иликтеп, ар бир ташты оодарып чыкмайынча, токтобойбуз,"- деп билдирди.

Купуя маалыматтар адегенде Discord деген сайтка чыккан болушу мүмкүн. Discord интернет оюндарына кызыккан адамдар арасында популярдуу медиа платформа. Сайтта реалдуу убакыт режиминде добуш, видео жана текст түрүндө чаттар чыгып турат. Адегенде түрдүү темалар талкууланган ошондой форумдардын биринде Украинадагы согуш кеп болуп калат. Катышуучулардын бири айткандай, белгисиз бирөө жашыруун делген документтердин мазмунун биринчи эле өз сөздөрү менен жазып, бир нече ай мурун расмий кагаздардын сүрөтүн салган.

Форумга катышканын айткан киши өзүн “Лукка” деп атаган башка бирөө Discord сайтынын дагы бир чатында документтер менен бөлүшкөнүн Associated Press агенттигине маалымдады. Сыягы ошол жерде жайылып отуруп, кийин маалымат каражаттарына чыгып кеткен.

Мунун чоо-жайын дароо текшерүү мүмкүн эмес. Америкалык жогорку расмий адамдар учурда көптөгөн суроолорго жооп издеп жатышканын моюнга алышты.

Документтерде эмне камтылган?

Документтер АКШ өнөктөштөрдүн, дос мамлекеттердин Орусия жана Кытай менен мамилелерине жакындан байкоо салып турганын көргөзүп койду. Айрым өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды танып же четке кагууда.

AP кабарлагандай, Американын чалгын кызматынын колуна орусиялык ыкчам кызматкерлердин Бириккен Араб Эмираттары менен тыгыз алака-катнаш орнотуп жатканы тууралуу маалымат тийгенин билдирген. Мунайга бай өлкөдө АКШнын маанилүү аскердик объектилери жайгашкан. Эмираттар айыптоолорду “жалган” деп четке какты.

The Washington Post гезити дүйшөмбү күнү Египеттин президенти Абдель Фатах ал-Сиси Орусияга жашыруун жөнөтүү үчүн 40 миңдей ракета чыгаруу буйругун бергенин жазды. Египеттин тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмед Абу Зейд "өлкө эң башынан бул кризиске кийлигишпөө, эки тарап менен тең жакындашпоо позициясын карманганын" журналисттерге айтты.

Ошондой эле Түштүк Кореянын жетекчилери Украинага артиллериялык ок-дары жөнөтүүгө анча көнбөгөнү, Израилдин чалгын кызматы – “Моссад” премьер-министр Биньямин Нетаньяху сунуш кылган сот тармагынын реформасына каршы чыкканы айтылган.

АКШнын атайын кызматтарын каржылоого жылына 90 млрд. АКШ доллары жумшалат. Алар телефондорду тыңшоо, тыңчылар менен иштөө жана спутниктердин жардамы менен байкоо жүргүзүү өңдүү кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

АКШнын жообу кандай болду?

Пентагон жашыруун маалыматтардын чыгып кетиши улуттук коопсуздукка кандай залака тийгизерин баамдоо үчүн ички текшерүү баштады. Мекеменин атын атабаган өкүлү Associated Press агенттигине билдиргендей, брифингдерге катышкан адамдардын санын кескин азайтуу аракети көрүлдү.

Коргоо министринин коомдук иштер боюнча жардамчысы Крис Мигердин айтымында, Пентагондун расмий адамдары ачыкка чыгып кеткен маалыматтар кайсы жерге “жарыяланганына жана таратылганына” жакындан көз салууда.

Андан тышкары Юстиция министрлиги маалыматтардын кантип чоочун кишилердин колуна түшкөнүн жана ачыкка чыкканын иликтөө үчүн кылмыш ишин ачты.

Окуя кандай зыян алып келди?

Мигердин айтымында, жогорку аскер командачылары кесепеттерди жоюу максатында өнөктөштөр менен байланышып жатат.

“Жогорку деңгээлдеги телефон сүйлөшүүлөрүндө чалгын маалыматтарды коргоо жана коопсуздук жаатында өнөктөш мамилелерге берилгенибизди кайталадык”, - деп айтты Пентагондун өкүлү.

Эмки жумада АКШнын расмий адамдары Германияда Украинаны курал-жарак менен камсыздоо жана жардам берүү иштерин координациялоо үчүн 50 мамлекеттин башын бириктирген топтун кезектеги жыйынына катышмакчы. Associated Press аларга бир топ кошумча суроолорго жооп берүүгө туура келерин боолголойт.

“Бирок чалгындын маалыматтарынын ачыкка чыгышы жолугушуунун өзүнө жана өнөктөштөрдүн Киевге курал берүү аракетине таасир этпей турганы күтүлүүдө”, -деп билдирди АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү агенттикке берген маегинде.

Пентагондун башчысы Ллойд Остин шейшембиде Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Чжон Соп менен Сеулга да тиешелүү маалыматтардын ачыкка чыгышын талкуулады.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук мекемесинин жетекчисинин орун басары тараптар документтердин “чоң көлөмү” жасалма деген пикирге келгенин, эки өлкөнүн альянсына бул окуя залака тийгизбесин, Сеул Вашингтон менен алакаларды бекемдерин кабарчыларга билдирди.

Остин жана Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен украиналык кесиптештери менен байланышты. Остин маалыматтын жарыяланышы Киевдин жазгы чабуул планына чоң таасир этпейт деп болжолдойт.

“Украинанын стратегиясы кайсы бир конкреттүү планга таянбайт. Чабуулду баштоо планы бар, анын чоо-жайын президент Владимир Зеленский жана жетекчилик гана билет”,- деп билдирди Ллойд Остин.

Ал эми калган маанилүү жана сезимтал маселелер, мисалы Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн ракеталардын тартыштыгы мурда эле белгилүү болчу. Ошондуктан АКШнын аскер жетекчилери өнөктөштөрдү колунан келген бардык системаларды Украинага берүүгө үндөп келатат.

Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук кызматкери Бен Барри: “Украинанын зениттик ракеталарга муктаждыгынын ачыкка чыгышы, балким Орусия үчүн жагымдуу кабар. Бирок маалымат өнөктөштөрдү керектүү курал-жаракты жөнөтүүнү ыкчамдатууга түртсө, Киев ыраазы болот”, - деген ою менен бөлүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG