Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Финляндия: Бейтарап турум жана НАТОго кирүү


Финляндия.
Финляндия.

4-апрелде Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто өлкөнүн НАТОго кирүүсү тууралуу келишимге кол койду да, “Кансыз согуш” доорунда жаралган аскердик ынтымактын саны 31 өлкөгө чыкты.

Бул тарыхый чечимди карапайым финдердин көпчүлүгү шаттана колдоп чыгышты. Тарыхчынын блогу.

Эски согуш сабактарынын бири – бейтараптык болчу

1949-жылы, сталиндик тоталитардык режимдин чеңгелинде турган Советтер Биримдигинин жана Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөрдүн болжолдуу баскынчылыгынын коркунучуна каршы биргелешип коргонууну уюштуруу мүдөөсүн көздөгөн айрым Батыш өлкөлөрү НАТОго баш кошкон.

Бул доор адатта “кансыз согуш” доору деп аталган менен иш жүзүндө коммунисттик өлкөлөрдүн ичинде аскердик күч колдонуунун бир катар учурлары катталган. Маселен, 1956-жылы Венгрияга, 1968-жылы Чехословакияга советтик танктар киргизилген. Кагылышууда каны төгүлгөндөр тууралуу маалыматтар тоталитардык бийликтер тарабынан жаап-жашырылган. 1981-жылы бул танктар “Солидарност” кесиптик кошууну баштаган демократиячыл кыймылды муунтуу үчүн социалисттик Польшага да аз жерден кире жаздап токтогон.

Ал эми НАТО түзүлгөндөн он жыл илгери дүйнө жүзүндө башка кырдаал жаралган эле. Нацисттик Германиянын фюрери Гитлер Чехословакия менен Австрияны каратып алган соң, Батышка да, Чыгышка да кол салуу пландарын түзүп, бирок оболу 1939-жылы августта тышкы иштер министри фон Риббентропту Маскөөгө жөнөтүп, натыйжада Молотов-Риббентроп пакты (келишими) түзүлгөн. Польшаны, Балтика боюндагы өлкөлөрдү бөлүп алуу сыяктуу маселелерде Гитлер менен Сталин тил табышкан жана алардын “ынтымактуу чечими” жогорудагы пакттын жашыруун протоколунда чагылдырылган.

1939-жылы 1-сентябрда Гитлер эгемен Польшага кол салган, ал эми сталиндик аскерлер 17-сентябрда Польшага чыгыштан басып кирген. Бул эки баскынчы аскерлердин биргелешкен “аскердик достук парады” 1939-жылы 22-сентябрда Польшанын чыгышындагы Брест шаарында өткөрүлгөн.

Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Айтмакчы, 1939-жылы 17-сентябрда, Кызыл армия Польшага басып кирген күнү, СССР бийлиги Финляндиянын бейтараптык саясатына колдоо көрсөткөн (ал эми бул өлкөгө аскердик чабуул жасоо үчүн тымызын камылгаларды сталиндик бийлик Молотов-Риббентроп пактынан алда канча мурда эле баштаганы маалым).

Чыгыш коңшусу менен аргасыз согуш

Финляндия өкмөтү, албетте, башка өлкөлөрдүн бийликтери сыяктуу эле, Молотов-Риббентроп пактынын жашыруун протоколунан эч кабарсыз болчу.

Бирок кайып-каскактан аман бололу деп, фин бийликтери 1920–30-жж. өлкөнүн чыгыш чек арасында – Карел мойногундагы өз тарабында алдын-ала коргонуу чараларын көрүп, тарыхта “Маннергеймдин коргонуу сызыгы” (финче “Mannerheim-linja”) деген ат менен калган танкка жана артиллерияга каршы 130 чакырымдай узактыктагы бекем коргонуу системасын куруп койгон. Анда далай бекем ДОТ жана ДЗОТ аталган жайлар курулган.

Гитлердин айрым ийгиликтерин көргөн жана Польшанын чыгышын басып алууга жетишкен Сталин Кызыл армиянын күчүн Финляндиядан сыноону туура таап, 1939-жылы 30-ноябрда эгемен Финляндияга каршы адилетсиз баскынчыл согуш баштаган.

Улам илгерилеп жиреп келген соң кызыл аскерлер айтылуу маршал Карл Густав Маннергеймдин буйругу менен курулган коргонуу жайлар системасынын өздөрүнүн чалгынчылары алдын-ала билбеген кесепетине кабылышкан.

Жок, Молотов!..

Бул коргонуу сызыгы финдердин “Жок, Молотов!” ( “Нет, Молотов!”) деген элдик болуп калган патриоттук ырында да эскерилет.

(Бул ырдын фин ырчысы Матти Юрванын 1942-жылкы аткаруусундагы ырдалышын уксаңыздар керек).

(Ырдын орусча тексти)

“Финляндия, Финляндия,

Иван кайра аны көздөй бет алды да.

Деги Молотов сөз бердиби, баары болот жайында,

Эртең эле Хелсинкиде карк болушат балмуздакка.

Жок, Молотов! Жок, Молотов!

Жалганчысың, ашып тигил Бобриковдон!

Финляндия, Финляндия,

Маннергейм сызыгы калбаат торойт алдыда,

Каардуу замбирек огу жаап Карелиядан

Оозун жаптырды далай Ивандын да.

Жок, Молотов! Жок, Молотов!

Жалганчысың, ашып тигил Бобриковдон!..

...Уралдан аш, Уралдан аш,

Аякта көп молотовдук дачалардын жерлери.

Ал жакка кетиребиз сталиндерди, алардын көшөкөрлөрүн,

Саясий жетекчилерин, комиссарын, петрозаводск кескилерин,

Жок, Молотов! Жок, Молотов!

Жалганчысың, ашып тигил Бобриковдон!..

Орусиялык баскынчыларды келекелеген бул ырдын негизги бутасы — жалпы сталинчилер жана алардын арасында ошол кездеги СССРдин Тышкы иштер эл комиссары жана СССР Эл Комиссарлар кеңешинин төрагасы Вячеслав Молотов болду. Финдер аны падышалык оторчулук доорундагы Финляндия Улуу Герцогдугунун генерал-губернатору, шовинисттик жана орусташтыруучу саясатты жүргүзүүгө далаалат кылган генерал Николай Иванович Бобриковго теңеп шылдыңдап салыштырышкан.

Бул даңазалуу ырдын сөзүн Тату Пеккаринен, обонун Матти Юрва чыгарган. Аны финдер Улуу ата мекендик согуш маалындагы советтик “Катюша” ырындай эле өзгөчө кастарлашкан.

Орду толгус оор жоготуулар

Фин-совет согушунун алгачкы учурларында фин аскердик техникасы мыкты болгон. Советтик дурусураак чопкуттуу техника 18-декабрдан кийин гана салгылашуу талаасында пайда болгон.

Сталиндин өкмөтүнүн бул баскынчыл согуштарынын айынан 1939-жылы 14-декабрда СССР Улуттар лигасынын курамынан чыгарылып салынган.

СССРде “Финляндиянын элдик өкмөтү” түзүлгөн, бирок баскынчылар түзгөн бул коммунисттик “өкмөт” эгеменчил фин элинин колдоосуна ээ болгон эмес.

“Кышкы согуш” аталган фин—совет согушу маалында даярдыксыз Кызыл армиянын көп сандаган жоокерлери набыт кеткен. Финдер чаңгычан (лыжачан) жоокерлерди да, дарактарга жашырынып алган көзгө атарларды (снайперлерди) да, партизандык жардыруу ыкмаларын да капысынан уюштурулган чабуулдарында ийкемдүү колдонушкан.

Кийинчерээк “Молотов коктейли” деген атка конгон танкка каршы колдонулган күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү дал ушул финдер алгачкылардан болуп Кызыл аскерлердин танктарына каршы жапатырмак колдонушкан.

Бир эле мисал айтсак, генерал Кондрашовдун 15 миңдей жоокерден турган 18-аткычтар дивизиясы менен 34-танк бригадасы камалоодо калып, андан болгону 1237 жоокер гана жарып чыгып, дивизиянын туусу жоголгон. Бул окуялардан соң генерал Кондрашов атууга кеткен.

Бирок “замбирек бутасы” болчу улам жаңы жоокерлерди көп сандап табуу эбегейсиз зор Совет мамлекети үчүн оңой иш болчу. Фин согушуна кыргыздар да Кызыл армиянын катарында катышкандыгы маалым.

Финдер да жалгыз калышкан эмес. Эл аралык коомчулук эгемендик үчүн күрөшкөн финдерге олуттуу көмөк берген. Батыштан 12 миңдей ыктыярчы келип, фин тарабында салгылашкан (алардын 8 миңи коңшу Швециядан келген). “Ак гвардиячы” делип жүргөн аскердик даярдыгы бар орустар да, айрым колго түшкөн мурдагы советтик жоокерлер да, Гитлердин тукум курут саясатынан качкан батыш европалык жөөттөрдүн өкүлдөрү да фин тарабында Кызыл армияга каршы салгылашууларга катышканы маалым.

Акыры, 1940-жылы 12-мартта Маскөөдө кол коюлган тынчтык келишимине ылайык согуш аракеттери токтотулган, бирок Финляндия өз аймагынын 10 пайыздайынан ажыраган. Кызыл армия басып алган жерлердеги финдер мыйзамсыз куугунтукка жана депортацияга кабылган.

Согушта финдердин 26 662 жооокери, карапайым кишилерден 1 миңдейи набыт кеткени, ал эми СССРдин жоокерлеринен согушта же ооруканада мерт тапканы жана дайынсыз жоголгондору чогуу эсептелгенде 126 875 киши жоготууга учурагандыгы айтылып келет.

Дегиңкиси, азыркы Украинадагы Бахмут салгылашуусун 1939–40-жылдардагы фин-совет согушундагы салгылашуулар менен окшоштурууга аракет кылган калемгерлер бар.

Арийне, акыры бул согушта финдер жеңилүү ызасын тартышкан жана айрым жерлерин алдырышкан, бирок СССРден мамлекеттик эгемендигин сактап калышкан. Бүгүнкү украин куралдуу күчтөрү, буюрса, биротоло жеңишти камсыз кылышы күтүлөт.

Нацисттердин аргасыз шериги

“Бул согушта жеңдик” деп Сталин моралдык жактан маашырланганына карабастан, дал ошол Кремлдин кожоюну капыстан ачкан согуштун айынан реваншты көксөгөн Финляндия мурдагы бейтараптык турумунан кайтып, Гитлердин өкмөтү менен тыгыз жакындашууга аргасыз болгон.

1940-жылдын сентябрынан тартып Финляндияга германдык нацисттик аскерлердин айрым бөлүктөрү жеткириле баштаган.

Ошентип, 1941-жылы 25-июндан тартып Финляндия Гитлер тарабында Экинчи дүйнөлүк согушка кайрадан кирип, ал түгүл өзүнөн сталинчилер тартып алган аймактарды кайра убактылуу кайтарып алган.

Бул фин-совет согушунун жаңы улантылышын Финляндиянын тарыхында “Улантылган согуш” деп аташат, анткени анын Финляндия үчүн башкы максаттарынын бири – мурдагы “Кышкы согуштан” улам өлкө колдон чыгарган аймактарды СССРден кайра кайтарып алуу болчу.

1941-жылы фин жана герман аскерлери Карелия жакта илгерилеп, Петрозаводск сыяктуу шаарлар жана башка аймактар басылып алынган. Финдер эми өздөрү мурда тарттырган аймактан алда канча көп жерди көзөмөлдөп калышкан.

Фин аскерлери фашисттик немис аскерлери менен биргелешип Ленинград шаарын камалап кирген. (Ленинграддын камаланышы 1941-жылы 8-сентябрда башталып, 1944-жылы 27-январда аяктагандыгын бардыгы билет).

Маалыматтарга караганда, фин аскерлери бул согушка өзгөчө жигерденбестен катышкан. Финдер 1941–42-жылдагы кыш айларында Ладога аркылуу “Өмүр жолунун” камсыз кылынышын үзгүлтүккө учуратпай коюшкан экен. Маннергейм фин аскерлеринин Ленинградды абадан бомбалоосуна уруксат берген эмес.

Финляндия менен нацисттик Германиянын “өнөктөштүгү”, ошентип, мышык-чычкан оюнундай эле болгон.

Маршал Маннергейм “менин аскеримде жөөттөр да салгылашып жатат, аларды эч камакка алууга жол бербейбиз”, – деген таасын турумун германдык фашисттерге ачык билдирген. 1944-жылы 4-августта Финляндиянын президенти болуп калганда, Маннергейм нацисттик Германия менен аскердик келишимди дароо жокко чыгарган.

Бейтарап турумга кайтуу

Ал эми экинчи дүйнөлүк согуштун соңку баскычы маалында, 1944-жылы 19-сентябрдагы Маскөөдөгү ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге ылайык Финляндия өкмөтү 1941-жылы фин аскерлери бошотуп алган жана кошумча басып алган жерлерди кайра Сталиндин режимине кайтарууга аргасыз болгон.

Экинчи согуш аяктагандан кийин көп узабай башталган идеологиялык “кансыз согуш” доорунда Финляндия бейтарап макамды ырааттуу кармангандыгы белгилүү.

Анын бейтараптык макамынан “кансыз согуштун” эки тарабындагылар тең уткан.

Маселен, 1975-жылы жайында Финляндиянын борбору Хелсинки шаарында кол коюлган “Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча жыйындын Корутунду акты” (Final Act of the Conference on Security and Cooperation in Europe) деген маанилүү документти “Хелсинки декларациясы” деп да атап келишет.

“Кансыз согуш” доорун токтотууга башат болуп калган бул документтин негизинде 20 жылдан кийин (1995-жылы) Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ/OSCE) түзүлгөн эмеспи.

Айтмакчы, бейтарап Финляндиянын 1956–1981-жылдардагы лидери Урхо Калева Кекконен мырза советтик Кыргызстанга да конокко келгендиги жана аны кыргыздар өтө жылуу тосуп алышкандыгы маалым. Ошол доордо кыргыздар фин эпосу “Калевала” тууралуу көбүрөөк маалымат алышкан.

Курманжан Датка саякатчылар П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана өз небереси менен. 1906.
Курманжан Датка саякатчылар П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана өз небереси менен. 1906.

Маннергеймдин бейнесин болсо кыргыздар постсоветтик доордо гана кайрадан ачышты. Ал 1906-жылы тарткан Курманжан датканын фото сүрөтү кыргыз улуттук акча бирдигин кооздоп келет.

Украин-орусиялык согуштун таасири – бейтараптыктан баш тартуу

2014-жылы Орусия эгемен Украинанын Крым жарым аралын жана Донбасстын айрым аймактарын басып алып, кремлчил жикчилдердин “көз каранды эмес элдик жумурият” деп өздөрүн атап алган түзүлүштөрүн аскердик жана каржылык жактан колдоп кирди.

2022-жылдын 24-февралынан тартып болсо Путиндин режими Украинага каршы ири өлчөмдөгү баскынчыл согушун жүргүзүүдө.

Буга чейин бейтараптыкты (нейтралитетти) карманып келген расмий Хелсинки 2022-жылы май айында Орусиянын болжолдуу баскынчыл саясатынан чочулап, НАТОго кошулуу арызын тапшырды.

Эми, 2023-жылдын 4-апрелинен тартып, Финляндия НАТОго 31-мүчө өлкө болуп калды.

4-апрелде Рейтерс кабар агенттиги бул окуя жаатында айрым карапайым финдердин пикирлерин жарыялады.

Алардын айрымдарына шилтеме бере кетели.

59 жаштагы дизайнер Оути Лехтимаки: “Финляндиянын НАТОго кошулушун мен жагымдуу иш катары баалайм. Биз канча жылдар бою Орусия менен коңшулаш болуп келебиз. Менин атам орусиялыктарга каршы согушка да катышкан. Демек, бул окуя мен үчүн жекече мааниге да ээ”, – деп айтты.

Орусиянын чек арасына жакын Виролахти жергесинде байырлап жаткан 70 жаштагы ардагер аскер инженери Илкка Лансиваара мырза дароо эле өз үйүнүн жанына НАТОнун желегин илип койду. Анын атасы Экиинчи дүйнөлүк сонушта аскер учкучу катары кызмат өтөгөн.

“Бул – Финляндия үчүн өзгөчө күн. Эми биз өз күчүбүзгө гана таянып тим болбостон, арка болуп турчу кубаттуу колдоого да ээ болдук”.

78 жаштагы Матти Сеппала болсо чек арага жакын аймакта жашаган ардагер жумушчу. Ал Орусиядан эч коркпой тургандыгын, бирок НАТОго кошулуу Финляндиянын коопсуздугун андан ары чыңдайт деп аңдаарын билдирди: “Дегиңкиси, бул кошулууну туура деп көрөм. Тиги “чоң байке” дагы эмнелерди кылып жиберэээрин сиз эч качан алдын ала билбейсиз да”, – деп ал “чоң байке” катары Орусияны тергеди.

Албетте, Финляндиянын НАТОго киришине каршы пикирлер да Рөйтерс агенттиги жана башка маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылууда. Алар көбүнесе орусиялык бийлик өкүлдөрү жана айрым орусиялык жарандар.

Мисалы, өзүн Николай деп тааныштырган санкт-петербургдук тургун “Финляндияны капиталисттик дүйнөдөгү бизге бир тууган өлкө катары кабылдачу элек. Эми ал бизге дос эмес өлкө болуп калды да”, – деген иренжиген пикирин билдирген.

Скандинавиянын дагы бир өлкөсү – Швеция падышалыгы да бейтарап макамдан баш тартып, НАТОго мүчө болууга умтулууда.

Эгерде ал өлкө НАТОго мүчө Түркия жумурияты менен айрым маселелердеги айырмалуу турумдарын такташып алышса, анда Швеция да жакын арада НАТОнун 32-мүчө өлкөсү болуп калышы ажеп эмес.

Андан кийинки кезекте – өз эгемендиги үчүн айыгыша салгылашып жаткан Украина турат. Ал дагы НАТОго мүчө болууга өзгөчө ынтызар.

Борис Ельциндин президенттигинин тушунда Орусия деле НАТО менен тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүп келген.

Азыркы орусиялык режимдин идеологиясы президент Владимир Путиндин кызматтан кетиши менен Кремлдин саясий ой чабытынан сыртка чыгарылчу болсо, анда болочоктогу Кремлдин кожоюндары деле НАТО менен кадыресе өнөктөш болууга умтулушу ажеп эмес.

Баскынчыл идеяларга жетеленгендер Евразиядагы жана башка чөлкөмдөрдөгү эч бир өлкөдө бийликке келишпесе, анда НАТО сыяктуу аскердик ынтымактар деле тынч жол менен өзүн өзү таркатаар жаркын учур болочокто жаралаар.

Азырынча Скандинавиянын чыгышындагы фин жумурияты НАТОго жаңы мүчө өлкө катары өзүнүн жаңы сагасын (улуу дастанын) баштоодо.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG