Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Өзбекстанда телеканал мультфильм үчүн кечирим сурады


Мультфильмдеги сынга алынган кадрлар.
Мультфильмдеги сынга алынган кадрлар.

Өзбекстанда балдар телеканалынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Буга каналда көрсөтүлгөн мультфильмдеги өбүшкөн кадрлар себеп болгон.

Дүйшөмбүдө өзбек бийлиги жергиликтүү "Аклвой" (Aqlvoy) балдар каналына тыюу салынган көрүнүштөрдү бергени үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу телеканалдын администрациясы билдирди.

"Балдарды келечекке үндөө, аларды дүйнөлүк маданий мурастар менен тааныштыруу, айлана-чөйрөнү таанып билүүгө үндөө максатында иштелип чыккан берүүлөр, кичинекей балдар үчүн кабыл алынгыс көрүнүштөр катары көрсөтүлгөнүн моюнга алгандыгыбызга өкүнөбүз", - деп жазылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Кызматкерлерге болсо өлкөнүн парламенти бекиткен "Балдарды саламаттыгына зыян келтире турган маалыматтардан коргоо тууралуу" мыйзамдын талаптары дагы бир жолу айтылып, мыйзам бузулган учурда жаза чаралары колдонулары эскертилди.

Ал эми катуу эскертүүгө себепкер болгон "Шахрезада" жана "Арт - Одиссея" мультфильдери социалдык тармакта да талкууга түшкөн.

"Арт - Одиссея" мультфильминде ренессанс доорунун чебери Сандро Боттичеллинин "Венеранын төрөлүшү" аттуу белгилүү сүрөтү баяндалат.

Мультипликаторлор сүрөттүн тарыхын көрсөтүп жатып "Венера төрөлгөндө ымыркай болушу керек эле" деп белгилешкен. Айрым өзбек көрүүчүлөрүнүн нааразы кылган бул мультфильм буга чейин дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө балдар телеканалдарында көрсөтүлүп келген.

Ал эми нааразылык жараткан экинчи "Шахрезада. Айтылбай калган окуялар" анимациялык сериалында ханыша Аладдинди өөп жаткан болот.

Өзбекстандыктар бул эки мультфильмде жылаңач аялдар жана өбүшүү сыяктуу сахналар тартылганын айтып, айыпташкан.

Бул айыптоолордон кийин "Аклвой" телеканалынын кызматкерлери келечекте мындай каталарга жол бербөө үчүн чет өлкөлүк мультфильмдерди дубляж кылган компаниялар менен кошумча келишимдер түзүлгөнүн билдиришти. Эми ар бир телеканал бийлик каалабаган эпизоддорду алып салууга милдеттүү болот.

Бул окуядан көп өтпөй "Аклвой" балдар телеканалында жаңы штат ачылды. Анда иштеген кызматкер мультфильмдердеги "өзбек менталитетине туура келбеген көрүнүштөрдү таап, аларды кесип же көрүнбөгөндөй кылып жабуу менен алектенет". Бул тууралуу телеканалдын кызматкерлеринин бири "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына билдирди.

"Биз кошумча дагы бир кызматкерди ишке алдык. Ал видеолордогу өбүшүү сыяктуу балдарга туура келбеген көрүнүштөрдү кесип же көрүнбөгүдөй кылып жаап турат. Мындай тажрыйба башка телеканалдарда да иштеп жатат".

Цензура менен алектенген штат буга чейин өзбекстандык "Sevimli" жана "Zu'r TV" телеканалдарында да ачылган.

Ал эми "Аклвой" балдардын билим берүү жана көңүл ачуу каналы катары, үч жаштан он жашка чейинки балдарга арналган. Телеканал АКШнын, Түштүк Кореянын, Кытайдын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн мультфильмдерин көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG