Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

Өзбекстан: мечиттеги сабак үчүн жаза


Дүйшөмбүдө Самарканд облустук соту жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний сабактарды өткөнү үчүн 15 суткага камакка алынган өзбекстандык Аслиддин Худойбердиевге байланыштуу чечимди күчүндө калтырды.

Аслиддин Худойбердиев үстүбүздөгү жылдын 25-майында Самарканд облусуна караштуу Пахтачи районундагы мечиттердин биринде жүргүзүлгөн рейдде камакка алынган.

Худойбердиевдин адвокаты Абдувохид Якубов өзүнүн "Фейсбук" баракчасында билдиргендей, Аслиддин Худойбердиевге Өзбекстандын Жазык кодексинин "Милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо" жана "Диний окууларды өткөрүү тартибин бузуу" беренелери боюнча айып тагылып, 15 сутка камакка алынган.

Адвокат Якубовдун айтымында, 31-майдагы соттук отурумда ал Худойбердиевге коюлган айыптардын негизсиз экенин тастыктаган бардык далилдерди сотко берген, бирок сот аларды эске алган эмес жана мурдагы чечимди күчүндө калтырган.

Жактоочу эми Аслиддин Худойбердиевдин баш коргоо чарасы тууралуу соттун чечимин жогорку инстанцияга арызданууну көздөп жатканы белгилүү болду.

Буга чейин Самарканд облусунун ички иштер башкармалыгы Худойбердиевди камакка алууга 25-май күнү кечинде "Ходжа Зиевуддин" мечитинде болгон окуя себеп болгон деген маалыматты тастыкташкан.

"Бул мечитти текшерүү учурунда 11 адамга, анын ичиндеги беш жашы жете элек балага диний уюмдун борбордук башкаруу органынын уруксатысыз диний билим берилип жатканы аныкталды. Жагдайга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесине ылайык, мугалимге карата административдик протокол түзүлдү. Эгерде адам диний окууларды окутууну көздөсө, анда ал атайын сабак алып, мыйзамга ылайык иш алып барышы керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Самарканд облусунун Пахтачи районундагы "Ходжа Зиевуддин" мечитинде жарандык кийимчен полиция баланы суракка алууда. Видеодон скриншот. 25-май, 2021-жыл.
Самарканд облусунун Пахтачи районундагы "Ходжа Зиевуддин" мечитинде жарандык кийимчен полиция баланы суракка алууда. Видеодон скриншот. 25-май, 2021-жыл.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын жеке булагы, 25-майда мечитте болгон окуяга күбө болгонун айтып берген.

"Алгач полиция Худойбердиев менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анан бошоткон. Бирок эки жарым күндөн кийин камакка алынды. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаганы үчүн айып тагылды", - деп билдирди окуянын күбөсү.

Аслиддин Худойбердиев социалдык тармакка жарыялаган тасмада бир нече укук коргоо кызматкери мечитке кирип келип, ал жерде диний билим алып жаткан балдарды жана чоңдорду суракка алганын көрүүгө болот.

Видеодо укук коргоо органынын кызматкери 9-10 жаштагы баланы мечитте эмне кылып жүргөнү боюнча суракка алып, дептерин текшерип, анда эмне жазылганын сурап жатканын көрүүгө болот.

Көшөгө артында Худойбердиевдин укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мечиттеги жашы жете элек балдар диний билим албай, жөн гана араб арибин үйрөнүп жатканын жана баланы ата-энеси жокто суракка алуу мыйзамсыз экендигин түшүндүрүүгө аракет кылып жатканы угулат.

Көп өтпөй Худойбердиевдин "Фейсбуктагы" тасмасы өчүрүлгөн. Ал арада Самарканддагы мечиттеги рейд социалдык тармактарда нааразылык жана талкуу жаратты.

"YouTube" жана "Facebook" баракчаларына жарыяланган видеонун астындагы комментарийлерде айрым колдонуучулар полиция кызматкерлеринин аракетин айыптап, алар адамдардын диний билим алуу укугун чектеп жатканын билдиришти.

Айрымдары тескерисинче, полициянын аракетин колдоп, мыйзамсыз диний билим алуу коркунучу бар экенин эскертишти.

Ташкенттеги Исламабад мечитинин курулушу.
Ташкенттеги Исламабад мечитинин курулушу.

Өзбекстандын 1998-жылы кабыл алынган "Абийир эркиндиги жана диний уюмдар" жөнүндө мыйзамдын 9-беренесине ылайык, динди, анын ичинде араб тилин жана Куранды өз алдынча окутууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, Өзбекстанда 16 жашынан баштап гана диний билим алууга уруксат берилген. Мамлекет тарабынан бекитилген медреселерге тапшырууну каалагандар орто мектепти аяктагандыгын тастыктаган документ тапшырышы керек.

Үстүбүздөгү жылдын 5-майында Өзбекстан парламентинин Төмөнкү Палатасы "Абийир эркиндиги жана диний уюмдар" жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Эми документ күчүнө кириши үчүн Сенат жактырып, президент кол коюшу керек. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда учурдагы "Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзам күчүн жоготот.

Эң маанилүү өзгөртүү жарандардын коомдук жайларда диний кийим кийишине тыюу салынган чектөөнүн алып салынганы болот. Бирок жаңы мыйзам долбоорунда диний билим берүүгө байланыштуу бөлүгү өзгөрүүсүз калган.

Учурда Өзбекстан Мусулмандар Башкармалыгына караштуу Ташкент ислам институту жана тогуз медресе бар.

Бирок Самарканд облусунда медресе жок. Имамдарды кайра окутуу боюнча бир гана "Имом ал-Бухорий" изилдөө борбору иштейт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG