Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Айыл чарба министрлиги жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Министрлер кабинетинин “Кыргызстандын аймагына тоок жумурткасын ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Документ Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоочу бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды.

Чектөөнү алты айга киргизүү каралууда. Качан башталып, кайсы күнү бүтөрү көрсөтүлгөн эмес.

Токтом долбоорунун негиздемесинде мындай сунуш өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун иштешин камсыздоо үчүн азык-түлүк товарларына рыноктук бааны турукташтыруу максатында иштелип чыкканы айтылат.

“Кыргызстанда акыркы эки жылда канаттууларды өстүрүүдө интенсивдүү өсүш байкалып, жумуртка чыгарууда жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсе өстү. Мындан тышкары жай-күз мезгилинде үй чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн олуттуу өсүшү байкалат. Ушуга жараша бул мезгилде жумуртканын сактоо мөөнөтү кыскарат жана жумуртка кампаларда ашыгы менен толот. Ошондой эле бул мезгилде талапка ылайык сактоого жатпаган, азык-түлүк коопсуздугунун сапаты талапка ылайык жооп бербеген тооктун жумурткасын өлкөгө ташып келүү коркунучу күчөйт. Ветеринардык көзөмөл начар болгон өлкөлөрдөн тооктун жумурткасын ташып келүү (импорт) калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган куш тумоосу жана сальмонеллез сыяктуу инфекциялардын жана оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн”, – деп айтылат токтом долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 9 айында Кыргызстандын аймагына Орусиядан 61,7 млн даана, Казакстандан 55,3 млн даана, Беларустан 34,4 млн даана жумуртка ташып келинген.

Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргызстанга 151,4 млн даана жумуртка ташып келинген. Бул 2022-жылга караганда 30 миллион даанага көбүрөөк. Булардан сырткары Өзбекстандан, Түркиядан, Пакистандан жана башка өлкөлөрдөн да жумуртка ташылып келген.

Кыргызстандын өзүндө тооктун жумурткасын өндүрүү 2022-жылы 607,9 млн бирдикти түзсө, керектөө 747,7 миллион даана деп саналган. 2023-жылы өндүрүү 621,0 млн даана болсо, керектөө 790,3 миллион даанага жеткен.

Кыргызстандын Канаттуулар чарбаларынын ассоциациясынын мүчөлөрү, тоок жумурткасын өндүргөн атамекендик 24 ишкана “жумуртканы ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу туура” деген позициясын билдиришкен. Алар ошол эле маалда өлкөнүн продукциянын бул түрүнө болгон муктаждыгын канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жете турганын айтышкан.

Ассоциация атамекендик өндүрүүчүлөрдө жумуртка өндүрүүнүн жалпы кубаттуулугу 1,2 миллиард даанага жакын экенин билдирүүдө. Учурда Кыргызстанда бул багытта 100гө жакын ишкана жана 60тан ашык катталбаган чакан, орто жана ири ишканалар иштеп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG