Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун жакындарына таандык базар мамлекетке кайтарылды


"Шабдалы-Зар" соода-базар комплексинин асмандан көрүнүшү. УКМК тараткан сүрөт.
"Шабдалы-Зар" соода-базар комплексинин асмандан көрүнүшү. УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жер тилкелерин, өндүрүш жана соода аянттарын мыйзамсыз берүү жана сатып алуу менен байланышкан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында калаадагы борбордук базарлардын бири, баасы 412 111 000 сомду түзгөн "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) комитет кабарлады.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы "Дустлик" ачык акционердик коому менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон.

Кыргызстандын Жер кодексинин ошол маалдагы редакциясына ылайык, мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүү (сатууга) укугу шаардык администрацияда эмес, шаардык кеңеште болгон.

Натыйжада аталган жер тилкеси Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) аттуу Кыргызстандын жарандары менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн.

Муну кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер ырастап турат. Ошондон бери аталган аймак соода базары катары колдонулуп келген.

Азыркы учурда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтүү бюджетти колдоо жана шаарды көрктөндүрүү үчүн "Шабдалы-Зар" соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилип жатат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыров 2010-жылы май айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол эле жылы июнь айында катталган этникалык кагылышка байланыштуу ага жана башка адамдарга айып тагылып, издөө жарыяланган.

Батыровго "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу тууралуу сыртынан өкүм чыккан. 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG