Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Атайын операция: Көлбаевдин өлтүрүлүшүн Аскер прокуратурасы иликтейт


Камчы Көлбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. Бишкек шаары
Камчы Көлбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. Бишкек шаары

Криминалдык чөйрөнүн лидери саналган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 4-октябрда өлтүрүлгөн Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясынын мыйзамдуулугун Аскер прокуратурасы териштирип жатканы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров бул тууралуу “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтып, мамлекет башчы Көлбаев боюнча атайын операцияны алгач интернет булактарынан укканын билдирди.

Президент атайын операцияны интернеттен көргөн

Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү жана андан кийинки окуялар он күндөн бери коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Президент Садыр Жапаровдун жазуу түрүндөгү маеги 16-октябрда мамлекеттик “Кабар” агенттигинде жарыяланды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп, мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп, мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп. Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип, иш Аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү", - деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы өлкөдө "кримдүйнө" деген болбошу керектигин белгиледи.

4-октябрда атайын кызмат “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин өлтүрүшү жөнүндө расмий маалымат таратып, ал кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүн билдирген.

Аскер прокуратурасы эмнени иликтейт?

Мурдагы ички иштер министри, генерал Феликс Кулов атайын операциянын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча президенттин прокуратурага тапшырма бергенин туура чечим деп эсептейт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Балким, зарыл болгондо коргонуудагы аша чапкандык (ред: күч кызматкерлеринин коргоонусу) жөнүндө иликтөө болушу мүмкүн. Анткени “анда курал болгон эмес, эч ким каршылык көрсөткөн эмес” деген ар кандай сөздөр айтылып жатат. Балким атайын даярдыктагы күч кызматкери ошол кезде чагымга туура эмес баа берип алган. Мунун баары ички иликтөөдө, прокуратуранын текшерүүсүндө белгилүү болот. Эгерде кызмат абалынан аша чапканы аныкталса, кылмыштын курамы болот. Бирок катаал жаза албаса дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Президент Баш мыйзамдын, адам укуктарынын, эркиндигинин сакталышына кепилдик катары нейтралдуу позицияны карманып, текшерүү тууралуу тапшырма бергени мыйзам ченемдүү көрүнүш”.

Коомчулук кримтөбөл жок кылынган соң, бул окуя тууралуу президенттин пикирин күтүп жаткан. Адатта президент Жапаров коомдо таалаш жараткан ар кандай окуяларга реакция берип келет.

Саясий талдоочу Руслан Акматбектин оюнда президенттин билдирүүсү кайра бир нече суроо жаратты.

“Билдирүүдө жоопкерчиликтен алыстоо аракети дагы көрүнүп калгандай. Бул көп суроо жараткан билдирүү болуптур. Экинчиден, Камчы Көлбаев көчөдөгү бейбаш эмес. Билдирүүдөгү негизги нерсе, анын (ред: атайын операциянын) мыйзамдуу же мыйзамсыз болгонун териштир деп айтыптыр. Ушундай олуттуу нерсенин мыйзамдуулугу шек жаратса, анда күч органдары башка дагы мыйзамсыз нерселерди жасап жатышабы? Эгер күч органдарына криминал менен күрөшүүгө чечкиндүү, бирдиктүү тапшырма бериле турган болсо анда президент катары алардын аракетин колдой тургандай дагы билдирүү керек. Башкача айтканда "менин башкаруумдун негизинде "караларга" каршы жүрөш жүрүп жатат деген", - деди Руслан Акматбек.

Атайын операциянын айланасында коомчулукта ар кандай пикирлер токтой элек. Мындан улам укук коргоочу Нурбек Токтакунов Аскер прокуратурасы аны тыкыр иликтеп, коомчулукка так маалымат бериши керек деп эсептейт.

“Бийлик маалыматты элге жеткирип турушу керек. Так маалымат жок болсо элде ар кандай ойлор пайда болот. Анан ал ойлорду радикалдуу саясатчылар колдонуп, коомчулукту ызы-чуу кылып, элди көтөрүүгө аракет кылат. Ошондуктан бийлик окуялар боюнча так маалымат берип турушу керек”.

УКМК Көлбаевди кармоо учурунда анын жанында кимдер болгону жана кандай шартта каршылык көрсөткөнү жөнүндө маалымат берген эмес.

5-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Көлбаевдин жок кылынышын комментарийлеп, өлкөдө криминалга каршы аёсуз күрөш улантылаарын айткан.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Көлбаев өлтүрүлгөндөн бери аны менен байланышта делген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн сырткары, ишкерлер, мурунку депутат, жакындары дагы кармалды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG