Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

Москва: Кол салууда жоголгон кыздардын ысымы каза тапкандардын тизмесине кошулду


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвадагы “Крокус сити” борборуна кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.

Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын маалыматтары камтылган. ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло элек", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин кыздардын жакындары генетикалык экспертиза (ДНК) үчүн анализ бергенин айтышкан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен кандуу калабада каза тапкандар тууралуу болжолдуу тизмени улам жаңылап жатат.

Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.

Акыркы эсептерге ылайык, каза болгон 139 кишинин 120сынын тек-жайы такталды. Дагы 180ден ашуун адам жараат алган.

22-марттан бери дайынсыз болгон кыздардын бири Эдита Жусупова 24 жашта болчу. Ал бир жылдан бери "Крокус холлдун" ашканасында иштеп жүргөн. Орусияда апасы, жакындары менен жашап келген.

"Эки күндөн бери бул жактагы туугандар менен Москвадагы ооруканаларды түрө кыдырдык. Ар бирине кирип, кызымды издеп жүрөм. Азыр нес абалдамын. Элчиликтен деле жардам жок. Алар биз менен кошо жүрсө деле болмок. Айрым жерлерге бизди киргизбейт экен. Бул жакта биздин үнүбүздү уккан, жардам берген адам жок. Кызымды издөө аябай оор болуп атат. Сөөктү таануу үчүн моргго да барып келдик", - деген эле анын апасы бүгүн эртең менен.

Москвадагы кандуу кол салуу болгон күнү Эдита иште эле. Ал күндү кыздын кесиптештери түрдүүчө айтып жатканын энеси билдирди:

"Биз чогуу иштегендер менен да сүйлөштүк. Кызым ал залдын 7-кабатында торт жасаган бөлүмдө иштейт. Бири аны пальтосун кийип атканын көргөнүн, дагы бири сыртка чыкканын айтты. Кыскасы, ар кимиси түрдүүчө айтып атат. Эмне үчүн жумушчуларга ушундай учурда өзүн коргоп же залдан чыгып кетүүгө үйрөтүшкөн эмес деп капамын. Кызым дагы эле ошол "Крокустун" залындабы деп ойлойм. Балким, ал жерде эс-учун жоготуп дагы деле жатат. Мени киргизбей жатышат. Мага бийликтен, элчиликтен кызымды издөөгө жардам керек".

Дайынсыз жоголгон экинчи кыз Маиза Гүлжигит кызы 20 жашта болчу. Ал алты айдан бери "Крокус Сити Холлдо" иштеп жаткан. "Азаттык" анын атасы менен байланышты:

"Кызымдын Орусияга келгенине жети ай болгон. Апасы, калган туугандарыбыз Кыргызстанда. Алардын жүрөгү ооруп калмай болду", - деди ал.

Маизанын атасы да кыргыз бийлигинен жардам сурап, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен издөө иштерине көңүл буруусун өтүнгөн.

Шектүүлөргө байланышы бар деп теги кыргызстандык кармалды

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоону уюштурууга шек саналган 11 киши аныкталганын билдирип, “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышкан” деп айыпталган төрт адам 24-мартта эки айга камакка алынган. Баары Тажикстандын жараны. Эртеси дагы үч тажик жараны камалган.

26-мартта Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүндү. Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алды. Ал Красногорск шаарында турат, үч баласы бар.

Маалыматка караганда, Касимов кол салууга шек саналып кармалгандардын бирине - Шамсиддин Фаридуниге батирин ижарага берген болушу мүмкүн. Сотто Касимов Фаридунинин террорчулукка байланышы бар экенин билбегенин, батирин “Авито” сервиси аркылуу ижарага берип жүргөнүн айтты. Сот залынан анын колун бурап алып кетип баратышканда апасы, жакындарынын боздоп ыйлаганын орус маалымат каражаттары тараткан видеодон көрүүгө болот.

Анын апасы маалымат булактарына уулунун терроризмге эч кандай байланышы жок экенин, батирин ижарага бейтааныш эле адамга бергенин айтып берген.

Расмий Бишкек ушул эле күнү билдирүү таратып, Касимов 2014-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгынан чыкканын маалымдады.

“Буга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Шереметьеводо ара жолдо калгандар

Каргаша болгон күндүн эртеси - 23-марттан бери Шереметьево аэрпортунда чет элдиктер, негизинен борборазиялыктар чек арадан өткөрүлбөй кармалып турат. Алар орой мамиледен жабыркап, тамак-ашка жетпей ачка калганы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү тайпаларга жазып жатышат:

"Кыргызстандан Москвага аттангандар, бир-эки ай келбей тургула. Жок дегенде бир ай келбегиле. Аэропортто жегенге да, ичкенге да эч нерсе жок, отурабыз. Башка тайпаларга муну таратып койгула", - деди Баткенден Орусияга барып, аба майданда калып кеткендердин бири.

23-мартта Шереметьевого барып, айла жок эки күндөн кийин Бишкекке кайтып келген Азамат аэропортто чек арачылардын жана күч кызматкерлеринин жасаган мамилеси тууралуу буларды айтып берди:

"Бизди кылмышкерлердей сүрөткө тартышты. Паспортторубузду алып коюшту. Анан конверт алып келишти. Ичинде кандайдыр кагаздар бар экен, ачып көрсөтүшкөн жок. Конвертке кол койдуруп алышты. Арабызда Казакстандын бир жараны да бар эле. Алардын элчилигинен адистер аэропорттогу паспорт көзөмөл пунктуна келип, орус күч кызматкерлери менен талашып, өз жаранын алып чыгып кетишти. Кыргызстандын элчилигинен да келишти, тамак берип, "жакын арада артка учуп кетесиңер" деп кетишкен".

Азаматтын айтымында, айрымдар ошол жерден Кыргызстанга билет сатып алып, артка кайтышкан. Ал төрт шериги менен билет албай эле Бишкекке учканын, учакты ким уюштурганын билбей турганын айтты. Аба майданда калгандардын арасында Орусияга биринчи жолу баргандар да бар экенин белгиледи.

Назгүл Жусупакунова
Назгүл Жусупакунова

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова кандуу окуядан кийин аталган аэропорт күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдады:

"Мурда Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган жарандар кайра артка кайтарылууда. Бул маселе боюнча элчилик Орусиянын компетенттүү органдарына расмий кайрылды. Аэропортто кармалып турган жарандарды тамак-аш менен камсыздоо жана алардын маселесин тездетүү өтүнүчү да билдирилди".

Элчиликтин өкүлү аларга канча маал, ким тамак жеткирип жатканын тактаган жок.

Тышкы иштер министрлиги Шереметьеводогу кыргызстандыктардын саны 30га жакын экенин, алардын сегизи кайтып кеткенин, башкалары жакынкы каттамдарды күтүп жатканын билдирди. Айрымдарын орус тарап "Орусиянын коомдук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн" деген жүйөө менен артка кайтарып жатканы айтылат расмий маалыматта.

Кыйынчылыкка туш болгондор элчиликке +79251155047 жана Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине +996999312002 телефон номурлары менен байланыша алат.

Азырынча жарандарга Москвага барбай турууну сунушталууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG