Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Төрт айда 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду


Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-апрель айларында 88 млрд 575,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, белгиленген план 3,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын билдирди.

Бул каражаттардын 64,8 млрд сому салыктык төлөмдөр, 23,7 млрд сому камсыздандыруу төгүмдөрү.

Жыйымдардын көрсөткүчтөрү былтыркы жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 15 млрд 61,5 млн сомго көбөйгөн.

Финансы министрлигинин маалыматтарына ылайык, 2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 357 млрд 746 млн 87,8 миң сомду түзгөн. Мунун 266 млрд 82 млн сомдон ашыгыраагы салыктык киреше катары көрсөтүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG