Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Москва: кыйноого кабылган шектүүлөрдүн таржымалы


25-мартта Тажикстандын бийлиги Москвадагы терактка шектелген төрт кишинин бири Фаридун Шамсиддиндин жакындарын суракка алды. "Крокус Сити Холлго" жасалган кандуу чабуулга шектелгендерди кармоо, суракка алуу учурундагы кыйноолор Орусиянын социалдык тармактарында талкууланып жатат.

24-мартка караган түнү Москванын Басман райондук соту төрт кишини терроризмге айыптап, 22-майга чейин камакка алды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 11 киши кармалганын, алардын төртөө “терактты ишке ашырууга катышкан” деп шектелип жатканын билдирди.

Далержон Мирзоев, Муродали Ражабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Фаридун Шамсиддин “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга катышкан деп шектелүүдө.

25-мартта Басман райондук соту Тажикстандын жараны, 62 жаштагы Исроил Исломовду уулдары – 33 жаштагы Аминжон жана 24 жаштагы Диловар менен кошо эки айга камады. Кол салгандар айдап жүргөн «Рено» автомашинасы Диловар Исломов деген кишиге катталганын журналисттер мурдараак жазышкан. Ал машинасын бир жума мурда аялынын бир тууганына сатканын, автоунааны теракт болгон жерден көрүп нес болуп, полицияга өзү барганы кабарланган.

Террордук чабуулда набыт болгондор 139ка жеткенин 25-мартта Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдирди. 90дан ашуун сөөктүн тек-жайы аныкталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялады. Жараат алгандар 182 экени кабарланган.

Кыйноо жана коркутуу

Орусиянын күч органдарынын кармалган шектүүлөрдү суракка алганы тартылган видеолору, алардын кыйноого кабылганы бир топ талкууга жем таштады. Шамсиддиндин колу-буту байланган, бети көгала болуп шишиген. Мирзоевдин моюнунда желим баштык илинип турса, Ражабализоданы кармоо учурунда кулагынын бир бөлүгүн кесип алган видео тарады. Файзовду сот залына майыптардын арабасына салып алып келишти.

Кремль кол салууга шектелгендердин кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп бербеди. "Мен бул суроону жоопсуз калтырам", - деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 25-мартта журналисттерге.

Кандуу кол салууга шектүүлөр кимдер?

Далержон Мирзоев

Далержон Мирзоев
Далержон Мирзоев

"Медиазона" басылмасы 32 жаштагы Мирзоев үй-бүлөлүү, төрт баласы бар экенин жазды. Кичүүлөрү - эгиздер, болгону 1,5 жашта. Мирзоевдин Новосибирскидеги убактылуу каттоо мөөнөтү аяктаган. Орус тилин билбегендиктен, сотто суроолорго котормочунун жардамы менен жооп берди.

Буга чейин кремлчил RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян дал ушул Далержондун сурактагы видеосун жарыялаган.

Соттон тартылган видеолордон анын мойнуна оролгон желим баштыкты көрүүгө болот. Сотто алы кетип, айнекке жөлөнүп турганы байкалат. Маалым болгондой, Далержон ага тагылган күнөөлөрдү мойнуна алган.

Саидакрами Ражабализода

Саидакрами Ражабализода
Саидакрами Ражабализода

30 жаштагы Ражабализоданын аялы, бир баласы бар. Сотто орусча түшүнөрүн айтып, тажикче жооп берип жатты. Орусияда каттоого турганын, бирок кайсы жерде экени эсинде жоктугун айтты.

Соттун пресс-кызматы тараткан сүрөттө анын бир кулагы таңылып турганын көрүүгө болот. 24-мартта бийликчил телеграм-каналдар анын кулагынын жартысын кесип салышканын көрсөткөн видеону жайылтышкан. Сот тараткан маалыматка ылайык, ал дагы тагылган айыптарды мойнуна алган.

Мухаммадсобир Файзов

Мухаммадсобир Файзов
Мухаммадсобир Файзов

Кармалгандардын эң жашы, 19 жаштагы Файзовду сотко дарыгерлер коштоп, колуна ийне сайылган абалда арабага салып келишти. Ал Ивановодо чач тарач болуп иштеп жүрүп, жыл башында жумуштан кеткен. "Медиазона" басылмасы жазгандай, аны кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, бир көзү чыгып кеткен. Аны оорукананын жандандыруу бөлүмүндө суракка алышкан.

Фаридун Шамсиддин

Фаридун Шамсиддин
Фаридун Шамсиддин

25 жаштагы Фаридундун сегиз айлык баласы бар. Буга чейин Подольскидеги паркет фабрикасында иштеп келген. Сурактагы видеосунда ал кимдир-бирөөлөр ага Телеграмдан байланышка чыгып, "Крокус-Ситиге" кол салса 500 миң рубль төлөп берүүнү убада кылышканын айткан.

Бети-башы шишип, көгөргөн Фаридун судьянын суроолоруна жооп берип жатты. Буга чейин телеграм-каналдарда аны электр тогу менен кыйнап жаткан сүрөт-видеолор жайылган эле.

Sota телеграм-каналы ал дагы тагылган айыптарды мойнуна алганын жазды.

«Чымчыкка да зыян келтирбейт»

«Озоди» радиосунун кабарчысы Шамсиддиндин жакындары менен байланышып, сөзгө тартканда, алар орус бийлигинин айыптоолоруна макул эмес экенин айтышты.

«Анын (Фаридундун) жүрүм-турумунда шектүү эч нерсе байкаган эмеспиз. Жарым жыл мурун Орусияга кеткен, үй-бүлөсүнө акча салып турчу», - деп айтты атын атагысы келбеген тууганы.

Шамсиддин «чымчыкка да зыян келтирбейт» деп айткан тууганы тажик күч органдары анын аялын, ата-энесин, кайын энесин суракка чакырышканын маалымдады:

«Ал эжеси Махбуба Заргарованын Москвада жашаган үйүндө каттоодо турчу. Орус бийлиги эжесин үч баласы менен кошо эртең менен депортациялады, кечинде (25-мартта) Тажикстанга келиши керек”.

Шамсиддин Орусияга кеткиче Гисар шаарындагы набайканада иштегенин, “намазга жыгылбаганын, орозо кармабаганын” айтып беришкен.

“Озоди” жазгандай, Шамсиддин мекенинде "сексуалдык асылуу" беренеси менен камалып, 2020-жылы эркиндикке чыккан. Аскерде кызмат өтөгөн эмес.

Расмий Душанбе бул тажик жараны тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек. 23-мартта коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги шектүү үч кишинин кандуу кол салууга тиешеси бар деген маалыматты четке каккан.

"Шектүүлөрдү кыйнашканын кол чабуу менен кубаттагандар бар"

Аскердик журналист Сергей Ауслендер “Настоящее время” телеканалынын эфиринде “кулагын кесип салса, коркконунан адам ал кезде төрөлө электе дүйнөдөн кайткан Жон Кеннедини өлтүргөнүн моюнуна алмак” деди.

“Кармалгандардын терактка тишеси жок же кыйыр эле тиешеси бар деген сезим пайда болду. Алардын ыктымал катышуусу азырынча ойлоп табылгандай, кыйнап эле моюнга алдырылгандай. Муну так айтса болот”, - деди журналист.

Шектүүлөрдү кармоо учуру тартылган видеону Grey Zone телеграм-каналы жарыялаган. Колдору байланган, жерде жаткан кишини күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тегеректеп турат. Кармалган кишинин бети канжалап, кесилген кулагын анын оозуна тыгууга аракеттенип жатышканын көрүүгө болот.

Орусиялык оппозициялык саясатчы Дмитрий Гудков андай видеонун ачык жарыяланышынын төркүнүн мындай түшүндүрдү:

“Себеби (күч түзүмдөрү) андай иштерди жасай алышарын, аларга эч ким эч нерсе кылбасын, жазасыз калышарын билишет. Мындан 5 жыл мурун, балким, мынчалыкка барышпайт болчу. Азыр уялбай да калышты, себеби аларды тыя тургандай маалымат каражаттары, укук коргоочулар жок, кулак кесүү ишин сотко жеткирүүгө, аларды отургузууга кудуреттүү саясий күчтөр калбай калган”.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да шектүүлөрдүн сурагынан тартылган видеону талкуулашууда. Айрымдарын “Свобода” радиосу топтоп жарыялады.

Наталья Серкова:

"Бир күнү силердин кулагыңарды кесишсе, “мен Усама бен Ладенмин” деп дароо айтасыңар. Кесилген кулактан тышкары тергөөчүлөр шектүү тажиктердин күнөөсүн далилдеген ишенимдүү фактыларды көрсөтсө жакшы болот эле. Бирок андай болгон жок, сот жабык өттү, журналисттерди чыгарып жиберишти... себеби күч түзүмдөрү жашыргысы келген бир нерсе бар".

Дмитрий Колезев:

"Орус күч түзүмдөрү терактка шектелгендерди жыныс мүчөсүнө зым байлап, ток менен кыйнашканы көрүнүп турган сүрөттөрдү жарыялашты. Мындай кыйноодон кийин “Крокустагы” адамдарды өлтүрүү буйругун "Зеленский өзү берген" деп моюнуна алышарынан күмөн санабайм. Кыйноолор, тилекке каршы, көнүмүш ишке айланды. Мурда күч органдары андай жоруктардан уялып жаап-жашырса, эми муну менен сыймыктанып, сүрөттөрдү өздөрүнө жакын телеграм-каналдарга берип жатат окшойт. Мындай көрүнүш мурда байкалчу эмес".

Михаил Ходорковский:

"Шектүүлөрдү кыйнашканын кол чабуу менен кубаттагандар бар. Кээ бирлер өлүм жазасын киргизүү идеясына сүйүнүп жатышат. (Байкашымча, эски дата менен чыгып жатат)... Өмүрүн тобокелге салып, кылмышкерлерди издөөнүн, кармоонун эмне кереги бар? Тажиктердин (алардын тиешеси болсо-болбосо да) бир тобун кармашты. Эмки жолу, мисалы, силерди кармашса, кыйноолорго канча чыдайсыңар? Бир күнбү? Бир жумабы? Анан бардыгына макул болуп, баарын мойнуңарга аласыңар".

Фёдор Крашенинников:

"Путиндин погончондору үчүн кыйноолор, кордоо көнүмүш жана кадыресе практика болуп калган. Күнөөлөрүн моюнга алдыргандан кийин Навальныйдын көзүн тазалашканы, Украинада кылгандары үчүн эмнеге айыпташат деп таң калышат. Себеби алар мыкаачылар жана башкесерлер".

Орус күч кызматкерлеринин шектүүлөргө көрсөткөн мындай кордугун туура көрүп, аны калың калкка "эскертиш" керек деген көз караштагылар да бар.

Егор Холмогоров:

"Орточо ой жүгүрткөн Тухожон бул төртөөнүн тагдырынан кийин ойлонуп, анонимдүү бир молдонун сунушунан баш тартат болуш керек. Шейит болбой турганын, азап тартарын түшүнөт. Бул «эскертүүнү» мигранттар чөйрөсүндө болушунча таратыш керек".

Павел Данилин:

"Бир нече жери көгала болгонун, кесилген кулак жөнүндө айткан айбандардын кулагына акырын “Гуантанамо” деп шыбырап койгула".

Мындан улам оппозициялык саясатчы Гудков Путин жана пропагандачыл маалымат каражаттары элди терактка "Украина күнөөлү" деген идеяга сугарып жатат деген пикирин кошумчалады. Анын айтымында, бийлик эми репрессиялардын жана кармоолордун кампаниясын башташы мүмкүн.

Кандуу калабанын артында ким турат?

Куралдуу калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму алды. Ага байланышы бар "Амак" агенттиги кол салгандар өздөрү тарткан делген видеону, төрт кишинин сүрөтүн жарыялады. Ал тасмада кол салуунун катышуучуларынын бири "Крокустагы" окуяларды чагылдырып турган. Аны менен кошо видеодо пайда болгон үч адамдын биринин колунан бычакты көрүүгө болот. Экинчиси автомат кармап турат.

The Insider кармалгандардын ичиндеги эки шектүүнүн кийиминин түсү, бычымы сүрөттөгүгө дал келип жатканын белгиледи.

CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы барлыгын айтып жатканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалымат берилгенин жазышты.

ФСБ жана президент Путин кандуу калабага "Украинанын да тиешеси барлыгын" кыйытууда. Орус бийлиги ага эч далилин келтирген жок. Расмий Киев андай дооматты дароо четке какты.

"Алар бул жакка, украин жерине, бизге каршы согушуу үчүн жүз миңдеген террорчуларын алып келип алып, өз өлкөсүндө эмне болуп жатканына көңүл бурушкан эмес. Мунун баары болгондон кийин Орусиянын жарандарына көңүл айтуунун ордуна, Путин окуяны Украинага кантип байланыштырам деп 24 саат ойлонуп, үн катпай турду", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Буга чейин бир нече мамлекеттин, анын ичинен АКШнын атайын кызматтары Москванын тегерек-четинде террордук топтор кол салуу уюштурушу мүмкүн экенин эскертишкен. Путин андай эскертүүлөрдү "чагым жана опуза" деп сыпаттаган.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборуна куралчан кишилер кирип барып, концерт көргөнү келген элге туш келди от аткан. Көп өтпөй концерттик залда жарылуу болуп, өрт тутанган.

Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына караганда, кол салуудан каза болгондордун саны 137ге жетти, 187 киши жараат алды. Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG