Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Айыпталуучулар ооруп жаткандыктан Кемпир-Абад иши боюнча отурум келерки аптага жылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Булардын көбү камакта, айрымдары жана сүрөттө жок башка саясатчы-активисттер үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Булардын көбү камакта, айрымдары жана сүрөттө жок башка саясатчы-активисттер үй-камагында.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири ооруп жаткандыктан, 8-майдагы отурум уланбай, ишти кароо 14-майга жылды. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында аталган иштин алкагында айыпталып жаткандар Кыйноолорго каршы борборго, укук коргоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, 8-майдагы соттук отурумдун алдында айыпталуучулардын бири Кеңешбек Дүйшөбаевге басым көрсөтүлгөнүн билдиришкен.

Алар Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) ыкчам кызматкерлери Кеңешбек Дүйшөбаевди күч колдонуп сотко алып келишкенин, жыйынтыгында сотто Дүйшөбаевдин кан басымы 180/90го көтөрүлүп, кант деңгээлинин көрсөткүчү 13.7ге чыгып, ооруп жатып калганын айтышкан. “Кемпирабадчылар” муну "кыйноо" деп баалап, ага Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевди айыпташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча 8-майдагы отурумда абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлаганын анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирген. Кийин “Тез жардам” кызматы келип, Дүйшөбаев менен Молдокматовду караган.

“Азаттык” бул боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысына байланышты. Алар кийинчерээк комментарий бериле турганын билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG