Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Москвадагы кол салуу: Мигранттарды текшерүү күчөдү, шектүүлөр камалды


Москвадагы кол салууга шектүүлөр камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Москвадагы кол салууга шектүүлөр камалды

Москвадагы "Крокус Сити" борборунда 130дан ашык адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин Орусияда чет өлкөлүк жарандарды текшерүү күчөгөнү, Кыргызстандан учуп барган мигранттар тобу эки күндөн бери аэропортто кармалып турганы кабарланды.

Москванын полиция бөлүмдөрүндө курамына участкалык жана кылмышкерлерди издөө кызматкерлери кирген атайын топтор түзүлгөнү, алар чет элдик жарандар боюнча кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышканы кабарланды. Алар хостелдерге, автотрассаларга бөлүнүп, мигранттарды жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү полиция кызматкерлери менен бирге текшерип жатканын Кремлге жакын Телеграм-каналдар жазып чыкты.

Шектүү төрт жаран эки айга камалды

Москванын Басман райондук соту 25-мартка караган түнү “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алды.

Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда. Шектүүлөрдүн айыбы далилденсе өмүрүнүн аягына чейин соттолушу мүмкүн. Соттук жараян жабык өттү.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришти. Соңку маалымат боюнча, каза тапкан кеминде 137 адамдын үчөө - балдар. 180ден ашык адам жараат алган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар же жогун тактап жатат.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаганын билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын”, украин тарапта “тийиштүү байланыштары” бар болгонун жана алар орус-украин чек арасынан өтүп кетүүнү көздөгөнүн, баары Москвага жеткирилгенин маалымдады.

Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Тажикстандын билдирүүсү

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 23-мартта билдирүү таратып, журналисттерди тажик жарандарынын Орусиядагы кол салууга тиешеси тууралуу маалымат боюнча жоопкерчиликтүүрөөк болууга чакырды.

«Тажик тарап Тажикстандын жарандарынын тиешеси тууралуу жарыяланып жаткан фейк маалыматка байланыштуу Орусиянын расмий бийлигинен эч кандай расмий тастыктама алган жок», - деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.

Ал эми бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги 23-марттагы билдирүүсүндө Москвадагы окуяга байланыштуу издөө жарыялангандар арасында үч тажик жараны бар экени жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланып жатканын, бирок алардын эч тиешеси жоктугун, анткени экөө азыр мекенинде экенин, ал эми үчүнчүсү ошол учурда Самара шаарында болгонун билдирди.

Каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24-мартта кабарлады. Окуя болгон күнү «Крокус Ситиде» иштеген деген эки кыз боюнча азырынча эч кандай кабар жок болууда. Элчилик алардын жакындары жана тийиштүү мекемелер менен байланышта иштеп жатканын маалымдады.

Ал эми ошол жерде каза тапкан болушу ыктымал деген бир кыргызстандык жаран тирүү экени белгилүү болду.

“Кылмышкердей кылып бир бөлмөгө камап салышты”

Бул окуядан кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөдү.

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупиктин айтымында, акыркы күндөрү мигранттардан кайрылуулар көп түшүп жатат:

"Акыркы бир жарым суткада 1018 кайрылуу келди. Анын көбүндө мигранттар текшерүүлөр, мыйзамсыз камоолорго туш болгонун айтып жатышат. Полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар, өлкөдөн чыгарылгандар да көп", - деди Чупик.

Москвада борборазиялык мигранттардын арасында дүрбөлөң күчөп, 23-марттан бери Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган мигранттарды тыкыр текшерүү күч алганын кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова да кыргыз диаспораларындагы булактарына таянып маалымдады.

23-мартта “Шереметьево” аэропортуна учуп барганда кармалып, коё берилбей жатканын айрымдары “Азаттыкка” айтып беришти. Аэропорттун ичинде бир бөлмөдө кармалып отурган ондогон кишилердин кеминде 11и кыргызстандык экенин маалымдаган жаран телефондорун тартып алып, текшеришкенин айтууда:

“Бизди түрмөгө отургузгандай эле отургузуп салды. Сурасак, эч нерсе айткан жок, жооп бербей жатышат. Документи бүт таза, Москвага биринчи жолу келгендерди да киргизбей жатышат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстандан, Өзбекстандан келгендер бар. Телефондорубузду алып, 4-10 саатка чейин текшерип, бербей... Мажбурлап бир нерселерге кол койдуруп жатат”.

“Азаттык” байланышкан дагы бир кыргызстандык “Шереметьеводо” аларга кылмышкерге кылгандай мамиле жасап жатышканын билдирди:

“Каттоодон, паспорттук көзөмөлдөн өтөлү десек, документтерибизди жыйнап алып, кирип кетишти. Бир жерге алып барып, бармак изибизди алып, документтерге мажбурлап кол койдурушту. Кылмышкердей кылып бир бөлмөгө камап салышты. Себебин сурасак, кошумча текшерүү деп жатышкан. Анан эч нерсе деп айтпай да калышты, урушуп эле жатышат. Бир бөлмөгө 35тей кишини тыгып салышты. Тамак-аш жок, бир суткадан бери дааратканадан суу алып ичип жатабыз", - деди ал.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги “Шереметьево” аба майданында кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты.

"Алар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду. Жакынкы рейс менен кайра Кыргызстанга кайтарылат", - деп жазылган маалыматта.

"Азаттыкка" кармалгандардын бири аэропортто тургандардын арасында Орусияга биринчи жолу келген жарандар да бар экенин айтып берген.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго адамдар “Пикник” тобунун концертин көрүүгө барган. Алты миң көрүүчүгө эсептелген бул ири жайда окуя болгон учурда, айрым маалыматтар боюнча, төрт миңдей адам чогулган. Концертке даярдык көрүлүп жаткан учурда имаратка кеминде төрт куралчан адам кирип барып, аткылай баштаган видео социалдык түйүндөргө ошол замат тараган. Ал видеолордон адамдар залдан чыгып, туш келди качып, жетишпей калгандары ошол жерден өлтүрүлүп жатканын, көп өтпөй имаратты өрт каптаганын көрүүгө болот.

Орус президенти Владимир Путин дээрлик бир суткадан кийин видео кайрылуу менен чыгып, окуяны “даярдалган жапырт адам өлтүрүү” деп атады, Москвада жана башка аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары Украинаны көздөй баратканда кармалганын билдирди.

“Алар изин жашырууга аракет кылып, Украина тарапты көздөй баратышкан. Баштапкы маалымат боюнча, аларга Украина жакта мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн “жол” даярдалып коюлган”, - деди Путин, бирок чоо-жайына токтолгон жок.

Украинанын эч тиешеси жок экенин бул өлкөнүн расмий адамдары дароо билдиришкен. Путиндин кайрылуусунан кийин украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын башчысынын реакциясы күтүлгөндөй эле болгонун белгилеп, ал “канткенде күнөөнү Украинага оодарсам деп бир күн ойлонуп отурду” деп айтты:

"Кечээ Москвада болгон окуя үчүн жоопкерчиликти Путин да, калгандары да башкаларга илип коюуга аракет кылып жатышканы анык. Алар дайыма ошондой ыкманы колдонушат. Буга чейинки жарылуулар, атуулар - мунун баары үчүн башкаларды айыпташкан”.

Куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ алганы тууралуу билдирүүлөр пайда болду. Бул топко байланышы бар экени айтылып жүргөн “Амак” маалымат агенттиги 24-мартка караган түнү тараткан видеодон колуна бычак жана автомат алган, бети даана көрсөтүлбөгөн, үнү өзгөртүлгөн үч киши алдынан чыккан адамдарды өлтүрүп жатканын көрүүгө болот. Жалпысынан мындай видеолордон төртөө жарыяланды. Алар боюнча расмий маалымат же комментарий бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG