Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

"Крокус Ситиде" кыргызстандык өспүрүм 100дөн ашуун кишини куткарып калган


Ислам Халилов (Сүрөт социалдык тармактан алынды)
Ислам Халилов (Сүрөт социалдык тармактан алынды)

23-мартта орус медиасы Москванын чегиндеги "Крокус Сити Холлго" болгон кол салууда 100дөн ашуун адамды аман-эсен куткарып калган өспүрүм тууралуу жазды. "Азаттыктын" ишенимдүү булагы ал өспүрүм 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халилов экенин ырастап, каргашалуу окуя тууралуу айтып берди.

Коопсуздук чараларынан улам "Азаттыктын" ишенимдүү булагынын аты-жөнүн ачык айта албайбыз.

15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, Ислам Москвада чоңойгон. Окуя болгон күнү өспүрүм "Крокус Ситиде" иштеп жаткан:

"Ислам ал жерде бир жылдан бери иштейт. Окуя болгон күнү да мектептен кийин ишине барган экен. Ал концерттик холлдун кийим илген жеринде иштейт. Өзүнүн айтымында, окуя башталганда түшүнүксүз добуштар чыга баштаган. Ислам мага башында кызматкерлер түшүнбөгөнүн, бирок теракт тууралуу имараттын жетекчилиги айткан эрежелерди эстегенин айтып берди. Мекеме массалык маалымат каражаттарындагы акыркы кездеги теракт тууралуу кабар жана эскертүүлөрдөн улам кызматкерлери үчүн атайын окутуу жүргүзгөн экен. "Карасам элдин көбү сыртка чыга турган эшикке бараткан. Бирок айрымдары такыр башка багытка жөнөптүр. Мен алардын баарын кызматчылар чыкчу эшикке алып жөнөдүм. Адам көп болуп, кезекке туруп калышты. Мен "Крокус Экспонун" эшиги тараптан чыгып кетүүгө мүмкүн болорун байкап, элди ошол жакка чакыра баштадым" деп айтып берди".

"Крокус Ситиде" Исламдан башка дагы кыргызстандыктар иштейт.

"Ал жерде иштеген дагы башка кыргыздар көп эле экен. Окуя болгон күнү качып бараткан элдин арасынан борбор азиялык жүздөрдү көрүптүр. Андай ызы-чууда бири-бирин сураганга деле убакыт болбоптур".

23-марттагы каргашалуу окуяда Ислам 100дөн ашуун кишини аман-эсен куткарып калганы жөнүндө орус медиасы жазды. Бирок алар өспүрүм тууралуу дээрлик маалымат беришкен жок.

2,7 млн катталуучусу бар Mash Telegram каналы "Крокус Сити Холлдун" кийим илген жеринде иштеген мектеп окуучусу ок атуу учурунда 100дөн ашык адамды имараттан кантип алып чыгып кеткенин жазды. Элдин эшик жок жакка агылганын байкаган өспүрүм аларды имараттан эвакуациялоону өз колуна алган. Ал адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер гана колдонгон жол менен көчөгө алып чыккан.

"Исламдын айтымында, теракт болгон күнү ал өз ишин аткарган. Муну эрдик катары көрбөйт. Ошондой оор учурда элге жардам бербей койгондун ордуна өлгөн артык деди. Эвакуация эрежелерин билгени чоң жардам болгон экен", - деди "Азаттыктын" ишенимдүү булагы.

Ислам көп бир туугандын улуусу. Футболго кызыгат. Ал азыркы тапта "Спартак" клубунун өспүрүмдөр курамасында ойнойт.

Ислам Халилов
Ислам Халилов

"Исламдын абалы азыр жакшы. Коркуп калдыбы деп чочуладык эле. Анын ошол учурда тарткан кыска видеосу алгач Телеграмм каналдардын бирине чыгыптыр. Азыр ал видеону орус телеканалдары тынбай көрсөтүп жатат. Андан маек сурагандар, жолугушууга чакыргандар да көп болууда. Эрдиги үчүн сыйлыкка көрсөтүү тууралуу маселе талкууларда айтылып жатат".

22-мартта Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалымат боюнча 133кө жетти. Орусиянын Тергөө комитети курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта айтылгандай, каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланган. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 50 кишинин аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин дайынсыз делген эки кыздын жакындары менен байланышта экенин билдирди. Элчиликтин маалыматы боюнча алардын аты-жөнү Орусиянын расмий органдарынын тизмесинде жок.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG