Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Мирзиёевдин эл тааныбаган "атаандаштары". Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады


Ташкент шаары. Талапкерлер тууралуу маалымат илинген тактайча. Июль, 2023-жыл
Ташкент шаары. Талапкерлер тууралуу маалымат илинген тактайча. Июль, 2023-жыл

Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады. Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, саат 17.00гө карата шайлоочулардын 69,85% же 13 459 677 киши добуш берди. Андан кийинки убакыттарга расмий маалымат бериле элек. Мыйзам боюнча тизмедеги шайлоочулардын 33% ашыгы жараянга келсе, шайлоо өттү деп табылат.

Жаңы Конституцияга ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Төрт киши ат салышканы менен саясий жарышта азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев чоң айырма менен жеңип чыгарынан көбү күмөн санашпайт.

Шайлоо жараяны.
Шайлоо жараяны.

Мирзиёевге "атаандаш" болгондор

Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышты.

Шайлоодо оппозициядан талапкер жок. Ага катышууга аракет кылган Хидирназар Аллакуловдун “Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун кол тамгалары жетишсиз экени жүйө келтирилген.

Саясат таануучу Рафаэль Саттаров Deutsche Welle телеканалына берген маегинде бул шайлоонун жыйынтыгы белгилүү экенин айтты.

"Мирзиёевден башка президенттикке талапкерлер тууралуу эл билбейт. Алардын аты-жөнү белгисиз жана дароо эле унутулуп калат. Андыктан оппозиция тууралуу сөз кылуунун мааниси жок", — деди ал.

28-июндан 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү да болуп, ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышкан.

"Үч талапкердин алган добуштары биригип 10% жетпейт"

Азыркы президент Шавкат Мирзиёев шайлоодо эбегейсиз айырма менен жеңишке жетери айтылууда. “Азаттыктын” өзбек кызматы жүргүзгөн сурамжылоого караганда, көпчүлүк шайлоочулардын топтогон добуштары 10% да жетпеши ыктымал.

Шавкат Мирзиеёв добуш берип жатат.
Шавкат Мирзиеёв добуш берип жатат.

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди. Аткаминерлер конституциялык өзгөртүүлөр акыркы жылдары реформаларды улантууга салым кошот дешсе, талдоочулар бул жараянды бийликти бекемдөөнүн амалы катары сыпатташкан.

Дагы 14 жыл бийликте калууга жол ачылганы турат

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында азыркы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек эле.

Мирзиёев Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы президент болгон. Ал бийликке келгени катаал саясий режим жумшарганы менен, күчтүү президенттик башкарууга негизделген авторитардык система сакталып келатканы эл аралык уюмдардын рейтингдеринде айтылып жүрөт.

Коңшу өлкөдө Ислам Каримов чейрек кылымдан ашуун бийликте турганда президенттин мөөнөтү эки жолу өзгөртүлгөн. Ар бир жолку өзгөртүүдө кызматтагы президенттин мурда иштеген жылдары жокко чыгарылган.

36 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда шайлоодо добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 20 миллиондун тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG