Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

"Эч ким уккан эмес". Өзбекстанда дагы бир студент диний ыр үчүн камалды


Жахангир Улугмурадов
Жахангир Улугмурадов

Өзбекстанда 21 жаштагы Жахангир Улугмурадов Telegram түйүнүндө диний ыр таратканы үчүн үч жылга камалды. Ал башкаларды интернет аркылуу "жихадга чакырган" деп айыпталган. Анын апасы мамлекет башчысына кайрылуу жолдоп, баласына куру доомат жабылганын билдирди.

8-майда Ташкент облусунун Аккоргон райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 244-1-беренеси (Коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү) менен айыптуу деп тапты.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы ага коюлган айып үчүн мыйзамга ылайык беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын, бирок Улугмурадовго Кылмыш кодексинин 57-беренеси (Жазаны жеңилдетүү) менен үч жыл чегерилгенин кабарлады.

Жахангир Ташкенттеги Мамлекеттик экономика универстетинин студенти. Быйыл 24-февралда ага таандык iPhone-Х смартфонунан "Шейит кетсек, бизден ыраазы болгула" деген диний ыр Alhamdulillah деп аталган Telegram тайпасына таратылган. Бул тайпанын 10 мүчөсү бар.

Аккоргондогу сот жараянына көз салган блогер Олимжон Хайдаров Фейсбуктагы баракчасына Telegram тобунун мүчөлөрүнүн бири да шилтемени ачпаганын, кызыкпаганын, күбөлөрдүн түшүндүрмө каттары бар экенин жазган.

"Аларды Ички иштер бөлүмүнө алып келишкенде гана тайпага салынган аудио диний ыр экенин билген. Башкача айтканда, Жахангирдин аракети эч кандай коомдук коркунуч жараткан эмес", - деди Хайдаров.

Сотто күбө катары суралган Муаттар Икромова 4 мүнөт 38 секунддук ыр классташтарынын тайпасына келгенин, анын мазмунуна эч ким кызыкпаганын билдирген.

Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери комитети студенттин диний ырды таратканын экстремисттик аракет деп корутунду чыгарган.

Бирок соттолгон студенттин апасы Гүлчехра Умарова 10-майда Kun.uz сайтына интервью бергенде баласын күч кызматкерлери адегенде уурулукка шек санап алып кеткенин, диний ырга байланыштуу айыптоо кандайча жабышканын билбей турганын айткан.

"Балам аны жөн эле бир ыр катары укса керек", - деген Умарова президентке кайрылып, адилеттик орнотуп беришин суранууда. Анын айтымында, үй-бүлөсүнүн колу жука болгондуктан, адвокат жалдаганга күчү жеткен эмес. Камалган баласы менен жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүн болбогонун белгиледи.

Ал ырды ким аткарганы тууралуу маалымат жок.

Сот жараянына байкоо салган активисттердин айтымында, өзбек тилиндеги бул диний ыр YouTube порталындагы Uzbekcha Nashidalar каналына да жайгаштырылган. Бирок бул канал Өзбекстанда сот тыюу салган экстремисттик баракчалардын катарына кошулган эмес.

Интернеттин өзбек сегментинде көбүнчө диний мазмундагы билдирүүлөр жана музыкалар кеңири таратылат. Аны биринен бирине жөнөткөндөр да арбын.

Быйыл 30-январда 21 жаштагы Сардар Рахмонкулов аттуу жаран да үч жыл мурун классташына жиберген диний ыры үчүн беш жылга эркинен ажыратылып, апелляциялык сот өкүмдү шарттуу жаза менен алмаштырган.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда катаал диний көзөмөл жүргүзүлүп, аялдарга хижаб оронууга, эркектерге сакал-мурут коюуга уруксат берилген эмес. Мечиттерге чогулуп намаз окуу да сейрек кездешкен.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгени бул жаатта көзөмөл жумшарып, акыркы жылдары белгилүү инсандардын арасында элди мусулманчылыкка чакыргандар көбөйгөн. Интернетте диний баракчалар ачылып, Исламдын эрежелери менен жашоого үндөгөн билдирүүлөр арбыды.

2019-жылы Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттигинин башкы директорунун орунбасары Наргиза Рахимова Фейсбукта Мухаммед пайгамбарды жана анын жубайы Хадичаны сындап жазганы үчүн коомчулуктун нааразылыгы күчөгөн. Рахимова кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгоун маалымдалган.

2022-жылы бийлик сакал-мурут койгондорго кайрадан көзөмөлдү күчөткөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштаган.

Дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиянын 2022-жылдагы корутундусунда Мирзиёев президенттикке келгенден бери Өзбекстанда диний эркиндик пайда болгону менен абал анчейин дурус эместиги белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG