Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Октябрда ок тийгендер жардамга муктаж


5-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.
5-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Былтыркы октябрь окуяларында жабыркагандар бийликтен жардам болбой жатканына нааразы. Буга чейин алар түзгөн "Кыргыз үмүтү” аттуу кыймылы элге күч колдонгон мурдагы бийликтин жоопко тартылышын талап кылышкан.

Алтынбек Оркошев 2020-жылдын 5-6-октябрдагы тополоңдо көзүнө желим ок тийген адамдардын бири. Анын көзү беш күн көрбөй калган. Ооруканадан чыкканда дарыгерлер көзүнүн 5% гана көрүп жатканын айтышкан. Кийинчерээк Бишкектеги жеке менчик клиникадан көзүнүн карегине хрусталь койдурган.

5-октябрь. 2020-жыл. Бишкек.
5-октябрь. 2020-жыл. Бишкек.

«Азыр көзүм жакшы болуп калды. 15 күндөн кийин жумушка чыга берейин деп жатам. Октябрдан бери көзүмө эки жолу операция жасалды. Эми үчүнчүсү да болуп калышы мүмкүн. Карегиме күч келтирбей аярлап жүрөм. Мага окшоп ошол күнү жараат алган 157 бала бар. Алардын бардыгы “Кыргыз үмүтү” коомунун мүчөлөрү. Бир бала колунан айрылган. Отуздай баланын көзүнө ок тийген. Анын экөөнүн көзүндө дагы деле ок бар. Аларды Кыргызстандан операция кылууга мүмкүн эмес экен. Буттарынан ажырап калуу коркунучунда турган балдар бар. Азыр мамлекеттен жардам болбой жатат. Жабыркагандар соттук-медициналык экспертизадан өткөн».

Октябрь айындагы башаламандык маалында милиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 1250 адам жабыркап, 279 киши ооруканага жаткырылган.

Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып каза болгон.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жабыркагандарга жардам болот деп ишендирүүдө.

«Бул маселе каралып жатат. Жыйынтык чыгат. Жабыркагандарга менчик клиникалар жардам берет. Садыр Жапаров Москвага барып келгенден кийин так жооп беребиз».

Октябрь окуяларынын жигердүү катышуучусу, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Замандаш" партиясын жетектеп барган Жеңиш Молдокматов октябрь окуяларына расмий макам берилиши керек деген ойдо.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Тололоңдо жабыркагандарга мамлекет жардам бериши керек. Бирок анын жол-жобосу бар. Эгер мыйзамдуу жагын алсак, бул окуяларга баа бере турган мамлекеттик комиссия түзүлүшү зарыл. Октябрь окуялары революциябы же төңкөрүшпү, бийлик алмашуу деп аталабы, комиссия мына ушуну иликтеп чыгып макам бериши керек. Ошого жараша окуянын катышуучуларына баа берилет. Бирок комиссиянын иши көпкө созулат. Ошондуктан анын чечимин күтпөстөн көзүнөн, колунан, бутунан айрылгандарга бийлик сөзсүз жардам бериши керек. Анткени алардын арасында кымбат жана өтө тез убакытты талап кылган операциялар жасалышы керек».

“Кыргыз үмүтү” кыймылы январь айынын этегинде экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага арызданышкан. Ошондой эле алар Сооронбай Жээнбековдон “экс” макамын да алууну талап кылып жатышат.

Алар «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартууну талап кылышууда.

Башкы прокуратура арыздын негизинде териштирүү жүргүзүп, укуктук баа берүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) тапшырган. Жээнбеков буга карата позициясын билдире элек. Ошол эле учурда атайын кызмат менен милиция иштин жүрүшү тууралуу расмий кабар тараткан жок.

Жээнбековго каршы арыз жазгандар мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевди да таап, жоопко тартууну суранышкан. Эки генерал октябрь окуяларынан бери дайынсыз.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндөгү маегинде Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген. Бирок издөөдө жүргөндөр кайсы жакта экенин тактаган эмес.

Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков айрым жагдайларга токтолду.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

«Менимче, мурунку бийлик башындагылар жоопко тартылат. Анткени өлкөдөгү саясий абал оор бойдон калууда. Экономикалык маселелер чечилген жок. Элдин бийликке болгон талабы күндөн-күнгө күчөп баратат. Мына ушул факторлорду чогултуп карай турган болсок күч органдарынын жоопкерчилиги күчөйт. Мындай учурда күч органдары элдин талабын аткарууга мажбур болот».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров Сооронбай Жээнбековдун бийликти тынч өткөрүп бергенин колдоду.

«Сооронбай Жээнбеков чоң саясатчы, көрөгөч экенин көрсөттү. Ошол кезде аны коңшу мамлекеттер, Орусия, АКШ колдоп турган. Бирок сабырдуулук кылып бийликти тынч өткөрүп берди. Эгерде анын ордунда башка бирөө болгондо 2010-жылдагы окуя кайталанып кетиши толук ыктымал эле. Ал эми Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго “мындан кийин өлкөдө революция болбосунчу деген ырым менен “экс” наамы берилди” деп айтпадыбы. Бул туура чечим болду деп эл айтып жатат. Мен да бул сөзгө кошулам».

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык шары менен отставкага кеткен.

Экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга ылайык кол тийбестик макамга ээ. Аны камоого, тинтүүгө, суракка алууга мыйзам жол бербейт.

XS
SM
MD
LG