Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Курултай: камактагылардын көйгөйү, бийликке сын


Бишкекте өткөн курултай. 26-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкекте өткөн курултай. 26-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкекте Элдик курултайдын жыйыны бүттү. Анын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү.

Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат жүрбөй жатканын айтышты.

Курултайда камактагылардын маселеси көтөрүлдү

Курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттарга кайрылып кайсы аймакка канча мектеп, бала бакча, маданият үйүн куруу тууралуу социалдык көйгөйлөрдөн бийликтин кабары бар экенин айтып, мындан башка олуттуу маселелерди көтөрүүгө чакырды.

“Мектеп менен бала бакчалар биздин көңүл чордондо турган маселе. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керек экенин биз билебиз. Мен келгенде (ред: бийликке) 247 айылда мектептер жараксыз болчу. 1960-1970-жылдары курулган мектептер эле. Аларды четинен бүткөрүп отуруп азыр 200 айыл калды. Сиздер кечээ айткан, бүгүн айтайын деп аткандар ошол 200 айылдын ичине кирет. Кудай буюрса, кийинки жылдын бюджетине киргизебиз. Бюджетибиз көтөрө алса 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Тилекке каршы, көтөрө албайт. Кыскасы, жакынкы эки-үч жылдын ичинде мектеп деген көйгөйдү бүтүрөбүз”.

Элдик курултайдын биринчи күнү – 25-ноябрда делегаттардын дээрлик бардыгы тең өздөрүнүн жергиликтүү суу, жер, мектеп, бала бакча көйгөйлөрүн айтып, аны чечип берүүнү суранышкан.

Ушундан улам социалдык тармактарда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, саясий куугунтукка байланыштуу азыр күн тартибинде турган маселелер айтылбай калганы сынга алынган.

26-ноябрда Нарындан келген делегат Баатырбек Исмаилов президент Садыр Жапаровдон камакта жаткан саясатчыларды, активисттерди үй камагына чыгарууну сурады. Ал өлкө башчыны командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат болбой жатканын айтты.

“Мыйзам такыр тетири жолго кетип баратат. Азыр камакта жаткан активисттер сиз түрмөдө жатканда чырылдап сизди чыгарткан. Эми мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Ушул жерде сиздин жан-жөкөрлөрүңүз күлүп отурат. Алар үч президентти каякка жибергенин билесиз. Сизди да жарга такады. Алардын ден соолугу кетип атат, түрмөдөн чыгарыңыз. Бул жакшылыкка алып барбайт. Кошоматчыларды укпай, элдин үнүн угуңуз. Биз кетип бараткан “кустуруу” жолу менен жемкорлор 10 млн. доллар “жеп” 5 млн. долларын берип коюп калганы менен жашай берет экен”, - деди Исмаилов.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын оппозициялык саясатчы, активисттер “мамлекетте башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта жатат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап келатышат.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаев негизсиз кылмыш ишин козгогон тергөөчү, прокурорлорду жана саясий буйрукту аткарган судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселесин козгоду. Буга Садыр Жапаров оппозицияда жүргөндө кылмыш ишин карагандарды мисал кылып, Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештеги жүрүм-турумун сынга алды.

“Жаныңызда жүргөн кошоматчыларга айтарым, токтоткула. Кошомат кылып жүрүп канча президентти аңга түрттүңөр. Муну силердин алдыңарда айткандан тартынып жатам. Бирок айтыш керек болуп атат. Жаштарга, апасы барларга кайрылам. “Энеңди...” деген кишиге кандай баа бериш керек? Ошону айткан киши Садыр Жапаровду көзүнө да илген жок. Элдин трибунасында ушундай сөздөрдү айтып жиберди”.

Мунун алдында сөз сүйлөгөндөргө үч мүнөттөн ашык убакыт бербөө боюнча чечим кабыл алынып, Сапар Аргымбаев оюн жыйынтыктай албай калды.

Жогорку Кеңеште 17-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусу каралып жатканда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтышкан. Бул учурда Ташиев сөгүнүп жиберген.

Жапаров-Ташиев тандеми

Ош облусунун Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаев Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми тууралуу мындай деди:

“Эл арасында “биринчи анан экинчи” деген жаңы сөз пайда болгон. Биринчи сиз (Садыр Жапаров), экинчи Ташиев. Ишенбесеңиз туугандардан сураңыз. Себеби, “биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат” деп айтышат. Элге кызмат кылып Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшы караңыз. Сизди эл, анын ичинде мен да жакшы көрөт элем. Бирок мурункуга караганда сизге болгон сүйүү кайтты. Элдики да кайтты. Болгон нерсени айталы”.

Кыргызстандын аймактарынан Элдик курултайга делегат болуп шайланып келгендер 25-26-ноябрь күндөрү сөз сүйлөдү. Бул убакыт ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаров, өкмөт мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен облус башчылары жыйында болушту. Аягында президент Садыр Жапаров башта сөз болгон камакта жаткан саясатчылар тууралуу суроолорго жооп берди.

“Сиз түрмөдө жатканда активисттер колдогон” дейт. Ооба, көпчүлүгү колдогон. Арасында чет өлкөдөн акча алып колдогондор да болгон. Мен эми аларды колунан сүйрөп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип алып “ме, сага портерге акча. Элди жүктөп кел” деп атат. Эл эмне аларга малбы? “Ызы-чуу салабыз. Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек” деп атышат. Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алардын жеке кызыкчылыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаргысы келген күчтөр да болгон. Чет жакта аларды шыкактап турган күчтөр бар. Баарын сот чечет. Элге бүлүк салам дегендерди сот камабаганда, эмне кылат?”.

Курултайдын резолюциясы

Эки күн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат шайланган. Жыйын соңунда курултай кыргызстандыктарга кайрылды. Анда эгемендикти сактап, мамлекеттүүлүктү сактоо башкы милдет экени жазылган. Ошондой эле курултайдын резолюциясы да кабыл алынды.

“Жогорку Кеңешке сунуштама: 2023-жылдын май айына чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алып берүү. Министрлер кабинетине сунуштама: Кыргызстан толук эгемендикке ээ болуш үчүн саясий-экономикалык өнүгүүгө гана көңүл бурбастан, аймактык бүтүндүккө жана көз карандысыздыкка толук жетишүү зарыл. Ал үчүн кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү. Делегаттар сунуштаган авариялык мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү. Аларды республикалык бюджетке киргизип, курулуш иштерин баштоо”, - деп айтылат резолюцияда.

Курултай идеясын колдогондор 2020-жылы Конституциянын долбоору даярдалып баштаганда Элдик курултай жыл сайын президенттен отчёт алышы керек деген демилгени көтөрүшкөн. Эгерде ал колдоо тапса, өлкө башчынын иши курултайдын жыйынында канааттандырылбаса, жумуштан кетмек. Бирок ал жумшартылып отуруп Элдик курултай кеңеш берүүчү институт болуп калды.

Курултай президент Садыр Жапаровдун баяндамасы жактырылсын, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун баяндамалары эске алынсын деген чечим кабыл алды.

“Көкүрөктө, көөдөндө кандай ойлор болсо, бардыгын улуу трибунада туруп ачык-айкын айттык. Баарлашуу, кеңешүү болду. Бийлик, эл, коомчулук бир залда отурду”, - деди курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Бирок быйыл май айында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун четке каккан.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган. Өлкө башчы сөзүндө парламентти мыйзамды кабыл алууга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG