Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Баш мыйзам: президенттик бийликти сынаган бир жыл


Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатат. 5-май, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатат. 5-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенттик башкарууга кайтканына бир жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы кыргыз калкы ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген. Колдонуудагы Конституция адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттай турганын айткан. Жапаров 2021-жылдын апрелинде болгон референдумга дагы токтолгон.

"Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу. Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт. Бүгүн биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Былтыр өлкөнүн Конституция күнү, 5-майда Баш мыйзамдын жаңы редакциясына президент Садыр Жапаров кол коюп, күчүнө кирген.

Мындай жол менен Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга кайткан.

2020-жылдагы Октябрь окуяларында элдик толкундоонун шарапаты менен бийликке келген Жапаров жана анын жактоочулары мурдагы башкаруу системасында ким эмнеге жооптуу экени белгисиз болуп, башаламандык орун алганын жүйө келтирген.

Мындан улам жоопкерчилик бир адамга, тагыраагы президентке жүктөлүп, мамлекеттик башкаруу ирээтке салынат деген түшүндүрмө айтылган эле.

Дал ушул максатта 2021-жылы алгач башкаруу системасын аныктоо, кийин Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум өтүп, жактырылган. Ага ылайык, президент аткаруу бийлигинин башында туруп, ыйгарым укуктары кеңейген.

Президент Садыр Жапаров былтыр Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде өлкөдөгү ар бир тармак үчүн жоопкерчилик аларын жана ири өзгөрүүлөр болорун жарыялаган.

"Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биздин эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем".

Жапаров бийлик түзүмүндө бири-бирин кайталаган органдар жоюлуп, чечим кабыл алуунун бир борборун түзүү, улуттук коопсуздукту чыңдоо, улуттук идеологияны күчтөндүрүү тапшырмалары турганын билдирген.

Ошондой эле президент саясий жараяндарды жыйынтыктап, ириде экономикага көңүл бурууну убада кылган.

Бирок Садыр Жапаров болжогондой саясий процесстер тез эле аяктаган жок. Шайлоо мыйзамдарын Баш мыйзамга шайкеш келтирүү жараяны создугуп, жаңы парламент жыл аягында гана иштей баштады.

Ал эми бул аралыкта эки жолу өкмөт же азыркы аталышы менен Министрлер кабинетинин курамы алмашты. Дал ушул жагдайды эске салган бийлик өкүлдөрү жаңы Баш мыйзам күзүндө гана толук кандуу ишке киргенин айтып, жаңы системанын жыйынтыгы эми гана сезиле баштаганын белгилеп келет.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев өлкөдө жаңы системага ылайыкташтыруу жараяны бир топко созулду деген пикирге кошулат.

Анткен менен кабыл алынган чечимдердин сапаты жакшырганы тууралуу азырынча айтуу эрте экенин белгиледи:

"Конституцияга мыйзамдарды ылайык келтирүүгө жарым жылдай убакыт кетти окшойт. Маселен, парламенттин регламенти дагы деле кабыл алына элек. Ушулардын баарын эске алганда деле азыр бийликтин чечим кабыл алуу функциясын борборлоштуруу анчейин жакшы жыйынтыкка алып келе элек. Буга чейин коомдук-саясий, экономика жаатындагы маселелердин экспертизасы, аналитикасы, чечим кабыл алуу бир колго топтолгондо, анын сапаты начарлайт деген кооптонуу бар эле. Менимче, ошол көрүнүш азыр байкалууда".

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жаңы башкаруу формасынын аркасында бийлик органдарында жоопкерчилик күчөп, эффективдүүлүгү артканын айтууда:

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

"Азыр президент ачыктан-ачык мен жоопкерчиликти алам деп жатат. Конституция укук берди. Эми бирдей түшүнүктүү, жоопкерчиликтүү бийлик пайда болду. Анын майнабы болобу же болбойбу жакында эле көрүнөт. Бирок менин жеке пикиримде, туура жолго түшүп баратабыз".

Ал эми оппозициячыл саясатчы Бектур Асанов президент өкмөттүн башында туруп, бүткүл жоопкерчиликти өзүнө алары айтылганы менен иш жүзүндө андай болбой жатат деп нааразы.

"Буга чейин өкмөт утур-утур алмаша берет, эми туруктуулук келет деп айтылып келген. Бир жарым жыл ичинде эки өкмөт алмашты, министрлер улам-улам алмашууда. Экинчиден, бардык маселе үчүн президент жоопкерчилик алам деген. Анда эмнеге Кумтөр боюнча келишимге өлкө башчысы кол койгон жок. Азыр өкмөттүн башында Акылбек Жапаров эмес, президент турат. Эл алдына өзү чыгып, парламентке өзү жооп берип туруш керек. Бирок андай болбой жатат".

Асанов жаңы системанын кесепети катары соңку бир жылда сөз эркиндиги жаатындагы абал начарлап, оппозицияга басым күчөгөнүн белгиледи.

Бирок президенттин командасы мындай чочулоо негизсиз экенин билдирип келишет. Садыр Жапаров бир апта мурда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде өлкөгө оппозиция жана сөз эркиндиги керек деп айткан.

Бектур Асанов өкмөттүн туруксуздугу уланып жатат дегени менен президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү азыркы Министрлер кабинети үч-төрт жыл иштей турганын айтып келет. Мындай билдирүүнү Президенттик администрация жакынкы айларда кеминде эки жолу коомчулукка жарыялады.

Жаңы Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин бир катар укуктары кыскарган. Тагыраагы, мурдагыдай коалиция түзүп, өкмөт курай албайт. Ошондуктан, парламенттин ролу төмөндөп, бул өз кезегинде бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту жок кылды деген пикирлер айтылып келет.

Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков парламенттин ролу анын курамына көз каранды болуп жатканын белгиледи.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Президенттик башкаруу системасына өттүк. Бирок ал монархия эмес. Дагы деле болсо парламенттин ролу күчтүү. Аны АКШ, Франция сыяктуу өлкөлөрдүн мисалынан деле көрсөк болот. Биздин көзөмөлдөө функциябызды эч ким колубуздан тартып алган жок. Экинчиден, мамлекет, коомдогу бардык мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарды кабыл алуу же четке кагуу укугубуз бар. Ошондуктан, азыркы системада парламенттин ролу төмөндөдү деген туура эмес. Учурдагы парламенттин потенциалы чоң экенин көрүп жатабыз".

Азыркы тапта өлкөдөгү мыйзамдарды Баш мыйзамга толугу менен ылайыкташтыруу качан аяктайт деген суроо турат.

Былтыркы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Айдар Мамбеткадыров бул жараян жакын арада жыйынтыкталып, жаңы системанын жыйынтыгы сезилет деген пикирде:

"Башкаруу системасындагы өзгөрүү, акимдердин ротациясы, кадрдык дайындоолордун баары жаңы Конституцияга ылайык ишке ашууда. Азыр айрым мыйзамдар иштелип чыга элек, айрымдары даярдалып жатат. Маселен, Элдик курултай боюнча мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат. Мунун баары айтылган реформалардын бирден бир бөлүгү болуп саналат".

Чынында эле Конституциядагы арасат абалда турган дагы бир норма Курултай институтуна байланыштуу. Баш мыйзамда Элдик курултай “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйын” катары каралган. Президент жылына бир жолу дал ушул жер-жерлерден шайланып келген Курултайдын алдында отчет берүүгө тийиш. Бирок бул институт азырынча иштей элек. Садыр Жапаров былтыр жыл аягындагы маалымат жыйынында кийинки жылдан тарта курултай алдында отчет бере турганын айткан эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG