Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Израил Газадагы "Рафах" өткөрмө бекетин ээлегенин билдирди


Рафах.
Рафах.

Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги «Рафах» көзөмөл-өткөрмө бекетинин сектор тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын бүгүн 7-майда билдирди. Автомашиналардын өтүүсүнө чектөө коюлганы маалымдалды.

Израилдик аскерлердин маалыматына караганда, 7-майга караган түндөгү жердеги операциянын жүрүшүндө ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жыйырма согушкери жок кылынды. Ошондой эле үч туннел аныкталып, израилдик танкты сүзүүгө аракет кылган, ичине жардыргыч салынган автомашина жок кылынды. Азыркы тапта аскерлер ээлеген аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат.

Газанын түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарындагы операциясы уланарын, барымтадагылар бошотулмайынча ХАМАСка басым токтобой турганын билдирген Израил бул шаарды согушкерлердин акыркы таянычы деп атоодо.

Израилдин аскердик техникасы жана жоокерлери Рафахка киргенден кийин ХАМАС Газадагы атышууну токтотууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу маалымат тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук кылып жаткан Катарга жана Египетке берилгени маалымдалды.

Бирок, "ал-Жазира" телеканалы кабарлагандай, ХАМАС израилдик аскерлер Газадан толук чыгып кетиши керек деген шартын улантууда.

6-майдагы билдирүүсүндө ЦАХАЛ Рафах шаарынын Израил менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө, гуманитардык зонасы кененирээк Ал-Маваси жана Хан-Юнис райондоруна барууга чакырган. Билдирүүдө Газанын бүткүл аймагында ХАМАСка каршы аракеттер барымтадагылардын баары бошотулмайынча улана берери белгиленген.

АКШ администрациясы Израил өкмөтүн Рафахта аскердик операция баштабоого, палестин жай тургундарынын коопсуздугун ойлоого чакырган. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден ЦАХАЛдын Газадагы жооп операциясын “ашкере” деп мүнөздөгөн.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG