Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Кемпир-Абад: кармоодогу калпыс жагдайлар


Кемпир-Абадга байланыштуу камалган саясатчылар менен жарандык активисттерди бошотуу талабы менен чыккандардын акциясы. 26-октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абадга байланыштуу камалган саясатчылар менен жарандык активисттерди бошотуу талабы менен чыккандардын акциясы. 26-октябрь, 2022-жыл.

Башаламандык уюштурууга шек саналган саясатчылар менен жарандык активисттердин жактоочулары тинтүү жана кармоо учурунда одоно мыйзам бузган учурлар тууралуу айтышууда.

Маселе парламенттин укук тартиби комитетинде каралып, Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди. Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев кылмыш иши үндөрү жашыруун жаздырылган оппозициянын жыйынынан эки күн мурда козголгонун, жетиштүү далилдер бар экенин билдирди.

Жыйынга барбай, кармалгандар

"Кемпир-Абадды коргоо комитетин" түзүүгө байланыштуу кармалган жыйырмага чукул саясатчы жана активисттерге "массалык башаламандык даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганы кабарланды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кармоолордун негиздүүлүгү менен мыйзамдуулугун таанып, кылмышка шектүүлөрдү тергөө бүткүчө камакта кармоо боюнча бөгөт чарасын тандады.

Эки айга камалган блогер Атай Бейшенбектин адвокаты Канат Хасанов ал оппозициялык жыйынга катышпаса да себепсиз эле башаламандык уюштурууга шек саналып, кармалганын белгиледи:

"Атай дагы, мен дагы эч качан эч кимди башаламандыкка чакырган эмеспиз, чакырбайбыз дагы. Анын Кыргызстанга кереги жок. Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Ал жерде абдан туура эмес чечимдер чыкты. Бирок бул чечимдердин бардыгына тарых өз баасын берет. Атай башаламандыкка чакырмак тургай, анын оюндаандай нерсе болгон эмес. Ошондуктан ага коюлуп жаткан беренелер жалган жана туура эмес. Атайга тиешеси жок нерсени ага жабыштырып, аракет кылып жатышат".

Аталган оппозициялык жыйынга катышпай эле кармалгандар арасында саясатчы Канат Исаев да бар. Ал бир айга УКМКнын тергөө абагына камалганы маалым болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо бөгөт чарасын өзгөртүп, 23-ноябрга чейин камоо чечимин чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-октябрда кечке жуук кармалгандардын бардыгын бөгөт чарасын кароону баштап, аларды 20-декабрга чейин камакта калтырган чечимдерди чыгарды.

Сот башаламандык уюштурууга шек саналып, кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 25-октябрда да улантты. Камакка алынган саясатчылар менен активисттер Бишкектин №1 тергөө абагында кармала турган болду.

Төңкөрүш "планын" төгүндөгөн Абыловдун аргументи

Милиция сүйлөшүүлөр жашыруун жазылып алынган "Кемпир-Абадды коргоо комитетин" түзүүнүн демилгечиси Мамбетжунус Абыловду кармаган эмес. Анын кармалбай калганы боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү күдүк ойлор жайылган болчу.

Бирок Мамбетжунус Абылов анын дарегине айтылган дооматтарга жооп берип, маалымат жыйынын өткөрүп, аны камаганга да кезек келиши мүмкүн экенин айтты:

Мамбетжунус Абылов, экс-элчи, экс-министр
Мамбетжунус Абылов, экс-элчи, экс-министр

"Бардыгы камалып, эмне үчүн Мамбетжунус Абылов камалган жок?" деген суроолор интернетке дагы чыгып жатат. Мен бардыгын өзүм чакырып туруп анан аларды салып берген кишидей көрүнбөйүн. Бирок биз чакырган адамдардын арасынан бирөө жыйындын жүрүшүн жашыруун жаздырып алып, интернетке таратып жатышат. Ал аудио жазуу чыккан күнү эле карасам, негизинен Сасыкбаева менен Бекназаровдун үнү бар экен. Мен жыйынга чогулгандарга "балдар биз кайнаса каны кошулбаган, ар кандай саясий көз караштагы кишилербиз, бирок азыр Кемпир-Абад колдон чыгып кеткени турат. Аны алып калганга аракет кылалы. Макулдашуунун долбоору парламентке ратификацияга келген күнү аны депутаттар карап жатканда биз Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгалы" деп кайрылып, сүйлөгөм. "Эл митингге чыкса, депутаттар тартынып, макулдашуу өтпөй калышы мүмкүн, бул бирден бир мыйзамдуу жол" десем, Асия Сасыкбаева "кичинекей митинг кыла берсек, бийлик тоготпойт экен, ири митинг өткөрүп, 10 миңдей киши келсе анан бийлик сезет" дегенде, Азимбек аны тамашалап, "силердин оюңар революция турбайбы, бирок анча адамды митингге алып чыгуу кыйын, андан көрө ноябрда элдик курултай өткөрөлү" деп айткан. Анан ошол жерлерин кесип алып, бийлик "булар жапырт башаламандык уюштурууга даярданган" деп айтып чыгышты. Ал жерде эч кандай төңкөрүш уюштуруу тууралуу сөз болгон эмес".

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитети бул маселени карап, ИИМ менен Башкы прокуратуранын маалыматын укту.

"Чар тарапка чачыратуунун максаты эмне?"

Комитет мүчөсү, депутат Руслан Жакышев саясатчылар менен активисттерди кармоо операциясынын жүрүшүнө таң калганын жашырган жок.

Руслан Жакышев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Руслан Жакышев, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Мени таң калтырганы жыйырмадан ашуу киши, арасында эски саясатчылар, апалар дагы, жарандык активисттер дагы бар экен. Бирок ошолордун бардыгы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына эмес, Чүй облусунун райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө - Токмокко, Сокулукка, Ысык-Атага жеткирилиптир. Буга эмне себеп болду? Алардын бардыгы бир жерге батпайт беле? Экинчиден, соцтармактан көрдүк, андагы саясатчылардын бардыгы "аудио жазуунун бардыгы жасалма, монтаждалган" деп айтышууда".

Ички иштер министринин орун басары Аширходжаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында орун болбой, кармалгандар Чүйдүн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу жайларына жеткирилгенин түшүндүрдү.

Кармоолордун мыйзамдуулугу

Ал эми Акыйкатчы мекемеси башаламандык уюштурууга шек саналгандардын үйлөрүн тинтип, кармоодо одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин билдирген.

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов кармоолор мыйзам бузуу менен коштолгонун жана тергөөгө байкоо салууга тоскоолдук болуп жатканын айткан.

"Бизге ИИМ тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат. Айрыкча Тергөө кызматынын башчысы Улан Жапеков деген бар экен. Ошол киши тарабынан бизге тоскоолдук болду. Мыйзамга ылайык, бизге ал жактарга кирип, иштин жагдайларын сурап, тергөө материалдары менен таанышууга уруксат берилген. Бизге ошол жактан тоскоолдуктар болууда. Биз алардан "эмненин негизинде кармап келдиңер" деп сурадык. Анан ошону негиздеп, айтпай жатышпайбы. Кармалган жарандык активист Перизат Суранованы "кезмет бөлүмүнөн ал жакка алып келинген жок" деп айтышкан. Бирок мен имараттын ичине кирип барып, анын ошол жакта жүргөнүн капысынан көрүп калып жатпайымынбы. Анысын эмнеге бизден жашырды деген маселе болду. Анан кармоолор учурундагы орой мамилелер, билдирме жиберилбей эле кармалган учурлар, тинтүү учурунда башка туугандарына тиешелүү буюм-тайымдарын алып кетип калган жагдайлар тууралуу расмий билдирүү тараттык. Биз мыйзам талабына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүнү талап кылуудабыз".

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча көтөрүлгөн маселе боюнча суроо берди:

Сүйүнбек Өмүрзаков, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрагасы.
Сүйүнбек Өмүрзаков, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрагасы.

"Акыйкатчы мекемеси тинтүүлөр жүгүзүлгөн учурларда, кармоолор маалында бир топ мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгып жатпайбы. Орой мамиле жасалып, бир катар жоболор бузулуп, туура эмес иш-аракеттер болгону айтылды. Аялдарды кармоо зарылдыгы бар беле? Коюлган айыптоолор канчалык негиздүү? Бул иште өзөчө бир сырлар барбы? Алардын ошондой иштерге тиешелүү экени толук аныкталдыбы? Ошолорго эмне дейсиз?".

"Кармоолор негиздүү, далилдер жетиштүү"

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында өлкө аймагында жапырт башаламандык даярдоо иши боюнча жетиштүү далилдер табылганын билдирди. Ал тергөөнүн купуя сырларын сактоо талабына байланыштуу кылмыш ишининин толук жагдайларын ачык атаган жок:

"ИИМдин Тергөө кызматы 2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Бул боюнча атайын тергөө амалдары болуп, анын жыйынтыгында 23-октябрда 22 жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү 21 адам кармалган. Тинтүү иштеринин, алардын кармалышынын жана атайын тергөө амалдарынын жүрүшүнүн мыйзамдуулугун Башкы прокуратура менен Тергөө судьясы карап чыгып, биздин иш-аракеттерибиздин бардыгы мыйзамдуу деп табылды".

Эки күн мурун козголгон иш

Анткен менен министрдин орун басарынын айтымында кылмыш иши оппозициялык жыйындан эки күн мурун, тагыраагы 20-октябрда козголсо, "Кемпир-Абадды коргоо комитетин" түзүү боюнча оппозициялык саясатчылар менен активисттер чакырылган Бишкектеги жыйын 22-октябрда кечинде болгон.

Ошондо жашыруун жазылып, тараган аудиодон башка дагы тергөө органында кармалгандардын башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө же бийликти күч менен басып алуу аракетине байланыштуу кандай ыкчам маалыматтар же айныксыз далилдер болгону парламент комитетинде айтылган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев кылмыш иши козголгон күндүн, жыйын өткөн убактын жана жазылып алынган аудио далилдердин тыянагын чыгарчу экспертизасынын датасынын ортосундагы мезгилдик байланыш сурады:

"Жолугушуу жана андагы сүйлөшүүлөр 22-октябрда болуп жатат. Ал эми 23-октябрда сиздер жапырт кармоолорду баштадыңыздар. Азыр эми алардын бөгөт чараларын кароо үчүн сотторго алып келип жатасыздар. Бул жерде бир түшүнүк бар. Кылмыш ишин козгоого негиз болгон аудио же видео материалдар атайын экспертизадан өтүүгө тийиш. Экспертизаны эмне түнү менен жасадыңыздарбы? Төңкөрүшкө даярдануу же бийликти күч менен басып алуу аракеттери боюнча экспертизанын корутундусу барбы?".

Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык жана бийликти күч менен басып алуу аракеттери үчүн мыйзамда оор кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай иштерди иликтеп, тергеп, далилдөө үчүн Кылмыш укугунда кылмыштын мотиви, максаты, кылмыштын курамы, каржы булактары, кылмышты даярдоодо колдонула турган курал-жабдыктары, уюштуруучулар менен аткаруучулардын байланыштары, уюмдашуусу сыяктуу негизги жагдайлар камтылышы керек экени көрсөтүлгөн.

Ыкчам маалыматтар - тергөөнүн жашыруун сыры

Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев оппозиция жыйынынан жазылган аудио тасмага фоноскопиялык жана лингвистикалык экспертизага берилгенин, кылмыш ишин козгоп, тинтүүлөр менен кармоолорду жүргүзүүгө ыкчам маалыматтар негиз бергенин белгиледи:

"Жанагы аудио жазуу биздин үнүбүз эмес, биз антип сүйлөгөн эмеспиз" дегендери боюнча албетте, кылмыш ишинин алкагында экспертиза дайындалат. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алабыз. Биз экспертиза жүргүзөбүз. Бирок кылмыш иши козголгондон кийин атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн, ошонун негизинде тиешелүү далилдерди таптык. Далил жетиштүү. Ал эми кылмыш ишин козгоо токтому бул иш жашыруун болгону үчүн кээ бир кишилерге берилген эмес. Токтом жок кылмыш иши болбойт".

Милиция алдын ала тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алууга катыштыгы бар экенин ырастаган далилдер алынганын билдирди.

Жапырт башаламандыкка даярдык иши боюнча 22 жаран кармалып, алардын экөө үй камагына бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG