Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Кемпир-Абад: эл аралык уюмдар жапырт кармоону айыптады


Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин бир бөлүгү.
Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин бир бөлүгү.

Human Rights Watch баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын кескин айыптады. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин камакка алынган жарандарды коё берүүгө үндөдү.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин коңшу өлкөгө берүүгө каршылык билдирген соң кармалган жыйырмадай кишинин дээрлик баары тергөө аяктаганга чейин камалды. Бирок буга реакция жасаган адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар "Кыргызстанда буга чейин коррупцияга айыпталган башка адамдардын камалбаганын" эске салышты.

“Бийлик кармалгандарды коё бериши керек”

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) уюму 25-октябрда тараткан билдирүүсүндө, Кыргызстанда жапырт кармалгандарды бошотууга чакырды. Уюмдун сайтында жарыяланган билдирүүдө "саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер негизсиз кармалганы, алардын үйлөрүнө милиция күч менен кирип, тинтүү жүргүзгөнү" белгиленген. Ошондой эле кармалгандардын мыйзамсыз жаздырылган үндөрү тарап жатканын жана кармалгандардын айрымдарына адвокаттар менен жолугууга уруксат берилбегенин белгилеп, бул аракеттериндин баарын айыптайт.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева билдирүү тууралуу кыскача маалымат берди.

Сыйнат Султаналиева
Сыйнат Султаналиева

"Кыргыз бийлиги кармалгандардын баарын токтоосуз түрдө коё бериши керек. Андан соң алардын укугу, анын ичинде тергөөдө жана соттук териштирүүлөр учурунда да процессуалдык укуктарынын корголушун камсыз кылуусу шарт".

Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын көпчүлүк аянтын коңшу өлкөгө өткөрүп, анын акысына калган талаш аймактарды өзүнө алганы жатат. Буга байланыштуу келишимдин долбоору ачык жарыяланбаганы менен иш жүзүндө даяр экени айтылууда. Аны юридикалык жактан тууралоо Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде келгенде убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Парламенттеги саясатчылар жана андан сырткаркы активисттер тобу суу сактагычтын жанында, башка жерлерде нааразылык акцияларын өткөрдү. Алардын айрымдары президент менен жолугуп чыккандан кийин да бийликтин жүйөсүнө макул болбой, “Кемпир-Абадды коргоо комитети” деп аталган топ түзгөнүн жарыялаган. Көп өтпөй эле комитеттин мүчөлөрү жана ага тилектештер кармалып отурат.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан International Partnership for Human Rights (IPHR) – “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүгү” уюму дагы Кыргызстандагы жапырт кармоолорго байланыштуу реакция кылды.

IPHR уюмунун логотиби
IPHR уюмунун логотиби

“Биз Кыргызстанда Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо боюнча пландалып жаткан макулдашууну сындап чыккан ондогон активисттердин камакка алынышына өтө катуу камтама болуп жатабыз. Бул аталган “сезимтал” маселеге байланыштуу адамдар кысмакка алынган соңку учур эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен кылмыш иши козголгонун тактаган. Буга азырынча далилдер жана башка жүйөлөр келтириле элек.

Болгону "кармалгандар башаламандык уюштурууга камынып жаткан учурдагы сүйлөшүүсү жаздырылган" делген аудио гана интернетке чыкты. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн күч кызматтарынан тастыктай алган жок.

Бирок кармалгандардын айрымдары өздөрү аудиодогу сөздөрүн ырастап жатышат. Маселен, экс-элчи Азимбек Бекназаров соттук отурумда журналисттерге комментарий берип жатып, аудиодо сүйлөп жаткан өзү экенин айтты. Бирок ал анда Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылыкка чыгууга чакырышканын, митинг өткөрүүгө камынышканын белгилеген. Ал буга "Баш мыйзам деле, башка мыйзамдар деле жол берерин" кошумчалады.

Швециянын борбору Стокгольмдо иш алып барган Civil Rights Defenders (CRD) – “Жарандык укукту коргоочулар” уюму да чек араны демаркациялоо жана жаратылыш ресурстары абдан маанилүү маселе экенин билдирип, аны чечүүдө Кыргызстандын бийлиги өз атаандаштарын куугунтуктоодон алыс болушу керектигин белгилейт. Уюм "камагандан көрө бийлик жергиликтүү калкка, активисттерге өз убагында маалымат берип, демаркация процесстерине аларды да тартууну" сунуштайт.

CRD маалымат алууга, тынч митингдерди уюштурууга жана сын-пикирлерди билдирүүгө жарандарга Кыргызстандын Конституциясы укук берерин эскертти.

Civil Rights Defenders (CRD) уюмугун логотиби
Civil Rights Defenders (CRD) уюмугун логотиби

“Civil Rights Defenders Бишкекте процессуалдык эреже бузуулар менен өткөн рейддерди жана кармоолорду кескин айыптайт, ошондой эле Кыргызстандын бийлигин кармалгандарды бошотууга, аларды куугунтуктоону токтотууга чакырат. Топ комиссия түзгөнүн жарыялагандан 24 саат өтө электе кыргыз милициясынын шашылыш кылмыш ишин козгоп, рейд уюштура калганы – бул адилеттүүлүккө кызмат кылууга эмес, көбүрөөк саясий жана жазалоочу мүнөзгө окшошуп турат”, – деп билдирди аталган уюм.

Башкы кеңсеси Осло шаарында жайгашкан Норвегиянын Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) кармоо учурунда милиция кызматкерлери документтерин көрсөтпөй, активист жана укук коргоочуларды кылмышкерлер сыяктуу кармаганын туура эмес көрүнүш катары баалады.

Ивар Дале
Ивар Дале

“Хельсинки комитети Кыргызстанда болуп жаткан нерселерге кабатыр болуп жатат. Анткени биз кармалган жарандардын, маселен Рита Карасартованын үйүнө күч кызматкерлери кантип киргенин көрдүк. Аны кандайдыр бир кылмышкер сыяктуу торго отургузуп салышканы абдан уят. Мен Карасартова менен эки апта мурда эле Бишкекте журналист Болот Темировдун сотунда көрүшкөн элем. Ал мамлекетке кандайдыр бир коркунуч жаратат деп ойлобойм. Мен билгенден Ританын жаш баласы бар, күйөөсү мурдараак каза болуп калган. Ошол эле маалда мен “Райым миллион” атка конгон Райымбек Матраимовду кармашкан учурда кишенсиз алып киришкен. Ал сотто темир торго да отургузулган эмес. Анда эмне үчүн Рита Карасартованы же, аны менен чогуу кармалган башка активисттерди торго отургузуп салышты? Мен ушуну таптакыр аңдай албай турам”,-деди комитеттин саясий кеңешчиси Ивар Дале “Азаттыкка” берген комментарийинде.

“Бийликтегилер өздөрү да кезинде митинг кылган”

Норвегиянын Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале негизи эле саясий көз карашы үчүн жарандарды куугунтукка алуу туура эмес экенин белгилеп, аны “азыркы бийлик башындагылар өзгөчө түшүнүшү керек эле” деп эсептейт.

Себеби Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев өздөрү да кезинде акцияларга чыгып, анын натыйжасында камалып чыккан. Учурунда алар да бийликти күч менен басып алууга айыпталышкан.

“Албетте, биз Өзгөндүн жанындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе сезимтал маселе экенин түшүнөбүз. Бирок Кыргызстанда мындай талаштуу маселелерге байланыштуу адамдар көчөгө чыгып, пикирин айтып келгени мурдатан калыптанып калган. Азыр Кыргызстандын бийлик башында турган адамдар дагы кезинде өздөрү да ошентип пикирлерин билдирип келишкен. Ошондуктан бул абдан таң калычтуу көрүнүп жатат. Мурда өздөрү да митингдерди өткөрүп, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда бийликти сындап келгендер өздөрү жетекчи кызматтарга отуруп калган соң, кескин чечимдерди кабыл алып, саясатчыларды жана укук коргоочуларды эки айга камакка алганы абдан орунсуз болуп калды”, – деди Ивар Дале.

"Баары менен диалогго барып атам"

Президент Садыр Жапаров 24-октябрда улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде соңку жапырт кармоо тууралуу комментарий берип, камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот коё турганын айтты. Ал жарандык коомдун өкүлдөрү жана сынчыл саясатчылар менен диалог курууга аракет кылып жатканын, Кемпир-Абадга байланыштуу да аларга түшүндүрмө берүүгө аракет кылганын билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам. Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы. Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да”, – деген “Кабардагы” интервьюсунда Садыр Жапаров.

Баса, 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти, анын ичинде Кыргызстанды Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлаган. Ага шайланган өлкөлөр адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү боюнча глобалдык алкакта милдеттеме алат.

Бирок кеңешке киргенден жарым ай өтүп-өтпөй өлкөдө саясатчылардын, активисттердин жана укук коргоочулардын жоон тобунун жапырт кармалышы эл аралык коомчулукта Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткендер арбын. Бул жааттагы кээ бир талдоочулар азыртан эле өлкөгө адам укуктары сактоого убадасын алган соң гана гранттарды жана башка финансылык жардамдарды берүүгө чакырык жасады.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кемпир-Абад чуусуна байланыштуу жалпы 22 адам кармалса, анын 21и эки айга тергөө абагына камалды. Бир киши үй камагына алынды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG