Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кумтөр иши: Айыпталуучулар төккөн акча кайда?


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык иш боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыгып, айып пул салынганы 5-6 айдан кийин гана белгилүү болду. Алар 110 миң сомдон 400 миң сомго чейин айыпка жыгылып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп беришкен. Бирок канча каражат кайтарылганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Ал эми иштеги негизги фигурант, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн иши сотко өттү.

Үч адамга салынган айып

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр иши” боюнча айыпталган Рыспек Токтогулов менен Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиевага өкүм чыгарганы 24-октябрда гана белгилүү болду.

Райондук соттун маалыматына караганда, 4-майда “Кумтөр” ишканасынын каржы башкармалыгынын мурдагы директору Рыспек Токтогулов Кылмыш-жаза кодексинин “Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бузуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 200 миң сом айып салынган.

10-июлда Октябрь райондук соту ушул эле берене, башкача айтканда “мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө мыйзам бузган” деген айып менен “Кумтөрдүн” жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны да күнөөлүү деп өкүм чыгарып, 110 миң сом айыпка жыккан. Экөөнө тең абак жазасы чегерилген жок. Айрым маалымат каражаттары алар күнөөсүн мойнуна алышканын жазды. Азырынча өздөрү үн ката элек.

Башкы прокуратура Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, Рыспек Токтогуловду жана “Кумтөрдүн” мурдагы тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү 2022-жылы 13-сентябрда коррупцияга айыптап кармаган.


Дагы бир шектүү, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, ал 2023-жылы 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. Октябрь райондук соту ага 23-апрелде эле өкүм чыгарып, 400 миң сом айып салганы 25-октябрда гана маалым болду. Андан тышкары Канат Курманов 30 млн сом чыгымды төлөп берип, каражат “Кумтөр” компаниясына которулганы да ачыкталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу акыркы окуялар жөнүндө “Азаттыкка” комментарий берди:

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Алтын эмне үчүн сыртка кетип атат? “Кумтөрдү” Кыргызстанга алып өзүбүз иштетели” деген элдин мүдөөсү болчу. Ишкананы мамлекетке алгандан кийин анын башына Тенгиз Бөлтүрүк келип, эми компанияны кыргыздар өзүбүз эле жакшы иштетебиз деген ой болгон. Бирок ортодон коррупциялык иштер чыкты. Бул окуядан кийин канадалыктарда, айрым адамдарда “Кыргызстан компанияны өзү таза иштете албайт экен” деген пикир жаралды. Бирок жогорку бийлик алар менен макул эмес экенин билдирип, Тенгиз Бөлтүрүктү баш кылып камап, жегендерин мамлекетке кайтарды. Менин маалыматым боюнча, 1 млрд 100 млн сом айып салынып, анын 95-96% мамлекетке кайтарылды. Эми аларга акчаны төлөтүп эле койбой, жазасын берип, камаш да керек. “Каражатты бердиңер, болду эми” дебей, тамырын кыркыш керек”.

Суроо жараткан сумма

Башкы прокуратура “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлаган. Мекеме май айында 844 млн 512 миң 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк бюджетке 10 млн сом кайтарганы белгилүү болгон. Ал үчүн бул сумманы 27-апрелде Чыңгыз Тогузбаев деген адам которгонун журналисттер таап чыккан.

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров буга чейин “Азаттыкка” козголгон иш боюнча казакстандык Apollo Resources компаниясы 1 млн доллардан (137 568 642 сом) ашык зыянды төлөп бергенин айткан. Ошондой эле кыргызстандык “ЦентралАзияМеталл” ишканасы да 20 млн сомдон ашык материалдык зыяндын ордун толтурганын билдирген. “ЦентралАзияМеталлдын” негиздөөчүлөрүнүн бири маалыматты ырастаган.

Ошентип, буга чейин бюджетке кайтарылган каражаттын бир бөлүгү кимдерден өндүрүлгөнү такталды. Бирок азыркыга чейин калган каражатты ким кайтарганы тууралуу толук маалымат жок. Президент Садыр Жапаров 14-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө суроого жооп берип жатып, камалгандар зыянды төлөп бергенден кийин бошотуларын кыйыткан.

“Мен билгенден, он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды” деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”.

Бөлтүрүктүн иши сотко өттү

Бул иште шектелип жаткандар тууралуу да расмийлер буга чейин ар кандай маалыматтарды беришкен. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 16-мартта Жогорку Кеңеште “Кумтөр иши” боюнча төрт адам айыпкер катары өтүп жатканын, дагы беш киши эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотулганын айткан.

Башкы фигурант - “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк. Ал май айында үй камагына чыгарылган. Жакында эле анын иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өттү. Азырынча жараяндын күнү белгилене элек.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

“Мындай иштин баары ачык сотто каралбай эле чечим чыгып кетүүдө. Маселенин көбү тергөөчүнүн столунда калат. Кеп ушунда болуп жатат. Жабык иштеп атышат. Тенгиз Бөлтүрүк бир топ жашыруун маалыматтарды билгендиктен, ага катуу деле жаза берилбейт. Кылмыш ишин Тенгиз Бөлтүрүк, Садыр Жапаров анан Камчыбек Ташиев эле билет”, - деди талдоочу Турат Акимов.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини” Тенгиз Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча отчётунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердигин текшерип чыккан.

Аудиторлор 2022-жылы май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 млн 45 миң сом короп, бул боюнча отчёт берилбегени аныкталган. Маалыматка караганда, эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке сарпталган. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган. Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева “Кумтөргө” жабдык, күйүүчү май ташыгандар, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейт:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

“Бензин, солярка жана кен иштетүүгө керек болгон материалдарды ташыган ишканалар боюнча да иш козголгон. Эми бул товарларды “Кумтөргө” кайсы компания ташып атканын такташ керек. Ошол эле тамак-аш ташыган ишканалардын артында кимдер турганын да аныкташ керек. Себеби, бул жерде көп акча айланат”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы май айында алып, 2022-жылы апрелде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Тенгиз Бөлтүрүк - өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда чечүүчү ролду ойногон адамдардын бири. Анда Канаданын да жарандыгы бар.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG