Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

100 миң доллар айлык алганбы? Бөлтүрүккө байланышкан дагы бир чуу


Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн маянасына түшүндүрмө берип, ага бул ишканадан эмгек акы төлөнбөгөнүн билдирди. Мунун алдында “Кактус Медиа” Бөлтүрүк айына холдингден 45 миң доллар, Кумтөрдөн 55 миң доллар алып турганын жазган.

“Кактус медиа” 9-августта жазгандай, Тенгиз Бөлтүрүк менен Каржы министрлиги 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө айына 45 миң доллар айлык менен эмгек келишимин түзгөн. Анда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар, "Кумтөр" ишканасынан 55 миң доллар айлык алган. Аталган басылма бул тууралуу өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын август айында Тенгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр голд компаниядан” айлык акысынын өлчөмүн 40 миң долларга чейин өзгөрткөнү, ошол эле учурда анын эмгек акысын жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтери жок экенин аныктаган.

“Кактус медиа” бул маалыматтарды өзүнүн булактарына таянуу менен билдирген:

“Тенгиз Бөлтүрүктүн жалпы сый акысы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы бөлүштүргөн”.

Эсеп палатасынын санагы боюнча Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын сентябрына чейин 600 миң доллар тапкан.

Финансы министрлигинин түшүндүрмөсү

Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айлык акысына байланыштуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Анда президент Садыр Жапаровдун 2021-жыл 29-январдагы “Тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгы жана Министрлер кабинетинин бул реформаларды ишке ашыруу максатында ушул эле жылдын 10-декабрындагы токтому менен “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлүп, Тенгиз Бөлтүрүк анын президенти болуп дайындалганын, анын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом бөлүнгөнү жазылат.

“Ушул күнгө чейин Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен жана “Улуу көчмөндөр мурасынын” бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган. Учурда Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинг компаниясын жоюу иштери жүрүп жатат. Финансы министрлиги каржы маселелеринде ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келет”, - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Мындай жол менен Финансы министрлиги маалымат каражаттары жазып чыккан айлык Бөлтүрүккө төлөнбөгөнүн билдиргени менен, көп суммадагы айлык чектелгенин төгүндөгөн жок.

Кыргызстандын экономикалык шартында Бөлтүрүккө чектелген айлыктын суммасы абдан эле чоң. Ушундан улам «Кактус медиа» жазган маалымат социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Бөлтүрүктүн айланасындагы маалыматтар

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ушунча каражат сарпталып түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингиндеги иш боюнча маселени кароо керек деген пикирде.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Өкмөттүн оюнда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин түзүп, ага "Кумтөр", "Жетим-Тоо", "Мегаком" сыяктуу кыргыздын көзгө басар, пайда алып келген компанияларын бириктирип, чоң бир казына түзүү болгон. Анан эле өкмөттүн тилеги таш каап, анын баарын Тенгиз Бөлтүрүк жокко чыгарды. Акылбек Жапаров бул холдингди ачып иштетем деген, бирок жетекчи болуп барган Тенгиз Бөлтүрүк 1 млрд 300 миң сомду жеп койду. Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөр боюнча эмгеги бар, бирок холдингде өзүм билемдик кылып, акчаны каалагандай калчап ийген. Азыр өкмөт “Кыргызиндустрия” деп ачып, дагы миллиарддаган акчаларды бөлүп, ага бир канча вице-президенттерди, кеңешчилерди дайындап, жардамчыларга очойгон айлык берип жатат. Эми аны күздө көрөбүз, алар өлкөнүн бюджетин парламентке алып келет. Ушул иштер үчүн жоопкерчиликти өкмөт тартат. Жооп берер күнү келет”.

Ал эми Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн жарандык активист Наристе Калчаев Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындагы маалыматтарды тыкыр анализдөө зарыл экенин белгилейт:

“Менин оюмча, убакыт аз берилип, жетишпей калды. Мен Кыргызстан бул Европа же Канада эмес экенин Тенгиз Бөлтүрүктүн өзүнө айткам. Ал кызматта турганда аны ачык сындап келдим. Камакка алынгандан кийин жыгылган адамды тепкилеген жокмун. Териштирүү иштеринде деле ачыктык жок болду. Бир канча сумманы мамлекетке төлөдү деп маалымат беришти. Бирок так айтылган жок. Канча сумманы канча адам төлөгөнү айтылышы керек эле”.

Теңгиз Бөлтүрүк башкарган компаниядагы ири суммалар боюнча буга чейин да талкуулар болгон эле. Тактап айтканда, быйыл жыл башында Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктадык деп жарыялаган. Анда "Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаган.

Каражаттын 1 млн 731 миң доллары кызматкерлердин айлыгына кеткени аныкталган (1 млн 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган). Мындан сырткары эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн 700 миң сом коротулган.

Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?

Тенгиз Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институтун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Кумтөр иши, Бөлтүрүктүн камалышы

Дал ушул кызматта иштеп жатканда Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Ага кошо “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, Каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалган.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, 10-ноябрга чейин камакка алган. Прокуратура алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 млрд сом зыян келтирилгенин айткан. Баш-аягы үч кылмыш иши козголгон.

Эсептөө палатасы ушул жылдын 3-февралында “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчёт жарыялаган.

Анда “Кумтөр” бул убакыт аралыгында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн доллар короткону белгилүү болгон.

Ушул жылдын апрель айында “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 миң 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын” башкы көзөмөлдөөчү орган билдирген. Бирок айрым маалымат каражаттары мунун ичинен 10 миллион сом гана Бөлтүрүктүн эсебинен өндүрүлгөнүн жазып чыгышты. Буга расмий органдар жана Теңгиз Бөлтүрүк жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG