Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Кемпир-Абад иши: жабык отурум, "сырдуу" конверт


Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров жана Равшан Жээнбеков. Архив.
Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров жана Равшан Жээнбеков. Архив.

Кемпир-Абад иши боюнча кезектеги соттук отурумга абактагы айыпталуучулардын баары - 11 киши алып келинген жок.

Алардын жактоочулары билдиргендей, судья аларды сот жараяны аяктаганга чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар судьянын чечими мыйзамга каршы келерин айтууда. Мындан улам судьяга ишенбестик көрсөтүлүп, өтүнүч канааттандырылган жок.

Бул маалда райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары соттун ачык өтүшүн талап кылып акция өткөрдү.

4-октябрдагы Кемпир-Абад иши боюнча кезектеги сот отуруму нааразылык акциясы менен коштолду. Камакта жаткан 11 айыпталуучунун жакындары сот процесси ачык өтүшүн талап кылып, Биринчи Май райондук сотунун алдына чыккан.

Соттун алдына нааразылык акциясына чыккандар, 4-октябрь, 2023-жыл.
Соттун алдына нааразылык акциясына чыккандар, 4-октябрь, 2023-жыл.

Камакта жаткан журналист Айданбек Акматовдун иниси Бегалы Токтоматов буларды айтты:

"Сот мыйзам чегинде ачык өтсүн деген талап коюп жатабыз. Кандай жагдайлар менен соттоп жатат, сот иши элге ачык өтсө, журналисттерге уруксат берилсе, туугандары катышканга уруксат берсе деген талап менен келдик".

Соттун ачык өтүшүн талап кылгандардын бири Толгонай Солтонова Кемпир-Абад иши боюнча камалган Айбек Бузурманкуловдун жубайы. Анын айтымында, сот иши жабык өткөнү аз келгенсип, отурумду жөн эле созуп жатышат.

Толгонай Солтонова
Толгонай Солтонова

"Бийлик кандай буйрук берсе ошого жараша эле чечим чыгарып жатат. Ошондуктан сотту ачык кылып, туугандарын, элди, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн да катыштырсын деп талап кылып жатабыз. Бийлик биздин жакындарыбыздын бир жылдык өмүрүн алып койду. Жөн эле созуп жатат. Баарынын чеги болот. Аппараты, видеосу, аудиосу иштебейт. Бул не деген сот? Өздөрү даярданбаса".

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча 27-сентябрда белгиленген сот отуруму болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Анда сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган айыпталуучулар залдан чыгарылган.

Бул жолу сотко абактагы айыпталуучулардын баары, 11 адам алып келинген жок. Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараяны аяктаганга чейин процесстен четтеткен.

Мындай маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастап, айыпталуучулар отурумунда тартип бузганы үчүн, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 307- беренесинин(Соттук отурумда тартип бузганы үчүн таасир кылуу чаралары) 1-бөлүгүнө ылайык, айыпталуучулар соттук отурум өтчү залдан чыгарылганын жана алар соттук териштирүү аяктаганга чейин катышпай турганын билдирди.

Жактоочу Кантемир Турдалиев судьянын чечими мыйзамга каршы келерин айтууда.

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

"Биз адвокаттар бул туура эмес экенин айтып жатабыз. Анткени бир тартип бузса, кийинки отурумда алып келиши керек болчу. Себеби, Кылмыш процессуалдык кодексинин 46-беренесинин экинчи бөлүгүндө жазылып турат, айыпталуучу соттук отурумдарга катышууга укуктуу деп. Ушул укугун бузуп жатат".

Мындан улам соттук отурумга катышып жаткан айыпталуучулар менен жактоочулар судьяга жана башкы айыпкерге ишенбестик көрсөткөн. Өтүнүч канааттандырылган жок. Жактоочулар кайрадан апелляциялык тартипте өтүнүч келтире турганын айтышты.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Буга чейин тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн айыпталуучулар бир нече жолу убакыт сураган.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалып чыккан укук коргоочу Рита Карасартова айыпталуучуларга тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтууда.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Соттук иште эч нерсе жок болгону үчүн булар баарын жабык кылгысы келип жатат. 64 том бар, ар бир томго бирден конверт салып коюшуптур. Ушунун ичинде сыр материал бар деп. Анын бир конвертин Азимбек Анаркулович ачып жиберет. Ачса анын ичинде жөнөкөй эле кагаз бар экен, эч кандай сыр жок. Судья ошону айтып, "силер жабык материалды ачтыңар, токтоткула, мындан кийин силерге материал менен тааныштырганга мүмкүнчүлүк бербейм" деп 64 томдун аягына чейин тааныштырган жок".

Келерки сот жараяны 11-октябрга белгиленди. Ал тапта абакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, 4-декабрга чейин узартылганын адвокат Кантемир Турдалиев ырастап, чечимге каршы шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган.

Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Бирок камалгандар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Ушу тапта кармалган 27 адамдын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG