Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Кемпир-Абад иши: камактагылар сот создукканына нааразы


Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров абактан кат жолдоп, иш боюнча тергөө оңдуу жүрбөгөнүн, сот отуруму да башталган боюнча токтоп турганын билдирди.

Саясатчы ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун “Азаттык” радиосундагы интервьюсунда айткан сөздөрүнө жооп берди.

"Бийлик укпаса, эл аралык уюмдарга кайрылдык"

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун камактагыларды төңкөрүш жасоого айыптаганы негизсиз экенин белгилеген.

Саясатчы муну менен катар Кыргызстан эл аралык укуктук актыларды сактабаса, өзүнө алган милдеттемелерин аткарбаса, санкцияларга кабыларын айткан.

Камактагылардын сөзүн эч ким укпагандан кийин эл аралык уюмдарга кайрылып жатканын белгилеген.

“Биз Кемпир-Абад маселеси боюнча Конституцияда бекитилген, президент кепил болгон сөз, ой, пикир укуктарыбызды колдонгонубуз үчүн эле, саясий туткунга айланганыбыз тууралуу оболу президентибизден тартып, Жогорку Кеңеш, сот, прокуратура, акыйкатчы баштаган бардык органдарга арыз, кайрылуулар менен чыктык. Бирөөнөн да ушул күнгө чейин расмий жооп албадык. Азыр сот эки жолу жабык отурум өткөрүп, “ишиңер жабык каралат” деп чечим чыгарып коюп, бир жарым айдан бери эмгек өргүүдө жүрөт имиш. Биз жөн эле камалып жатабыз? Ушул кайсы мыйзамда, кайсы салтта бар? Бул жөн гана адамды кыйноо болот”, – деп жазган Азимбек Бекназаров өз кайрылуусунда.

Азимбек Бекназаров сотто.
Азимбек Бекназаров сотто.

Эдил Байсалов 28-июлдагы "Азаттыкка" курган маегинде Кемпир-Абад ишинин алкагында камакка алынгандар тууралуу да суроого жооп берип, камактагы саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров жана башкалардын ысымдарын атап өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “алар суу сактагычтын жерин шылтоо кылып, бийликти алмаштыргысы келгенин, анысы ишке ашпай калганын” кеп кылган.

Байсалов “камактагылардын Батыш өлкөлөрүнө кыргыз бийлигине санкция салууну өтүнүп кат жазып жатканын” туура эмес көрүнүш катары мүнөздөгөн.

"14 адам абакта жатат"

Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык карап, айыпталуучулардын айрымдарын үй камагына чыгаруу жана сотту ачык өткөрүү боюнча өтүнүчтөрүн караган.

23-июнда Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылып, калгандарынын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан Азимбек Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаев иш боюнча соттук отурум 23-июндан бери токтоп турганын "Азаттыкка" ырастады.

Эркин Булекбаев
Эркин Булекбаев

"Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 25 адамга айып коюлган. 11 адам үй камагына чыкты. 14 адам тергөө абагында отурат. Соттук териштирүүлөр өтө жай жүрүп жатат. Мисалы, бир нече айыпталуучунун бөгөт чарасын кароо боюнча 23-июнда Бишкек шаардык сотуна берилген апелляциялык арыз эмдигиче карала элек. Адвокаттарга берилген маалыматка караганда судья эмгек өргүүсүндө экен. Бул кезде 14 адам тергөө абагында отурат. Иштин өзү боюнча соттук кароо 22-23-июнь күндөрү эки жолу гана өттү. Андан бери токтоп турат".

Кемпир-Абад иши боюнча тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон. Мунун негизинде соттук териштирүү да жабык өтөрү кабарланган.

"Жабык соттук териштирүүнүн кажети деле жок"

Аталган иш боюнча айыпталуучулардын бири Рита Карасартова иште "бийликти басып алуу боюнча" эч кандай далил жоктугун, тергөө аны ырастай албаганын белгиледи.

Карасартова бийлик өзүнүн жалганын жашыруу үчүн ишке "жашыруун" деген гриф коюп, сотту жабык өткөрүп жатат деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

"Биздин ишти толук жабык кылып жатат. Тергөө материалдарында эч кандай далил, эч нерсе жок. Ошондуктан, булар коомчулукка эч нерсе жоктугун көрсөтпөш үчүн, ишти жабык өткөргүлөрү келүүдө. Сот жабык болгондо бийликке таандык прокурор, судья отурат. Биз миң өзүбүздүн далилдерибизди келтирген күндө да аны эч ким укпайт. Себеби жабык болот, журналисттер, башка карап турган кишилер болбойт. Ошондуктан жабык соттук териштирүүнүн кажети деле жок, шыр эле айыптоочу өкүмдү чыгара беришкени оң. Анткени биз көрдүк, "оорукчан, операциядан кийинки оор абалда, баса албайт" деген күндө да айрым айыпталуучуларды ооруканадан кайра тергөө абагына жеткирип салып жатышты. Минтип мазактагандан көрө, шыр эле айыптоочу чечим чыгарсын".

Рита Карасартова 23-июнда үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук соту. Бишкек. 2023-жыл.
Рита Карасартова 23-июнда үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук соту. Бишкек. 2023-жыл.

Рита Карасартова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айткан сөзүн комментарийлебей турганын айтып, муну Байсаловдун мамлекеттик кызматты ээлеп турганы менен түшүндүрдү.

"Анткени Байсалов мамлекеттик кызматкер. Анын кызматтык этикасы бар, бийликке барган кишилердин баары аны карманат. Алар бир стратегияны карманса, ага ишенбесе деле ошол стратегияны жактап сүйлөп турушу керек. Ошондуктан, аны түшүнүп коюу керек".

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй анын мүчөлөрү, аларга тилектештер адамдар кармалган.


Кемпир-Абад ишине байланыштуу Кыргызстанда баш-аягы 27 адам кармалган. Алардын ичинен мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Марат Баязов, Илгиз Сарылдык уулу, Темир Махмудов, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов, журналисттер Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта. Калган 13 киши ар кандай жагдайда үй камагына чыгышкан. Буга ылайык, алар жашаган аймагынан чыкпоого милдеттүү.

Эки адамдын: Орозайым Нарматова менен Талант Эшалиевдин иши Кемпир-Абад ишинен өзүнчө бөлүнүп тергелген. Соттук териштирүү да өзүнчө каралат.

Укук коргоо органдары жапырт кармалган оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлерди “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтышууда. Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырып келет.

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция добушка коюлган. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдогон.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

  • 2022-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.
  • Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын билдирген
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG