Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчылар моралдык басымга даттанышты


 Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта отургандардын айрымдары. Солдон оңго: Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров жана Равшан Жээнбеков. "Азаттыктын" коллажы
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта отургандардын айрымдары. Солдон оңго: Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров жана Равшан Жээнбеков. "Азаттыктын" коллажы

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып Бишкектеги тергөө абагында отургандардын арасынан төрт саясатчы моралдык басымга туш болуп жатканы тууралуу билдирүү таратышты.

Жаза аткаруу кызматы абактагылар мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, мыйзам бузууларга жол берилбей турганын билдирип жатат.

"Биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз"

Абактагы саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Жеңиш Молдокматовдун колу коюлган, элге, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон кайрылуу Фейсбукка 4-сентябрда жарыяланды. Анда Кемпир-Абад ишине айыпталгандар менен абак кызматкерлеринин ортосунда тиреш болгону жазылган.

"2023-жылдын 2-сентябрында, эртең мененки саат 8:30дан 18:30га чейин кемпирабадчылар менен тергөө абагынан кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болду. Ага себеп, кемпирабадчыларды күч менен ар кайсы камераларга которуу буйругу К.Ташиевден ЖАМК аркылуу келгени тирешүү мезгилинде билинип калды. Кечки саат 18:30да гана абак кызматкерлери менен кемпирабадчылардын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чыңалган тирешүү токтотулуп, Бекназаров, Кадыров, Молдокматов жарым жер төлөгө биринчи кабатка түшөрү, калганы өз камераларында калары убактылуу чечилди", - деп жазылган анда.

Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууда ал Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган.

"Үч кемпирабадчы түшүрүлгөн 1-кабаттагы жарым подвалда (жер төлөдө) камералар ремонттон өтпөгөн, нымдуулугу жогору, дубалдары менен шыбынан шыбактары көчүп турган, полундагы бетондору жыртылган, ремонттон өтпөгөн абалда экен. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз. Биз аздыр-көптүр өзүбүз ремонттоп алган камералардан эч бир себепсиз, негизсиз буйрук менен которуштурууну УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин тергөө абагынын ички ишине кийлигишүүсү жана кемпирабадчыларды сындыруу максатында кыйноо, зомбулук деп баалайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматты Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаев "Азаттыкка" ырастады. 5-сентябрда Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасында видео да жарыяланды.

Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров Фейсбук аркылуу УКМК төрагасы Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, тууганын атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кеткенин билдирди:

"Сизден сураныч, мындай адилетсиздикке жол бербеңиз. УКМКнын кызматкерлери Ыманкулов Нышанбай деген инимди күнөөлөп алып кетишти. Фейсбуктагы Азимбек Бекназаров аккаунту атамдын өзүнө тиешелүү. Ал фейк аккаунт эмес. Ал аккаунттан чыгып жаткан материалдардын ар биринин кол жазмасы дагы бар. Ал кол жазмалар, чыгарылып жаткан посттор атамдыкы экенин атам танбайт. Азимбек Бекназаров аккаунту фейк эмес, өзүнүн расмий баракчасы", - деди ал.

Бекназаровдун билдирүүсү боюнча УКМКнын жетекчилиги жооп бере элек.

Равшан Жээнбековдун билдирүүсү

1-сентябрда абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар

Жээнбеков тергөө абагынын кызматкерлери ал жаткан жерди себепсиз тинтип, өзүн сыз, муздак, шарты жок камерага камашканын, ден соолугу мындай камерада кармаганга жол бербесин маалымдаган. Саясатчы мындай мамилени "тергөө абагынын жетекчилери УКМКнын буйругу менен жасап жатышат" деп белгилеген.

Жаза аткаруу кызматы Жээнбековдун, Бекназаровдун айткандарын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева 4-сентябрда "Азаттыкка" абактарда кыйноого жол берилбесин айтты.

Ызаат Тургунбаева
Ызаат Тургунбаева

"Абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармалат. Эч кандай кыйноолорго жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент да көзөмөлдөп турат", - деди Тургунбаева.

"Оңдоого байланыштуу которулуптур"

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Жээнбековдун кайрылуусунан соң 2-сентябрда тергөө абагына барышкан. Аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" буларды айтып берди:

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Жээнбеков тергөөгө кеткенби же адвокатына жолукканы чыкканбы, айтор өзүнө жолуга алышкан жок. Бирок ал которулган камерага кирип, шарттары менен таанышып келишти. Камерада жылуулук 24,9 градус экен, бирок нымдуулук бар дешти. Жээнбеков мурда отурган камерасы оңдолуп жатканына байланыштуу которулганын айтышты".

Жээнбеков укугун коргоп берүүнү өтүнүп, Акыйкатчыга да кайрылган. Адам укугун коргоочу мекеме саясатчынын кайрылуусунан соң абакка барып, мониторинг жүргүзгөн. Акыйкатчынын соттук чечимдер бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев Жээнбековдун өзү менен жолукканын "Азаттыкка" билдирди:

"Биз ишемби күнү №1 тергөө абагына бардык. Саясатчынын өзүнө да жолуктук. Ал дооматын айтты. Ошондой эле абакта кармалып турган башка адамдар менен да аңгемелешүү болду. Дээрлик баары эле камералардын сыздыгына, шарттын жоктугуна даттанып жатышты. Биз бул боюнча тиешелүү актыларды түзүп, Биринчи Май райондук сотунун төрагасына, Жогорку Соттун төрагасына өзүбүздүн өтүнүчтөрдү жибердик".


Кыргызстанда кыйноо фактыларын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Башкы прокуратура жана УКМК иликтейт. Жээнбековдун билдирүүсүнө азырынча УКМК да, Башкы прокуратура да жооп бере элек.

Равшан Жээнбеков - Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип, кийин камалган отузга жакын адамдын бири. Алар 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан.

“Кантишти экен досторум абактагы...”
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:04 0:00

Үй камагына чыккандардын айрымдары да тергөө абагындагы шарттын жоктугунан, сыз, суук камераларда кармалып туруп, ден соолугу начарлаганын билдиришкен.

"Абактагы абалдын өзү - кыйноо"

Кыйноолорго каршы улуттук борбор быйыл жазында өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайлардагы жана тергөө абактарында укук бузуулар болуп турганын иликтеп, аныктаган. Маалыматта аймактардагы милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда сот чечими менен тергөө абагына камоого жиберилген шектүүлөр отурганы, көпчүлүк убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө абактарында муздаткыч, желдеткич, душ, ажаткана иштебей турганы, санитардык ченемдер сакталбаганы жазылган.

Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков абактардын абалы өтө начардыгын, шарттар дээрлик жоктугун "Азаттыкка" ырастады.

"Жаза аткаруу тутумунда кыйноолор жок. Бирок башка бир мекемелердеги изолятор же убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор болгон учурлар кездешет. Биздин борбор канча жылдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагынын абалын өтө начар деп баалап келишет. Өкмөт жаңы кабыл алынган жол картасынын негизинде бул тергөө абагы бузулуп, жаңыдан курулат деп маалымдаган. Бул катаал шарттар бүгүн эле пайда болгон жок, качантан бери эле оңолбой келе жатат".

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Кыргызстанда жабык жайларда аялдар түрдүү зордук-зомбулукка дуушар болуп, укуктары көп бузуларын да маалымдап келет. Мекеменин маалыматында аялдар сексуалдык ыдыкка, кыйноолорго, орой, катаал мамилеге, психологиялык эле эмес, күч колдонулган зомбулукка туш болушары, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында шарт жоктугу, жуунуучу жайлар өзүнчө бөлүнбөгөнү жазылган.

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр бир жыл ичинде 207 арыз түшкөн. Алардын 82си кыйноо боюнча: ырайымсыз мамилеге байланыштуу 62, камак шарты боюнча 22 арыз-даттануу болгон.

Акыркы үч-төрт жыл аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден көз жумгандардын саны он адамдан ашкан, анын ичинде бир жашы жете элек өспүрүм набыт болгон. Укук коргоочулардын маалыматына таянсак, жабык мекемелерде кармалып тургандардын түрдүү жарааттардан улам өлүмгө дуушар болгонун, алардын ичинде бычактан жана ок атуучу куралдан алган жарааттан, токмоктон жабыркап, алты адам көз жумган.

Кыргызстандагы тергөө абактары жана убактылуу камоочу жайлардын саны жетишсиздигин жана абалы начар экенин укук коргоочулар белгилеп келет. Эки жыл мурун өлкөдөгү тергөө абактарына жана убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жүргүзгөн "Кылым шамы" уюмунун билдирүүсүндө тергөө абактарынын айрымдары 120 жыл мурда курулган. Алар авариялык абалда экенине карабай, учурда да кылмышка шектүүлөр кармалып турат.

Өлкөдө жалпы жети гана тергөө абагы бар, алар бардык кылмышка шектүүлөрдү камоого тардык кылат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG