Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Кемпир-Абад иши сотко өттү, 16 кишинин абактагы мөөнөтү узарды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып кармалгандар. Коллаж.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып кармалгандар. Коллаж.

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өттү. Бишкек шаардык соту алдын ала соттук угуу 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда өтөрүн билдирди. 19-июнда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарганы белгилүү болгон.

Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын, алдын ала угууда бир катар маселе караларын жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

“Мыйзамсыз топтолгон материалдарды иштен жок кылуу, кармалып тургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү, ишти кыскартуу өтүнүчү келтирилет. Албетте, кылмыш ишиндеги "жашыруун" грифин алып салып, отурумдарды ачык өткөрүүнү да сунуштайбыз. Жогору жактан басым болбосо эле гриф алынып, иш ачык каралат деп ойлойм. Анткени мында эч кандай жашыруун сыр жок”.

"Баарын дароо актап салышы кыйын"

Коомчулукта Кемпир-Абад иши деп аталган, массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп шек саналган 27 кишиге кылмыш иши козголгон. Башында баары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин ар кандай жагдайда алардын 11и үй камагына чыккан. Азыр аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта жатат.

Шек саналгандар сегиз айга созулган тергөө учурунда эч кандай сурак болбой жатканын айтып, бири да күнөөсүн моюнуна алган эмес. Орто жолдо абактагы саясатчы, активисттер жана укук коргоочулар ачкачылык жарыялап, бийликтен аларды бошотууну талап кылышкан. Алар өздөрүн саясий туткун экенин айтып келсе, ИИМ абактагылардын кылмыш кылганын далилдей турган материалдар жетиштүү экенин билдирген.

Быйыл январь айында ИИМдин Тергөө башкармалыгы Кемпир-Абад ишине “жашыруун” грифин бергени белгилүү болгон. Муну менен макул болбогон адвокаттардын каршы арызы сотто колдоо тапкан эмес.

Май айында айыпталгандардын жакындары 12 жарандын үй-мүлкүн камакка алуу аракети көрүлүп жатканын билдирип чыгышкан. Абакта жаткан Жеңиш Молдокматов менен Эрлан Бекчоро уулунун жактоочусу Кантемир Турдалиев ишке "бийликти күч менен басып алуу" деген берене кошулганын, анда мүлкүн конфискациялоо аракети бар экени менен түшүндүргөн. Ошонун негизинде 12 кишинин мүлкү камакка алынганы белгилүү болгон. Бирок Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат берген эмес.

Ушундай көрүнүштөр менен коштолгон, узак мөөнөттө аяктаган тергөөдөн кийин сотко жеткен кылмыш ишине эми кандай чечим чыгат деген суроо турат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова төмөнкүдөй божомолу менен бөлүштү.

“Бир эле Кемпир-Абад эмес, башка кылмыш боюнча да мыйзамсыз кармалып отургандарга карата абакта жатканы камтылып, дароо актоо чечими чыкпайт. Себеби толук акталганда аларды кармагандар, камап тургандар жана ушундай чечим чыгаргандар, соттун чечимдери жокко чыгарылып, аларды жоопко тартуу керек болуп калат. Ошол үчүн да абактагыларды айыптаган чечим чыгат. Бирок бул алар күнөөсү далилденди дегенге жатпайт”.

"Жашыруун" бойдон сотко өткөн иш

Кемпир-Абад иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү менен коомчулукта тергөө жана абактагыларга коюлган кылмыш иши тууралуу маалымат жок. Анткени бул ишке "жашыруун" гриф коюлган. Айыпталуучулардын адвокаттары алдын ала соттук угууда грифти алып салуу өтүнүчүн келтире турганы да маалым болду. Эгер ал өтүнүч четке кагылса, соттук отурумдар да жабык өтөт.

"Иш жабык каралганда коомчулук толук маалымат ала албайт. Иш кандай изилденип жатат? Сот ар тараптуу карап жатабы? Муну керек болсо жалпыга маалымдоо каражаттары да кирип көрө албайт. Сот канчалык акыйкат чечим чыгарары ишти Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык карайбы, ошого жараша билинет. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз иштер же аракеттер болсо, адвокаттар бул маселе боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына айтып чыгууга укугубуз бар", - деди абактагы Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Тимур Султанов.

Сотту ачык өткөрүү тууралуу жарандык коомдун талабына бийлик азырынча жооп бере элек. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иш ачык каралышы керек деп айтып келет:

“Сот отурумдары жабык өтө турган болсо, коомчулуктун ишеними дагы жоголот. Ошол үчүн отурумдар ачык өтүшү керек. Бийлик бул жагын кандай чечет, билбейм. Азыр бийлик бардыгын жабык караганга аракет кылып жатпайбы”.

Бийликтин позициясы

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан. Бийлик бул чечим толугу кыргыз тараптын пайдасына чечилген деп эсептейт.

Президент Садыр Жапаров андагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып камакка алынгандардын аракетин буга чейин бир нече ирет айыптаган. Акыркы ирет бул маселеге 12-майда Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушууда кайрылган:

“Оппозиция болуп чыкканда да жүйөлүү чыксаңар бир жөн. Биз жердин баарын берип жиберип, туура эмес кылып жатсак анан чыксаңар, булар туура эле чыгып атат, кой, кокуй деп тартынат элем.[...]Коомго зыян бере турган ишти кылып жатса, биз эмнеге башынан сылап отурушубуз керек?”.

Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошулганы март айында белгилүү болду. Бул көрсөткүч Кыргызстанда сөз эркиндиги маселеси күн тартибинде турган учурда жарыяланды. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого улам чакырып келүүдө.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун бийлик бул чакырыктарга көңүл буруп, адам укуктарын коргоону колго алышы керек дейт.

“Бул адам укугуна, сөз эркиндигине, демократиялык чоң сокку болду. Бийлик эми алдыдагы сот жараяндарына, укук коргоо органдарынын ишине такыр кийлигишпеши керек. Президент баштап калыстыкты көрсөтүп, сот отурумдарын ачык өткөрүп, түз эфирге көрө тургандай, сот көз карандысыз чечим кабыл ала тургандай шартты түзүү керек. Бийлик жүзүн сактап калам десе, ушуга барышы керек”.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана бул баалуулукту коргой турганын улам кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG