Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Кемпир-Абад иши: камактагы беш кишинин бөгөт чарасы өзгөрбөдү


Бишкек шаардык соту 2-майда камакта калтырган саясатчы, укук коргоочу жана активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова
Бишкек шаардык соту 2-майда камакта калтырган саясатчы, укук коргоочу жана активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова

Бишкек шаардык соту 2-майда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган 16 активист, саясатчы жана укук коргоочулардын айрымдарынын бөгөт чарасын карады. Активисттер Рита Карасартова, Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, саясатчы Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн 20-июнга чейин узарткан Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калды.

Абактагылардын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрыла турганын билдиришти.

Шаршегүл Аманова соңку алты айдан бери күйөөсү Эрлан Бекчоро уулуна байланыштуу ар бир соттук отурумдарга катышып келе жатат. Ал жашы жете элек балдарын жарым жылдан бери жалгыз багууга аргасыз болгонун айтып берди:

Шаршегүл Аманова
Шаршегүл Аманова

"Эрлан камалгандан бери эс тартып калган кызым "атам кайда, алкачан келет?" деп тынбай сурап жатат. Ар бир соттук жараянга чоң үмүт менен келип, балдарымдын атасын үйгө ээрчитип барам деп үмүттөнөм. Бирок, чечим чыккандан кийин аны кантип балага түшүндүрөм деген ой мени жейт. Үйгө кире албай убара тартам. Бул жолу да биздин үй-бүлө үчүн оор болуп турат, балдарымдын атасы камакта калды".

Бишкек шаардык сотунун 2-майдагы чечими менен Эрлан Бекчоро уулунун камактагы мөөнөтү 20-июнга чейин узарды.

"Мыйзамсыздык жана адилетсиздик башталгандан бери Эрлан балдарын көрө элек. Бир туугандарыбыз, мен жана апам Эрлан менен сотто гана көрүшөбүз. анда да 5-10 мүнөт гана убакыт берилет. Албетте, Эрлан чыгат дечи. Бирок, эч кандай күнөөсү жок жерден камакта калып атат. Жараткан берген жашоосунун алты айдан ашыгын абакта өткөрдү. Ден соолугу кетип атат, биз болсо кыйналып жашап атабыз. Ал үчүн ким жооп берет?", - деп суроо салды активисттин аялы Шаршегүл Аманова.

Ага алгач Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде айып таккан, 26-апрелде болсо "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде экинчи айыбын угузган.

Активисттин адвокаты Кантемир Турдалиев шаардык соттун аныктамасы мыйзамсыз экенин билдирип, эл аралык уюмдарга кайрыла турганын бүгүнкү жараяндан кийин "Азаттыкка" билдирди.

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

"Биринчи Май райондук сотунун токтомуна каршы арыз жазып, соттук коллегиядан укуктук талаага келүүнү сурандым. Бул жерде укуктук талаа таптакыр бузулган. Кылмыш-жаза кодекси да бузулуп атат, Эрлан үй камагына чыгышы керек болчу. Анткени бул кодекстин 114-беренесинин 1-бөлүгүндө "бөгөт чарасы катары камоо башка кыйла жеңил бөгөт чарасын кабыл алууга мүмкүн болбогондо колдонулат" деп турат. Эки кичинекей баласы бар, тек-жайы аныкталган, бирок сот аны карабай койду. Менин баамымда, бул саясий иш болуп кетти. Ошондуктан чечим өзгөртүүсүз калтырылды. Бишкек шаардык сотунун аныктамасы даттанууга жатпагандыктан, Жогорку Сотко кайрылбайбыз. Бирок эң кызыгы - тергөө Эрланга дагы бир айып тагып, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде дагы бир айып такты. Эрлан Бекчоро уулу бийликти басып алайын деген эмес, ага чакырыктарды да жасаган эмес. Бул акылга сыйбай турган айып, бул саясий гана өңүттөгү иш. Азыр бейөкмөт уюмдары аркылуу Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандардын адвокаттары чогулуп, арыз жазып атабыз".

Кемпир-Абад иши боюнча камалган алты аял активисттин бешөө үй камагына чыгып, укук коргоочу Рита Карасартова гана абакта калды. Эки баланын энеси Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын кароо апрелде үч жолу жылып отуруп, соңунда УКМКнын тергөө абагындагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылган. 2-майда сот анын адвокатынын да арызын четке кагып, райондук соттун токтомун күчүндө калтырды.

Карасартова боюнча Бишкек шаардык соту аныктама чыгаргандан кийин аны менен жакындары сүйлөшө алган жок. Ал күч кызматкерлердин жетегинде кетип бара жатып, өлкөдө сөз эркиндиги өчпөй турганын айтты.

Рита Карасартова. 2-май, 2023-жыл.
Рита Карасартова. 2-май, 2023-жыл.

"Сөз эркиндиги болот! Кыргызстан эч качан авторитардык мамлекет болбойт! Өлкөдө эркиндик болот, баары жакшы болот. Эч нерсе өзгөрүлө элек, тергөө баягыдай эле жүрүп жатат".

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Карасартованын абактагы мөөнөтүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Рита Карасартованын камакта калтырылышы мени өкүндүрөт. Анын жолдошу бир нече жыл мурда каза болуп, жашы жете элек уулу үйдө эне мээримине муктаж болуп отурат. Ританын өзүнүн да богок оорусу бар, ал дайыма дары ичип туруш керек. Улгайып калган апасы бар. Ушундай жагдайларды да сот эске алган жок. Негизи эле Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган 27 адамдын ичинен үй камагына чыккандардын бири да мыйзам буузуга барган жок, алар качып, башка мамлекетке чыгып, кандайдыр бир массалык башаламандык уюштуруп жиберген жок. Рита да үй камагына чыгып, үйүнө кетсе коркунучтуу эч нерсе болуп кетмек эмес. Тергөө айрымдарын гана "үй камагына чыгаруу" өтүнүчүн келтирип атканы суроо туудурат. Рита саясатчы эмес, ал камакта отургандардын арасындагы жалгыз гана укук коргоочу. Ал бийликти басып алууну, президент болууну көздөгөн жок. Ал өмүрүн адам укугуна арнаган адам. Кыргызстанда соттук реформага көз салып, сотторго элдин ишеними артсын деген аракет менен жүргөн. Кемпир-Абад боюнча ратификация бүттү, президенттер кол коюшту, иш бүттү. Ошондуктан активисттерди камакта кармоого негиз жок. Рита Карасартованы "актагыла" деп суранган жокпуз, болгону үй камагына чыгарып бергиле деп атабыз".

Шаардык сот бул күнү саясатчы Равшан Жээнбековду, активисттер Акыл Айтбаев менен Илгиз Шаменовду да камакта калтырды.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын айрымдарынын бөгөт чарасы каралган учурда Govori TV порталынын кабарчысын сот имаратынан тартип сакчылары күч менен чыгарып салышты. Журналист Сот департаментине жана Биринчи Май райондук милициясына арыз жазганын айтты. Кийинчерээк Сот департаменти кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Апрелдин ортосунда Биринчи Май райондук соту 10го жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 киши тергөө абагында калган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган. Былтыр октябрь айынын этегинде жалпы 27 киши кармалган болчу.

Кыргыз бийлиги Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар өздөрү күнөөлүү экенин айтып келет.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Камалгандар Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылгысы келгенин", жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин белгилеген.

"Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Кийлигишпегеним үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам".

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар "саясий куугунтукка" кабылганын, тергөөнүн айрым жагдайларына нааразылыгын сотко келген сайын билдиришет.


Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Алгач баары "Массалык башаламандыкка” шектелип кармалса, кийинчерээк 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы белгилүү болгон.

Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар, коомдук ишмерлер камалгандардын ишин калыс карап, аларды бошотууга кыргыз бийлигин үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG