Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын төрагасы Чжао Ган менен жолукту


Акылбек Жапаров Чжао Ган менен. Бишкек, Кыргызстан. 2024-жылдын 30-апрели.
Акылбек Жапаров Чжао Ган менен. Бишкек, Кыргызстан. 2024-жылдын 30-апрели.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганды кабыл алды.

Жапаров былтыр май айында Сиань шаарында «Кытай-Борбор Азия» саммити өткөнүн айтып, президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы барагы ачылганын белгиледи.

Ал Кыргызстан Шэньси провинциясы менен Улуу Жибек жолу аркылуу байыртадан бери байланышып келгенин белгиледи.

Жолугушууда Сиань шаарынан башталган байыркы Улуу Жибек жолун эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу калыбына келтирет деген ой айтылды.

Чжао Ган иш сапар биргелешкен долбоорлорду талкуулоого, кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деп билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык мамилелер, инвестициялык долбоорлор тууралуу сөз болуп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Шэньсиге экспорттоо, туризмди, айыл чарба, энергетика тармактарындагы кызматташуу талкууланды.

Кытай Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири, коңшу мамлекеттен көп товар ташылып келет, акыркы эки жылда автомашина ташып келүү эселеп өстү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG