Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

Эки күндүн бери Одессага ракеталык сокку урулууда


Орусиянын чабуулуна кабылган Одессадагы окуу жайдын имараты. 2024-жылдын 29-апрели.
Орусиянын чабуулуна кабылган Одессадагы окуу жайдын имараты. 2024-жылдын 29-апрели.

Кечээ, 30-апрелде кечинде Украинанын Одесса шаарына кайрадан ракеталык сокку урулду. Жергиликтүү телеграмм каналдардын маалыматы боюнча, бул ирет да дүйшөмбү күндөгүдөй эле кассеталык ракеталар колдонулду. Дүйшөмбүдө чабуулдан беш адам курман болгон эле.

Шейшембидеги чабуулдан көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкты.

Ал арада кечээ Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн аймагында орусиялык күчтөрдүн кол салуусунан эки адам каза тапканын облустук прокуратуранын өкүлү Анастасия Медведева билдирди.

Анын айтымында, Краматор районунун Калиново айылынын 71 жаштагы тургуну өз үйүндө каза болду. Ал эми Покровка районунун Новоалександровка айылына да сокку урулуп, анын кесепетинен бир аял өз короосунда көз жумду.

30-апрелде Норвегия Украинага бере турган жардамын дагы жети миллиард кронго (633 млн доллар) көбөйтүп, жалпы жардамдын көлөмүн 22 млрд кронго жеткирди. Өлкөнүн премьер-министри Йонас Гар Стёреге шилтеме берип таратылган маалыматта жардам Украина үчүн эле эмес, жалпы Европанын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү экени айтылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жардам үчүн Норвегияга ыраазычылык билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG