Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

30-апрель: Мадумаровдун арызы, Атазовдун мандаты, Ооганстандагы кол салуу


Адахан Мадумаров жана Шайлообек Атазов. Коллаж.
Адахан Мадумаров жана Шайлообек Атазов. Коллаж.

30-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Экс-депутат Адахан Мадумаров шаардык сотко арызданды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу ал “Азаттыктагы” маегинде айтты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Ал эми өкүм боюнча апелляциялык арыздын мөөнөтүнө байланыштуу прокуратура менен саясатчынын пикири эки ача болууда.

Жогорку сот Шайлообек Атазовду мандаттан ажыратты

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Андан тышкары БШК 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылат. Боршайком соттун акыркы токтому тууралуу комментарий бере элек.

Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалды

УКМК “Беш-Сары” компаниясынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаева кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишканада өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Наргиза Жолдошбаеванын атасы Камчыбек Жолдошбаев “салык төлөөдөн качуу” жана “алдамчылыкка” шек саналып кармалганын быйыл февраль айында кабарлаган. Экс-депутат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун - 150 млн сом төлөп берди деген негиз менен 19-апрелде Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Быйыл кызамыктан эки бала чарчап калды

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл кызамыктан (корь) эки бала чарчап калды. Экөө тең эки жашка толо элек болгон. Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы өлкөдө 7 046 кишиге кызамык жукса, быйыл 17-апрелге карата кызамык жуктургандар 8 209 адамга жетти. Былтыр бул оорудан 9 бала чарчап калган.

Ооганстанда мечиттеги кол салуудан жети киши мүрт кетти

Кандуу окуя 29-апрелдин кечинде Герат провинциясында болгон. Мүрт кеткендер арасында мечиттин имамы жана бир бала бар экени кабарланды. Ооган өкмөтүнүн башындагы “Талибан” кыймылы азырынча эч кандай маалымат бере элек. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кеткен. Ошентип, 20 жылдан кийин бийлик кайрадан "Талибандын" колуна тийген. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек.

ХАМАС Газа боюнча сунушту изилдеп жатканын билдирди

Газа секторундагы атышууну 40 күнгө токтотуу тууралуу сунушту изилдеп жатканын ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) билдирди. France-Presse агенттиги (AFP) кабарлагандай, Израил ХАМАСтын колунда жарым жылдан бери барымтада кармалып турган адамдардын бошотулушу үчүн Газадагы аскердик операциясын 40 күнгө токтотууга макул болууда. Бул күндөрү Жакынкы Чыгышта иш сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин мындай сунушун “өтө эле кең пейилдик” деп атады жана ХАМАСты аны кабыл алууга чакырды.

Байден Путинди журналисттер Курмашеваны жана Гершковичти тез арада бошотууга чакырды

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын башчысы Владимир Путинди орус абагында отурган журналисттер Алсу Курмашеваны жана Эван Гершковичти эркиндикке чыгарууга чакырды. "Журналистика кылмыш эмес экени анык – бул жерде да, ал жакта да, дүйнөнүн кайсы бир жеринде болсо да. Путин Эван менен Алсуну тез арада бошотушу керек", — деди Байден Вашингтондо Ак үйдө журналисттер менен жолукканда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, журналист Алсу Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери Казанда камакта отурат. "Мемориал" укук коргоо долбоору аны саясий туткун деп жарыялаган. The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы, тыңчылыкка айыпталып жаткан 32 жаштагы америкалык Эван Гершкович жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке каккан.

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамы парламентте экинчи окууда карала баштады

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирди. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айтты. Мыйзам "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Грузияда каржылоосунун 20% көбү сырт жактан келүүчү уюмдар атайын каттоодон өтүшү зарыл болот. Грузин парламентиндеги азыркы талкуу оппозицияны жана эркин журналисттерди чектөө менен коштолууда. Миңдеген кишилер мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, борбор калаа Тбилисиде бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. 29-апрелде бийлик аларга каршы митинг уюштурду.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG