Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Кемпир-Абад иши: камакта калгандардын сыны, бийликтин жүйөсү


Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагындагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылгандар. Сүрөт 17-апрелде тартылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагындагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылгандар. Сүрөт 17-апрелде тартылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2023-жыл.

Биринчи май райондук соту 19-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган жарандык активист Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Райондук сот буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган.

17-апрелде бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жеткирилген учурда саясатчы Жеңиш Молдакматов дээрлик алты ай ичинде эки жолу гана тергөө иштери жүргүзүлгөнүн айтты:

Жеңиш Молдакматов
Жеңиш Молдакматов

"37 тергөөчү бул убакыт аралыгында эч нерсе таба алган жок. Сот чыгарган токтомун окуп жаткан учурда мен отурдум, себеби биздин өлкөдө алардын адилетсиздиги туу чокусуна жетти. Бирок биз күрөштү улантып, акыйкаттыктын орношун күтөбүз. Мен соңку эки жылдан бери бийликтин кысымында жүрүп атам, алардын айласы кеткенде Кемпир-Абад тууралуу ишти токуп чыгышты. Камакта калтыруу чечими чыгары алдын ала эле белгилүү болгон".

Ушул эле күнү камактагы 15 кишини сот 20-июнга чейин тергөө абагында камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Ушул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 17-апрелде Шаменовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Саясатчы Равшан Жээнбеков сотко кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп бергенде бул ишти саясий буйрук деп атады:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

"Адилетсиздик адилеттүүлүктү камап атат, жалган чындыкты камап атат. Мекенин сүйбөгөндөр мекенин сүйгөндөрдү камап атат. Булардын бардыгы келечекте түрмөгө отуруп, кылганы үчүн жооп бериши керек. Соттордун бары көз каранды, аларга биз тууралуу алдын ала буйрутма келген. Кемпир-Абад ишинде эч кандай далилдер жок".

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу, блогер Али Шабдан да камакта калышында саясий өңүт бар экенин айтып жатышты.


Ал эми Бектур Асанов Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Райондук соттун чыгарган чечимине каршы камактагылардын жактоочулары беш күндүн ичинде шаардык сотко аппелациялык арыз менен кайрыла турган болушту. "Азаттыкка" Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Тимур Султанов буларды билдирди.

Тимур Султанов
Тимур Султанов

"Сот калыс болбой, биздин жүйөлөрдү укпай, иштин материалдары менен таанышпай, изилдебей туруп, тергөө алып келген өтүнүчкө "макул" деп, кол коюп берди. Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-беренесинде "камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы узартылып атканда тергөө негизги жүйөлөрүн келтириши керек" деп жазылган. Бирок тергөө келтирген өтүнүчүндө аны негиздеп бере алган эмес, сотто деле ошондой көрүнүш болду. Ошол эле беренеге ылайык, буга чейин бөгөт чарасы узартылып, эки айда тергөө амалдары жүрбөгөн болсо, жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылышы керек. Өзүңүздөр билгендей тергөө жакшы жүргөн жок, суракка болгону 2-4 жолу гана чакырган. Бул тууралуу камакта отургандар да айтып атышат".

17-апрелде сот бөгөт чарасын карагандардын арасында депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бар.

Соттун 12-апрелдеги чечимине ылайык, саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев, активисттер Чыңгыз Капаров, Таалайбек Мадеминов 20-июнга чейин үй камагына чыгарылган.

Бул иштен улам кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев камактагылардын үй камагына чыгарыышын кубаттап, ошол эле кезде алардын арасында бийликти алмаштырууга чакырык жасагандар болсо жоопко тартылыш керек деп эсептейт:

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Өкмөттү, президентти мыйзамдуу жол менен гана алмаштырыш керек. Мыйзамсыз чакырык жасагандар катуу жаза алышы керек деп эсептейм. Бирок сөз эркиндиги, журналисттер кысымга алынбай, өз оюн эркин айткандар камакта калбашы керек. Мисалы, азыр Кемпир-Абадга байланыштуу камалгандардын арасында журналисттер бар, бул өкүнүчтүү. Ошондуктан тергөө кылмышты так жана даана аныктап чыгышы керек. Мен өзүм төрт жолу бийликтегилерге кайрылуу жасап, интернетте пикир жазгандарды бошотуп коюуну өтүнгөн элем. Президент Жапаровго да кайрылып, бизге саясий мунапыс керек экенин, себеби "биз саясий туткун болуп калдык" дегендер бар экенин айткам. Ага тилекке каршы жооп болгон жок. Мен азыр да айтам, балким 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата болобу, айтор саясий мунапыс берип, камактагыларды чыгаралы, Жогорку Кеңеш бул иштерди колдоп берүүгө даяр".

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын тагдыры кыргыз коомунда талкууланган негизги тема бойдон калууда. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев алардын барын үй камагына чыгарып койсо болмок деген пикирде.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Эгер силер да түрдүү акцияларга чыгып, кандайдыр бир митинг, пикеттерди уюштурсаңар, анда силер да ушундай камаласыңар" деген таризде буларды камакта калтырды. Тынч жыйынга чогулуп, Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккандарды алты айдан бери ар кандай шылтоолоп камакта кармап отурганы менен эч кандай далил таба алышкан жок. Эми буларды үй камагына эле чыгарбастан, баарын акташ керек. Бул бийликке да чоң аброй алып келмек. Экинчиден, биз мыйзамдын иштегенине күбө болот элек. Үй камагына чыгарса деле эч коркунуч жок болмок, себеби алар абалды дестабилизация кыла тургандай бир нерсе уюштура албайт, үй камагында деп айтылганы менен ага коюлган талаптар, шарттар деле оор".

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" бул иштен улам айыпталгандар боюнча комментарий берген учурда өлкө жарандары мыйзамдуулукту жана соттун чечимдерин сыйлооого үйрөнүшү зарыл деген оюн айтты:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Соттун, тергөөнүн ишине азыр биздин өлкөдө эч ким кийлигишпейт, муну коом өзү деле көрүп турат. Президент Жапаров да соттордун ишине тоскоол болбогула деп атат. Демек, бардык иштер мыйзамдуу жүрүп атат деп эсептейм. Азыр киши өлтүргөн кылмышкер деле "күнөөм жок" деп айта берет, эч бир кылмышкер жасаганын моюнуна албайт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азыр камакта отургандар күнөөсү жок экенин сотто, тергөөнүн жүрүшүндө далилдеши керек. Биз укуктук талаага түшө албай атабыз. Бирок кандай болгон күндө да укук талаасында жашаганга үйрөнүшүбүз керек. Азыр камактагылардын айрымдары Садыр Жапаровдун өзү камакта болгонун айтып жатышат. Бирок мында башка маселе, Жапаров "Кумтөр" боюнча камалган. Анын ошол учурда көтөрүп чыккан маселеси туура болгону далилденди. Ал учурда тилекке каршы бийлик укук коргоо органдарынын, соттордун ишине аралашып келген. Азыр камакта отургандар болсо "бийликти күч менен басып алууга аракет кылды" деп камакта отурат, ошондуктан бул салыштыра турган иш эмес экенин айырмалап билишибиз керек. Мен албетте, аларды күнөөлүү же күнөөсүз деп айта албайм, аны укук коргоо органдары, чечим чыгара турган сот системасы аныктап чыгат".

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын айрымдарын үй камагына чыгарып, кээ бирин камакта калтырууда айрым тараптардын кызыкчылыгы бар экенин айтты. Ал 17-апрелде болгон сот отурумдарынын жүрүшүнө байкоо салуу максатында райондук сотко барган.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Кандай принцип менен камалгандары коомчулук үчүн деле түшүнүксүз болуп турат. Азы көбү эки же төрт жолу гана тергөөнүн сурагына чыкканын айтып жатат. Буларга "бийликти күч менен басып алуу" деген берене коюлуп аткандан кийин далили дароо көрсөтүлүшү керек эле. Бошоткондо дагы жарымын үй камагына чыгарып, жарымын камакта калтырышы жеке адамдардын жеке чечими, маанайына жараша болуп аткандай сезим калтырып атат. Бир иш болуп аткандан кийин чечимдер да бирдей болушу керек. Азыр адилетсиздик оркойуп көрүнүп калды. Оюн түз билдиргендер камакта калып, аларга өзгөчө бир мамиле жасалып атканы коомдо да айтылууда. Бул бара-бара тереңдеп, мамлекеттүүлүккө да кедерсигисин тийгизип, азыркы бийликтин мурдагылардан эч айырмасы жок экенин билдирет. Мындай көрүнүштөр эл аралык коомчулуктун көз карашында биздин өлкө обочолонгон, аброю түшкөн, авторитардык өлкөлөрдүн катарын толуктап калат. Азыр деле кедергиси тийип атат. Бир канча абройлуу уюмдар Кыргызстандан чыгып кетүүдө. Ири бизнес кетип жатканы да жашыруун эмес".

Кемпир-Абад иши боюнча жалпысынан 20дан ашык адам кармалган, алардын 16сынын абактагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылды. Калганы саламаттыгына байланыштуу үй камагында.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу бир нече жолу комментарий берип, бул маселеге акыркы чекитти сот коёрун билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90% жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм", - деген президент 17-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде.

Январь айында Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгени маалым болгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде парламентте сүйлөп жатып грифтин коюлганын мындайча түшүндүргөн.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө, Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирсе, оор иштер, өзгөчө оор иштер купуя тергелет, сотто да купуя каралат. Тергөөнүн аракети боюнча сотко кайрылышкан, анда сот "мыйзамдуу" деп чечим чыгарган. Бирок сот ошол жерде тергөөчүнү иштеги кайсы материалдар ачык, кайсы материалдар жабык каралышы керектигин бөлүп алууну милдеттендирген. Бул боюнча тергөө аракеттерди жасап атса керек. Эгер айыбы угузулуп, прокуратурага өткөрүлүп берилсе, биз мыйзамдуулугун карап чыгабыз".

Кемпир-Абад иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев да Жогорку Кеңеште 12-апрелде жооп берген. Ал депутат Дастан Бекешевдин суроосуна абактагыларга "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун айткан.

Камакта отургандар кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккандан кийин 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Коомчулуктун бир бөлүгүнүн чечкиндүү каршы чыкканына карабай Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин 27-январдагы Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында биротоло чекит коюлду. Өзбек бийлиги өз элине муну тарыхый утуш катары түшүндүрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG